Кайыңды шаардык кеңешинин – 1 «Кайыңды шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 4- кварталынын жыйынтыгы менен бюджетке ашыкча түшкөн акча каражаттарынын бөлүштүрүлүүсү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2025-жылдын 17-октябры № 40/XIV – 1
Кайыңды шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 4- кварталынын жыйынтыгы менен бюджетке ашыкча түшкөн акча каражаттарынын бөлүштүрүлүүсү жөнүндө
Кайыңды шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 9-айынын жыйынтыгы менен бюджетке ашыкча түшкөн акча каражаттарынын түшкөнүнө байланышту, Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы № 59 Бюджет кодексинин 13-беренесинин негизинде, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “ Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34 – беренесинин негизинде, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 27-октябрындагы № 125 “Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын 21- беренесинин, 8 - пунктунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022 - жылдын 1- августундагы № 266 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкерлерине жана муниципалдык кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” Жарлыгына ылайык, Кайыңды шаарынын мэриясынын “Кайыңды шаарынын мэриясынын 2025-жылынын 9-айынын жыйынтыгы менен өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү” жөнүндө кайрылуусун карап чыгып, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы,токтом кылат:
1. Кайыңды шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 4 – кварталына карата бюджетинин киреше бөлүгү- 48309,7 миң сомго көбөйсүн.
2. Кайынды шаарынын мэриясынын бюджетинин 2025-жылдын 4 - кварталынын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн акча каражаттары төмөнкү беренелерге жумшалсын:
- 70111 беренеси – “Аппарат” бөлүмү боюнча чыгаша бөлүгү – 22438,3 миң сом.
- 70629 беренеси “ММБ” - 5576,8 миң сом
- 3112 беренеси “Библиотека китеп фонду” – 37,7 миң сом
- 70911 беренеси “Улыбка” бала бакчасы – 17603,3 миң сом
- 70921 беренеси “Мектептер” – 1819,8 миң сом
- 70823 беренеси “Маданият бөлүмү” – 183,9 миң сом ар кандай иш -чараларды өткөрүүгө
- “Социалдык коргоо” беренеси – 150,0 миң сом
- “Каинды – Сервис” муниципалдык ишканасына – 500,0 миң сом субсидия берүүгө
3. Кайынды шаарынын мэриясынын, Кайынды шаардык кеңешинин, Кайыңды шаарынын мэриясынын китепканасынын кызматкерлерине жана Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн муниципалдык кызматкерлерине күзгү-кышкы жылытуу мезгилине даярдануу максатында бир эмгек акынын өлчөмүндө акча каражаты бөлүнүп берилсин
Ушул токтом ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине каттоо жана киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрилигине жөнөтүлсүн. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайыңды шаардык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага У.Б. Абдрасулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- КР 2022-жылдын 1-августундагы ПЖ № 266 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 01.08.2022 · № 266
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөЗакон · 27.10.2021 · № 125