Жайыл айыл аймагынын Жайыл айылдык кеңешинин «Участкалык шайлоо комиссияларынын резервине киргизүү үчүн талапкерлерди бекитүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
ЖАЙЫЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
8 Чакырым 9 сессия/8 созыв 9 сессия
2025-жылдын 25-августу № 28 Участкалык шайлоо комиссияларынын резервине киргизүү үчүн талапкерлерди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 30-июлундагы № 62 “Кыргыз Республикасындагы шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19 беренесинин 1-п.,5-п. ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу тартиби жөнүндө” жобо жана участкалык шайлоо комиссияларынын резервине көрсөтүлгөн талапкерлер жөнүндө протоколдорду жана маалыматтарды карап чыгып, Жайыл айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы
1. Шайлоочулардын чогулушунан № 7328, № 7338, № 7339, № 7340 участкалык шайлоо комиссиясынын резерви бекитилсин.
2. Жайыл айылдык кеңешикезексиз сессиянын токтомун, жыйналыштардын протоколдорун жана көрсөтүлгөн талапкерлер жөнүндө маалыматтарды Жайыл аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчысы Л.А.Төлөгөновага жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы
Чолпонкулов К.К.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.