Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Узун-Кыр айылдык кеңешинин 2024 жылдын 16-июлундагы № 28 /VI «Калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкаларын эсептөө үчүн экономикалык-пландалуучу зоналык коэффициентин бекитүү жөнүндө» токтому
УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
2024 жылдын 16-июлундагы № 28 /VI
Калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкаларын эсептөө үчүн экономикалык-пландалуучу зоналык коэффициентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 388-беренесинин 4-п. «Калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын ставкаларына» ылайык, Узун-Кыр айыл аймагынын киреше бюджетин жогорулатуу максатында, Узун-Кыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Зоналык коэффициент бекитилсин:
-Ново-Покровка айылы –1,4 -Сары-Жон айылы –1,4 -Ленинское айылы –1,4
- Жер-Казар айылы -1,4
- Төмөнкү Норус айылы – 1,4
- Дружба айылы – 1,4
2.Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык бөлүмүнө калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгын чогултууда аткарууга кабыл алынсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага К.Б.Сманов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3