Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 „Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрин бекитүү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 24-декабры № 823 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 "Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 "Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестринде:
- 3-главанын 3-пунктунда "Акы төлөнөт" деген сөздөр "Акысыз" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 4-главада:
72-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "
72
Диний уюмдарды, диний окуу жайларды, миссияларды, миссионерлерди, диний багыттагы объекттерди, диний кайрымдуулук фонддорун жана диний насаатчыларды эсептик каттоо жөнүндө күбөлүктөрдүн дубликатын берүү
ДИЭМУА
ДИЭМУА
Акы төлөнөт
"; төмөнкүдөй мазмундагы 83, 84, 85-пункттар менен толукталсын: "
83
Диний насаатчыларды эсептик каттоо/кайра каттоо жөнүндө күбөлүктөрдү берүү
ДИЭМУА
ДИЭМУА
Акы төлөнөт
84
Диний багыттагы объекттерди эсептик каттоо/кайра каттоо жөнүндө күбөлүктөрдү берүү
ДИЭМУА
ДИЭМУА
Акы төлөнөт
85
Диний кайрымдуулук фонддорун эсептик каттоо/кайра каттоо жөнүндө күбөлүктөрдү берүү
ДИЭМУА
ДИЭМУА
Акы төлөнөт
";
- 5-главанын 38, 39-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
38
Продукциянын фитосанитардык абалын жана анын белгиленген талаптарга шайкештигин баалоо максатында карантиндик жана жөнгө салынуучу карантиндик эмес зыяндуу организмдерди табуу жана идентификациялоо үчүн үлгүлөргө (сынамдарга) карантиндик фитосанитардык экспертиза жүргүзүү
САЧКӨМ
САЧКӨМ
Акы төлөнөт
39
Карантинге алынуучу продукциянын баруучу өлкөнүн карантиндик фитосанитардык талаптарына шайкештигин тастыктоо үчүн фитосанитардык жана реэкспорттук фитосанитардык сертификаттарды берүү
САЧКӨМ
САЧКӨМ
Акы төлөнөт
";
- 8-главанын 1, 5-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 26-декабрындагы № 102 (3759) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 "Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн…Постановление · 12.06.2024 · № 304
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндөЗакон · 17.07.2014 · № 139