1-берене
«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына («Эркин-Тоо» гезити, 2022-жылдын 16-ноябры, № 100-101) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 16-беренеде «жана анын орун басарларынан» деген сөздөр «, анын биринчи орун басарынан жана орун басарларынан» деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 25-берененин 4-бөлүгүндө «3төн» деген сөз «4төн» деген сөзгө алмаштырылсын;
3) 163-берененин 11-бөлүгүнүн биринчи абзацында «2026-жылдын 1-январынан тартып» деген сөздөр «2027-жылдын 1-январынан тартып» деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. «Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 16-январындагы № 2 (3762) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
2025-жылдын 24-декабрында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган