Кыргыз Республикасынын Президентинин ПТ № 169 (Кыргыз Республикасынын Президентинин тескемесине өзгөртүү киргизүү тууралуу) тескемеси
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 26-майы ПТ № 169
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын системалаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 70, 71-беренелерине ылайык:
1. (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 19-мартындагы № 115 тескемесине ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-июнундагы № 103 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган тескеме менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан дайындалуучу (бекитилүүчү) кызмат орундарынын номенклатурасына кирген бош кызмат орундарына дайындоо (бекитүү) үчүн талапкерлерди тандоо тартиби жөнүндө жободо:
- 4-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- бул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча резюме (аскердик кызматтын, укук коргоо кызматтын кызмат орундарына талапкерлер ушул Жобонун 11-тиркемесине ылайык форма боюнча резюме берет);";
- 8-пункттун жетинчи абзацы "Президенттин Администрациясынын башкармалыгынын начальнигинин" деген сөздөргө чейин "Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын," деген сөздөр менен толукталсын;
- 11-пунктта:
биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "11. Маектешүү Президенттин Администрациясынын тейлөөчү түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси, Президенттин Администрациясынын башкармалыктарынын начальниктери, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары, ошондой эле Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тейлөөчү орун басары (биринчи орун басары) тарабынан жүргүзүлөт."; төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын: "- Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары жок болгон учурда маектешүү Президенттин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басарларынын бири менен жүргүзүлөт (милдеттерди бөлүштүрүүсүнө ылайык);";
- 13-пункттун экинчи абзацы "Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүн" деген сөздөрдөн кийин ", Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарын" деген сөздөр менен толукталсын;
- ушул тескеменин 2-тиркемесине ылайык 11-тиркеме менен толукталсын.
| Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров | |
| 2-тиркеме | ||
| "Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан дайындалуучу (бекитилүүчү) кызмат орундарынын номенклатурасына кирген бош кызмат орундарына дайындоо (бекитүү) үчүн талапкерлерди тандоо тартиби жөнүндө жобого 11-тиркеме |
Бош кызмат ордун ээлөө үчүн талапкердин РЕЗЮМЕСИ (аскердик кызматтын, укук коргоо кызматтын кызмат орундарына талапкерлер тарабынан толтурулат)
| 1. Аты-жөнү | _______________________________________ _______________________________________ _______________________________________ | Фото | ||||
| 2. Туулган күнү жана жери: | _______________________________________ _______________________________________ _______________________________________ | |||||
| 3. Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгы ____________________________ ооба/жок) Башка мамлекеттин жарандыгы барбы: ____________________________ (ооба/жок), эгерде болсо, мамлекетти көрсөтүү ____________________________ | 4. Жашаган дареги: _______________________________________ _______________________________________ 5. Катталган жери боюнча дареги (4-пунктта көрсөтүлгөндөн айырмаланса) _______________________________________ _______________________________________ | 6. Байланыш маалыматтары: (телефон жана электрондук дареги) | ||||
| 7. Класстык чен: ____________________________ 8. Аскердик наамы: ____________________________ | 9. Мамлекеттик/ведомстволук сыйлыктар жана сыйлоолор (аталышы, документтин номери жана берилген дата): | |||||
| 10. Тилдерди билүүсү | Билүү деңгээлин көрсөтүү (эркин, базалык деңгээл: сөздүк менен, билбейм), билүүсү | |||||
| окуу | жазуу | сүйлөө | түшүнүү | |||
| Мамлекеттик (кыргыз) | ||||||
| Расмий (орус) | ||||||
| Чет тил (кайсынысын көрсөтүү) | ||||||
| Мамлекеттик тил боюнча сертификаттардын болушу (алынган датаны жана алган билиминин деңгээлин, баалоо шкаласын көрсөтүү менен) | ||||||
| 11. Билими. Толук маалыматты келтириңиз: | ||||||
| Окуу жайдын аталышы, жайгашкан жери, өлкө | Тапшырган жылы/айы | Аяктаган жылы/айы | Адистиги, окумуштуулук даражасы жана наамы | Аяктагандыгы/ыйгарылгандыгы жөнүндө документтин аталышы жана номери | ||
| 12. Квалификацияны жогорулатуу курстары (тематика, орду, мөөнөтү) | ||||||
| 13. Жарыялоолор (жарыялоолорду тиркебестен тизмектөө) | ||||||
| 14. Эмгек жолу. Бардык иштеген жерлерди биринчисинен баштап хронологиялык тартипте тизмектеңиз. Ар бир кызмат орду үчүн өзүнчө блокту колдонуңуз. Эгерде көбүрөөк орун керек болсо, ушундай өлчөмдөгү кошумча барактарды тиркеңиз. Негизги функциялык милдеттердин кыскача сыпаттамасы акыркы иштеген үч жери үчүн көрсөтүлүшү керек | ||||||
| Айы/жылы | Айы/жылы | Ээлеген кызмат орду | Иштеген жеринин аталышы (мекеме, уюм, ишкана ж.б.) | |||
| 15. Жубайы, жакын туугандары | ||||||
| Аты-жөнү | Тууганчылык даражасы | Туулган күнү (күнү, айы, жылы) | Туулган жери | Иштеген жери, кызмат орду | Жашаган дареги (катталган жери боюнча, иш жүзүндө) | |
| 16. Эгерде ушул резюменин 15-пунктунда көрсөтүлгөн адамдар болсо, төмөнкүлөрдү толук көрсөтүү керек: - оор же өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоюлбаган же алып салынбаган соттуулугу бар болсо; - белгиленген тартипте уюшкан топтордун, террористтик, экстремисттик же сепаратисттик уюмдардын мүчөлөрү деп таанылса | ||||||
| 17. Төмөнкүлөрдү көрсөтүңүз: 1) Сиздин мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугуңуз барбы _________ (бар/жок); 2) Сизге карата Сизди аракетке жөндөмсүз деп таануу же кызматчы катары иш жүргүзүүгө же мамлекеттик кызматтын белгилүү бир кызмат орундарын ээлөөгө тыюу салуу жөнүндө соттун чечими барбы __________ (бар/жок). 18. Мен эркин, түшүнүп, өз эрким менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдук берем _________________________________ колу | ||||||
".
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин…Положение · 14.06.2023 · № 103
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 19-мартындагы № 115 (Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым тескемелеринин күчүн жоготту деп таануу тууралуу) тескемесиРаспоряжение · 19.03.2026 · № 115
- Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 15-мартындагы ПТ № 43 (Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдындагы жер…Распоряжение · 15.03.2023 · № 43 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-июнундагы ПТ №103 (Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын…Распоряжение · 14.06.2023 · № 103
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 19-мартындагы № 115 (Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым тескемелеринин күчүн жоготту деп таануу тууралуу) тескемесиРаспоряжение · 19.03.2026 · № 115