Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Виртуалдык активдерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 31-декабры № 858
Виртуалдык активдерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө
Кыргыз Республикасында виртуалдык активдер рыногун өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Иштеп жаткан виртуалдык активдердин кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүлөр уставдык капиталынын минималдуу өлчөмүн
2026-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөткө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-сентябрындагы № 514 “Виртуалдык активдерди жүгүртүүдө келип чыккан мамилелерди жөнгө салуу маселелери жөнүндө” токтому менен бекитилген Виртуалдык активдердин тооруктарынын операторунун (криптобиржанын) иши жана виртуалдык активдердин тооруктарынын операторлорунун (криптобиржанын) реестрин жүргүзүү жөнүндө жобонун талаптарына ылайык келтирүүгө милдеттүү деп белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 6-мартындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-сентябрындагы № 514 “Виртуалдык активдерди жүгүртүүдө келип чыккан мамилелерди жөнгө салуу маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” токтомунун 2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын
1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-сентябрындагы № 514 "Виртуалдык активдерди жүгүртүүдө келип чыккан мамилелерди жөнгө салуу маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 16.09.2022 · № 514
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-мартындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-сентябрындагы № 514 "Виртуалдык…Постановление · 06.03.2025 · № 117