Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Виртуалдык активдерди жүгүртүүдө келип чыккан мамилелерди жөнгө салуу маселелери жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 16-сентябры № 514 Виртуалдык активдерди жүгүртүүдө келип чыккан мамилелерди жөнгө салуу маселелери жөнүндө "Виртуалдык активдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16, 18, 25, 28-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Виртуалдык активдердин тооруктарынын операторунун (криптобиржанын) иши жана виртуалдык активдердин тооруктарынын операторлорунун (криптобиржанын) реестрин жүргүзүү жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Виртуалдык активдер эмиссиясы (чыгарылышы), жүгүртүлүшү жөнүндө жана Виртуалдык активдер эмиссиясынын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби тууралуу жобо 2-тиркемеге ылайык;
3) Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун иши жана виртуалдык активдерди алмаштыруу операторлорунун реестрин жүргүзүү жөнүндө жобо 3-тиркемеге ылайык;
4) Майнингди жүзөгө ашыруу боюнча иш үчүн сертификаттарды каттоо жана берүү тартиби 4-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы № 252 "Инвестициялык фонддордун активдери жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөрүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Инвестициялык фонддордун активдери жөнүндө жободо:
- 5-пункту төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү сүйлөм менен толукталсын: "Жогоруда аталган талаптар инвестициялык декларацияга ылайык каражаттары жайгаштырыла турган квалификациялуу инвесторлор үчүн инвестициялык фондго колдонулбайт.";
- 7-пункту төмөнкүдөй мазмундагы он жетинчи, он сегизинчи абзацтар менен толукталсын:
"- квалификациялуу инвесторлор үчүн инвестициялык фонд - жабык типтеги инвестициялык фонд, анын акцияларына (пайларына) квалификациялуу инвесторлор гана ээлик кылат;
- квалификациялуу инвестор - баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында квалификациялуу инвесторго коюлган талаптарга ылайык келген, анын ичинде Кыргыз Республикасынын резиденти болуп саналбаган жеке же юридикалык жак. Квалификациялуу инвестор өзүнүн ушундай статусун инвестициялык фонддордун баалуу кагаздарына өзүнүн акча каражаттарын инвестициялоого багытталган ар кандай документтерге кол койгондо көрсөтүүгө милдеттүү.";
- 8-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Квалификациялуу инвесторлор үчүн инвестициялык фонддордун виртуалдык активдери болушу мүмкүн.";
- 9-пункту төмөнкүдөй мазмундагы "е" пунктчасы менен толукталсын:
"е) квалификациялуу инвестор үчүн инвестициялык фонддогу бир эмитенттин санариптик салымдары инвестициялык фонддун таза активдеринин наркынын 20 пайызынан ашпоого тийиш.";
- 13-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: "Ушул чектөөлөр каражаттары инвестициялык декларацияга ылайык жайгаштырылышы мүмкүн болгон квалификациялуу инвесторлор үчүн инвестициялык фондго колдонулбайт.".
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 300 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөрүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы жөнүндө жободо:
- 11-пункту "финансы рыногун", "финансы рыногуна", "финансы рыногунун", "финансы рыногу" деген сөздөрдөн кийин ", виртуалдык активдер рыногу" деген тиешелүү жөндөмөлөрдөгү сөздөр менен толукталсын;
- 13-пунктунда:
1-пунктчасында: экинчи-төртүнчү абзацтары түрдүү жөндөмөлөрдөгү "финансы рыногу" деген сөздөрдөн кийин тиешелүү жөндөмөлөрдөгү ", виртуалдык активдердин рыногу" деген сөздөр менен толукталсын; төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи-онунчу абзацтар менен толукталсын: "- виртуалдык активдерди жүгүртүүнү жөнгө салуу чөйрөсүндө бөлүштүрүлгөн реестрлердин технологиясын киргизүүнүн жана өнүктүрүүнүн мамлекеттик жана башка программаларын иштеп чыгат, аларды ишке ашырууга көмөктөшөт;
- виртуалдык активдер рыногун иштетүү жана өнүктүрүү боюнча башка мамлекеттик органдар, эл аралык институттар жана уюмдар менен өз ара аракеттенет жана координациялоону жүзөгө ашырат;
- виртуалдык активдерди жүгүртүүнү жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна экспертиза жүргүзөт;";
2-пунктчасында: төртүнчү, бешинчи, тогузунчу, онунчу абзацтары түрдүү жөндөмөлөрдөгү "финансы рыногу" деген сөздөрдөн кийин тиешелүү жөндөмөлөрдөгү ", виртуалдык активдер рыногу" деген сөздөр менен толукталсын; төмөнкүдөй мазмундагы он төртүнчү - он тогузунчу абзацтар менен толукталсын: "- виртуалдык активдерди чыгарууну карайт, каттоого алат, Кыргыз Республикасынын эмитенттеринин виртуалдык активдерин чыгаруунун ак кагаздарын каттайт;
- виртуалдык активдер рыногун жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык майнингди жүзөгө ашырууга сертификат берет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда майнердин сертификатын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте токтотот, калыбына келтирет, чакырып алат;
- Кыргыз Республикасынын виртуалдык активдер эмиссиясынын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзөт;
- виртуалдык активдердин квалификациялык инвесторунун берилген квалификациялык күбөлүктөрүнүн реестрин жүргүзөт;
- виртуалдык активдердин кызмат көрсөтүүчүлөрүнө карата операциялык талаптары белгилейт;";
3-пунктчасында: экинчи, үчүнчү абзацтары "финансы рыногун", "финансы рыногунун" деген сөздөрдөн кийин тиешелүү жөндөмөлөрдөгү ", виртуалдык активдердин рыногу" деген сөздөр менен толукталсын; бешинчи, алтынчы абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- банктык эмес финансы рыногунун, виртуалдык активдер рыногунун жөнгө салынуучу субъекттеринин кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчүлөрдүн жана баалуу кагаздардын/виртуалдык активдердин ээлеринин укуктарын коргоо маселелери боюнча сотко доолор менен кайрылат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банктык эмес финансы рыногунун, виртуалдык активдердин рыногунун катышуучуларына окуу жана сертификациялоо өткөрөт, аудитордун квалификациялык сертификатын, баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун квалификациялык күбөлүгүн, виртуалдык активдер рыногунун квалификациялуу инвесторунун квалификациялык күбөлүгүн алуу укугуна талапкерлерди аттестациялайт;";
төмөнкүдөй мазмундагы он алтынчы, он жетинчи абзацтар менен толукталсын: "- бөлүштүрүлгөн реестрлердин технологиялары, анын ичинде блокчейндин жана виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү жогорку квалификациялуу кадрларды даярдайт;
- бөлүштүрүлгөн реестрлердин технологияларын, блокчейнди жана башка ушуга окшогон инновациялык технологияларды ар кандай тармактарга киргизүү жана аларды колдонуудан жана киргизүүдөн келип чыккан мамилелерди жөнгө салуу боюнча иликтөөлөрдү жана изилдөөлөрдү жүргүзөт;";
4-пунктчасынын экинчи, тогузунчу абзацтары түрдүү жөндөмөлөрдөгү "финансы рыногу" деген сөздөрдөн кийин тиешелүү жөндөмөлөрдөгү ", виртуалдык активдер рыногу" деген сөздөр менен толукталсын;
- 14-пунктунда:
5-8, 11, 12, 16, 17, 21, 22, 25-пунктчалары түрдүү жөндөмөлөрдөгү "финансы рыногу" деген сөздөрдөн кийин тиешелүү жөндөмөлөрдөгү ", виртуалдык активдер рыногу" деген сөздөр менен толукталсын; 9, 29, 30-пунктчалары түрдүү жөндөмөлөрдөгү "финансы рыногу" деген сөздөрдөн кийин тиешелүү жөндөмөлөрдөгү ", виртуалдык активдердин рыногу" деген сөздөр менен толукталсын, түрдүү жөндөмөлөрдөгү "баалуу кагаздар" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "баалуу кагаздар/виртуалдык активдер" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 10, 26, 33, 35, 36-пунктчаларындагы түрдүү жөндөмөлөрдөгү "баалуу кагаздар" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "баалуу кагаздар/виртуалдык активдер" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 28-пунктчасындагы түрдүү жөндөмөлөрдөгү "кесипкөй катышуучу" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "кесипкөй катышуучу/виртуалдык активдер кызматын көрсөтүүчү" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 31, 32-пунктчаларындагы "финансы рыногун" деген сөздөрдөн кийин ", виртуалдык активдердин рыногун" деген сөздөр менен толукталсын, түрдүү жөндөмөлөрдөгү "проспект", "баалуу кагаздар" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "проспект/ак кагаз", "баалуу кагаздар/виртуалдык активдер" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 34-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын; төмөнкүдөй мазмундагы 49-пунктча менен толукталсын: "49) виртуалдык активдеринин тооруктарынын операторунун (криптобиржанын) реестринде жана виртуалдык активдерин алмаштыруучу операторлордун реестринде каттоо же каттоодон баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алууга.".
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 15 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (15)
- Инвестициялык фонддордун активдери жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы № 252 токтому менен бекитилген)Положение · 27.05.2011 · № 252
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин…Положение · 10.12.2021 · № 300
- Виртуалдык активдер жөнүндөЗакон · 21.01.2022 · № 12
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-декабры № 858 "Виртуалдык активдерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуПостановление · 31.12.2025 · № 858
- Виртуалдык активдердин тооругунун операторунун (криптобиржанын) иши жана Виртуалдык активдердин тооругунун операторлорунун (криптобиржалардын) реестрин жүргүзүү жөнүндө жобо…Положение · 16.09.2022 · № 514
- Виртуалдык активдер эмиссиясы (чыгарылышы), жүгүртүлүшү жөнүндө жана Виртуалдык активдер эмиссиясынын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби тууралуу жобо (Кыргыз…Положение · 16.09.2022 · № 514
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-июлундагы № 516 "Виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын…Постановление · 30.07.2026 · № 516
- Оптималдаштырууга, жөнөкөйлөтүүгө тийиштүү болгон уруксат берүү мүнөзүндөгү документтердин тизмеги (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 16-апрелиндеги № 144…Приложение · 16.04.2026 · № 144
- Майнингди жүзөгө ашыруу боюнча иш үчүн сертификаттарды каттоо жана берүү тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-сентябрындагы № 514 токтомуна ылайык)Порядок · 16.09.2022 · № 514
- Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун иши жана Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторлорунун реестрин жүргүзүү жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер…Положение · 16.09.2022 · № 514
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-мартындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-сентябрындагы № 514 "Виртуалдык…Постановление · 06.03.2025 · № 117
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-сентябры № 556 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин…Постановление · 03.09.2025 · № 556
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү айрым…Постановление · 30.09.2025 · № 625
- КР Министрлер Кабинетинин 03.09.2025-жылдын № 556 токтомуПостановление · 03.09.2025 · № 556
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-декабрындагы № 823 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү айрым…Постановление · 31.12.2024 · № 823 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Виртуалдык активдер жөнүндөЗакон · 21.01.2022 · № 12
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы, № 300 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана…Постановление · 10.12.2021 · № 300
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы № 252 "Инвестициялык фонддордун активдери жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 27.05.2011 · № 252