Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Ош шаарынын жолдорун жакшыртуу” (узундугу 3,2 км жол участогу менен 2 эстакада көпүрөсүн куруу) долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактыруу тууралуу) тескемеси
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 26-декабры № 1153-т
Ош шаарынын жол инфраструктурасын комплекстүү өнүктүрүү, жол кыймылынын коопсуздугунун деңгээлин жогорулатуу жана калктын жол жүрүүсү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Ош шаарынын жолдорун жакшыртуу” (узундугу 3,2 км жол участогу менен 2 эстакада көпүрөсүн куруу) долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122