Кыргыз Республикасынын Президентинин ПТ № 454 (Бишкек шаарынын тазалоочу курулмаларынын аймагында ассенизатордук машиналар үчүн куюучу станцияны куруу долбоору боюнча долбоорлоочуну жана подрядчыны аныктоо жөнүндө) тескемеси
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2025-жылдын 31-декабры ПТ № 454
Бишкек шаарынын саркынды сууларды чыгаруу системасынын натыйжалуу жана экологиялык коопсуз иштешин камсыз кылуу, тазалоочу курулмаларды реконструкциялоо жана модернизациялоо боюнча иш-чараларды ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 13-пунктуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Бишкек шаарынын Пригородное айылы, Юбилейная көчөсү н/ж дареги боюнча жайгашкан тазалоочу курулмалардын аймагында ассенизатордук машиналар үчүн куюучу станцияны долбоорлоо жана куруу боюнча жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн берүүчүлөрүн (подрядчыларын) аныктоо жөнүндө тиешелүү чечимди белгиленген тартипте кабыл алсын.
2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 14.04.2022 · № 27
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021