Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ош шаардык кеңешинин Ош шаарынын аймагында жайгашкан турак-жай имараттарына жана жайларына мүлк салыгын эсептөөдө мүлктүн ар бир чарчы метрине салык ставкасын бекитүү жөнүндө токтому
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ош шаардык кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
2025-жылдын 27-февралы №21 Ош шаарынын аймагында жайгашкан турак-жай имараттарына жана жайларына мүлк салыгын эсептөөдө мүлктүн ар бир чарчы метрине салык ставкасын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 379-беренесин жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ош шаарынын аймагында жайгашкан турак-жай имараттарына жана жайларына мүлк салыгын эсептөөдө мүлктүн ар бир чарчы метрине салык ставкасын бекитүү жөнүндөгү Ош шаарынын мэриясынын сунушун карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2025-жылдын 20-февралындагы №4 чечимин эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1.2025-2027-жылдарга Ош шаарынын аймагында жайгашкан турак-жай имараттарына жана жайларына мүлк салыгын эсептөөдө мүлктүн ар бир чарчы метрине 65 сом өлчөмүндө салык ставкасы бекитилсин.
2.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
3. Токтом кол койгон күндөн баштап күчүнө кирет.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К.И.Шайиев) жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К.И.Шайиев) жүктөлсүн.
Төрага
Б.Т.Баетов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3