Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Ысык-Көл” бирдиктүү башкаруу компаниясы” мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгүнүн айрым маселелери жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 25-декабры № 834
“Ысык-Көл” бирдиктүү башкаруу компаниясы” мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгүнүн айрым маселелери жөнүндө
“Ысык-Көл” бирдиктүү башкаруу компаниясы” мамлекеттик ишканасынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2006-жылдын 13-июнундагы № 423 “Объекттерди курууда заказчы-куруучунун кызматын күтүүгө чыгымдардын нормативин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– 1-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Чыгымдардын бул нормативи Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан берилген заказчы-куруучуга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу “Кыргызкурулуш”, “Ысык-Көл” бирдиктүү башкаруу компаниясы” мамлекеттик ишканаларына карата колдонулат.”.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы № 310 “Ысык-Көл” бирдиктүү башкаруу компаниясы” мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген “Ысык-Көл” бирдиктүү башкаруу компаниясы” мамлекеттик ишканасынын уставында:
– 17-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 141-пунктча менен толукталсын:
“141) белгиленген тартипте өз милдеттенмелеринин бир бөлүгүн аткарууга башка жактарды (субподрядчыларды) тартууга;”;
– 20-пункттун 2-пунктчасында “мамлекеттик заказды” деген сөздөр “мамлекеттик жана муниципалдык заказдарды” деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 26-декабрындагы № 102 (3759) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- "Ысык-Көл" бирдиктүү башкаруу компаниясы" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы № 310 токтомуна)Устав · 02.06.2025 · № 310
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-июнундагы № 423 "Объекттерди курууда заказчы-куруучунун кызматын күтүүгө чыгымдардын нормативдерин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 13.06.2006 · № 423
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-июнундагы № 423 "Объекттерди курууда заказчы-куруучунун кызматын күтүүгө чыгымдардын нормативдерин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 13.06.2006 · № 423
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы № 310 "Ысык-Көл" бирдиктүү башкаруу компаниясы" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 02.06.2025 · № 310