Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Ысык-Көл» бирдиктүү башкаруу компаниясы» мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 2-июну № 310
"Ысык-Көл" бирдиктүү башкаруу компаниясы" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунда жайгашкан мамлекеттик мүлктү толук кандуу жана натыйжалуу башкаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17, 26-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. "Ысык-Көл" бирдиктүү башкаруу компаниясы" мамлекеттик ишканасы түзүлсүн.
2. "Ысык-Көл" бирдиктүү башкаруу компаниясы" мамлекеттик ишканасынын уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты белгиленген тартипте:
1) "Ысык-Көл" бирдиктүү башкаруу компаниясы" мамлекеттик ишканасын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрсүн;
2) "Ысык-Көл" бирдиктүү башкаруу компаниясы" мамлекеттик ишканасына анын ишин уюштуруу үчүн 5000000 (беш миллион) сом өлчөмүндө акча каражатын бөлүү боюнча сунушту Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешине киргизсин;
3) ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эркин-Тоо мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 6-июнундагы № 41 (3697) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- "Ысык-Көл" бирдиктүү башкаруу компаниясы" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы № 310 токтомуна)Устав · 02.06.2025 · № 310
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-декабрындагы № 834 “Ысык-Көл” бирдиктүү башкаруу компаниясы” мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгүнүн айрым маселелери…Постановление · 25.12.2025 · № 834
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122