Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын чыгымдарын ченемдик каржылоо шарттарында түзүү жана аткаруу тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилди)
2-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-ноябрындагы № 743 токтому менен бекитилди)
Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын чыгымдарын ченемдик каржылоо шарттарында түзүү жана аткаруу тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарын каржылоо боюнча ыйгарым укуктарды чектөө
3-глава. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын бюджетин түзүү
4-глава. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын бюджетин аткаруу жана тактоо
5-глава. Казыналыкта эсептери бар мектепке чейинки билим берүү уюмдарын каржылоонун өзгөчөлүктөрү
6-глава. Эсепке алуу жана отчеттуулук
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын чыгымдарын ченемдик каржылоо шарттарында түзүү жана аткаруу тартиби (мындан ары - Тартип) мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарын республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынан, ошондой эле балдардын ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) каражаттарынын эсебинен үлүштүк каржылоо механизмин аныктайт.
2. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын (мындан ары - МБУ) чыгымдарынын сметаларын түзүү, бекитүү жана аткаруу мөөнөттөрү боюнча жалпы жол-жоболор Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларына ылайык аныкталат.
2-глава. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарын
каржылоо боюнча ыйгарым укуктарды чектөө
3. «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык МБУну ченемдик каржылоо шарттарында каржылоо Кыргыз Республикасынын МБУнун кызмат көрсөтүүлөрүн айына бир балага/топко эсептелген каржылоонун типтүү ченемдеринин (мындан ары - ченем) негизинде жүргүзүлөт.
4. МБУнун мамлекеттик билим берүү стандартын каржылоо бекитилген тарификациялык тизмелерге жана штаттык расписаниелерге ылайык эмгек акы төлөө фонду боюнча республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынан жүргүзүлөт.
5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү бюджеттин каражаттарынан коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө чыгымдарды иш жүзүндөгү муктаждыктын жана айына бир балага/топко МБУнун инфраструктурасын, имараттарын жана жайларын кармоо чыгымдарын каржылоонун ченемдеринин көлөмүндө каржылайт. Кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга чыгымдар баланын топто болуу узактыгына (3 саат, 10 саат жана 24 саат) жараша айына бир балага/топко МБУнун билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүн каржылоо ченемдеринин негизинде жергиликтүү бюджеттин каражаттарынан төлөнөт.
6. Ошол эле учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү кеңештердин чечимдеринин негизинде балдардын тамак-ашын кошо каржылоого, ошондой эле калктын социалдык аялуу катмарындагы, аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөрдөгү балдарды даректүү негизде тамак-аш менен камсыз кылуу үчүн тамактануу үчүн акы төлөө боюнча жеңилдиктерди берүүгө укуктуу.
7. Ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) каражаттарынын эсебинен баланы багуу, тамактануу үчүн акы төлөө ченемдери боюнча чыгымдар каржыланат.
8. Тамактануу үчүн акы төлөө Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдардын тамактануусун уюштуруу тартибине ылайык жүргүзүлөт.
9. Ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) баланы багууга, тамактануу үчүн акы төлөөгө каражаттары төмөнкү атайын эсептерде эсепке алынат:
- казыналыкта эсептери бар мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык системасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын.
3-глава. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын
бюджетин түзүү
§ 1. Республикалык бюджеттин каражаттарынан мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын чыгымдарын түзүү
10. Иштеп жаткан МБУлар тиешелүү окуу жылынын 1-сентябрына жана келерки жылдын 1-январына карата балдардын тизме боюнча саны, топтордун саны жөнүндө маалыматтарды баланын болуу узактыгына (3 саат, 10 саат жана 24 саат) жараша бөлүү менен Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнө (мындан ары - аймактык бөлүмдөр) берет.
11. Аймактык бөлүмдөр Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык бөлүмү менен иштеп жаткан МБУларда жаңы топторду комплекттөөнү макулдашат.
12. Аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилери берилген маалыматтардын аныктыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
13. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги МБУнун кызматкерлерине эмгек акы төлөө фондуна республикалык бюджеттин каражаттарынан Кыргыз Республикасынын райондору боюнча иштеп жаткан жана жаңы МБУлардын мектепке чейинки билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүн каржылоого болгон муктаждыкты эсептейт.
14. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине район (шаар) боюнча республикалык бюджеттин каражаттарына болгон суммалык муктаждыкты берет. МБУнун эмгек акы төлөө фондун туура түзүү үчүн жоопкерчиликти Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги жана анын аймактык бөлүмдөрү алат.
15. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине келерки жылга бюджеттик каржылоонун жалпы контролдук көрсөткүчтөрүн билдирет.
16. Келерки жылга республикалык бюджеттин бюджеттик жана атайын каражаттары боюнча мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын 70911 функционалдык классификациясы боюнча аймактык бөлүмдөрдүн сметалары Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан бекитилет.
17. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан берилген эсептөөлөрдүн негизинде республикалык бюджеттен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына максаттуу трансферттер аркылуу каржылануучу (Баткен облусунан тышкары) жаңы МБУлардын эмгек акы төлөө фондуна каражаттарды бөлүү жөнүндө ченемдик укуктук актынын долбоорун демилгелеши мүмкүн жана трансферттерди бөлүү боюнча мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине макулдашууга берет.
18. Республикалык бюджеттен максаттуу трансферттер аркылуу жаңы МБУлардын эмгек акы төлөө фондуна каржылануучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемеси менен бекитилет.
19. Аймактык бөлүмдөр ушул Тартиптин 13-пунктуна ылайык баланын топто болуу узактыгына (3 саат, 10 саат жана 24 саат) жараша жана топтордун саны боюнча айына бир топко МБУ боюнча муктаждыкты эсептейт.
§ 2. Жергиликтүү бюджеттин каражаттарынан мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын чыгымдарын түзүү
20. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө учурдагы жылдын 1-сентябрына чейин эмгек акы төлөө фондуна баланын болуу узактыгына (3 саат, 10 саат жана 24 саат) жараша бөлүү менен жаңы МБУлардын ачылгандыгына жараша балдардын тизме боюнча саны, топтордун саны жөнүндө маалыматтарды берет.
21. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын райондору боюнча иштеп жаткан жана жаңы МБУлардын мектепке чейинки билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүн баланын топто болуу узактыгына (3 саат, 10 саат жана 24 саат) жараша жана топтордун саны боюнча айына бир топко педогогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууну каржылоо ченемдеринин негизинде жергиликтүү бюджеттин каражаттары менен каржылоо муктаждыгын төмөнкү формула боюнча эсептейт:
,
мында: Мi - келерки жылга i-ошол район (шаар) боюнча ченемди камсыз кылууга жергиликтүү бюджеттин каражаттарына болгон муктаждык; ТСi - баланын болуу узактыгына жараша учурдагы жылдын 1-сентябрына карата мектепке чейинки билим берүү уюмундагы топтордун саны;
- баланын болуу узактыгына жараша айына педагогикалык персоналдын квалификациясын жогорулатууга чыгымдын ченеми;
12 - жылдагы айлардын саны.
22. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары МБУнун инфраструктурасын, имараттарын жана жайларын кармоо чыгымдарын каржылоо ченеминин жана бир айдагы топтордун санынын негизинде иштеп жаткан жана жаңы МБУлардын келерки жылга жергиликтүү бюджеттин каражаттарына болгон муктаждыгын төмөнкү формула боюнча эсептейт:
Мi + (КЧЧТК + КЧУО х ТСi) х 12,
мында: Мi - келерки жылга i-ошол мектепке чейинки билим берүү уюму боюнча каржылоо ченемин камсыз кылууга жергиликтүү бюджеттин каражаттарына болгон муктаждык; КЧЧТК - МБУнун жайларынын чарбалык-тиричилик керектөөлөрүнө чыгымдарды каржылоо ченеми; КЧУО - МБУнун жайларын учурдагы оңдоого чыгымдарды каржылоо ченеми.
23. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары МБУну каржылоо муктаждыгынын толук көлөмүндө жергиликтүү бюджеттин каражаттарынан келерки жылга МБУнун чыгымдары боюнча контролдук көрсөткүчтөрдү аныктайт.
24. Ошол эле учурда МБУнун инфраструктурасын, имараттарын жана жайларын кармоого чыгымдарды каржылоо ченемине киргизилбеген коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр МБУ үчүн кызмат көрсөтүүчүлөр менен түзүлгөн келишимдердин негизинде иш жүзүндөгү керектөөнүн көлөмүндө өзүнчө каралат.
25. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан МБУну каржылоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 302 «Айыл аймактарынын жана шаарлардын жергиликтүү бюджеттеринен каржылануучу билим берүү уюмдарын Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин аймактык бөлүмдөрү аркылуу республикалык бюджеттен каржылоого которуу жөнүндө» токтомуна ылайык жүргүзүлөт.
26. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары калктын социалдык аялуу катмарындагы, аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөрдөгү балдар үчүн даректүү негизде тамактанууга акы төлөө боюнча жеңилдиктерди камсыз кылууга МБУнун жылдык көлөмүн аныктайт.
27. Жергиликтүү бюджеттин бюджеттик жана атайын каражаттары боюнча келерки жылга МБУнун сметалары мектепке чейинки билим берүү уюмунун жетекчиси менен макулдашуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башчысы тарабынан бекитилет.
28. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары келерки жылга ата-энелерден (мыйзамдуу өкүлдөрдөн) баланы багуу үчүн келип түшүүчү атайын каражаттардын көлөмүн билим берүү процессине, жеке гигиена каражаттарына жана болуу узактыгы - 3 саат, 10 саат жана 24 саат боюнча топтордун санына чыгымдарды каржылоо ченеминин негизинде төмөнкү формула боюнча аныктайт:
Мi = (КЧБП + КЧЖГК) х БС х 12,
мында: Мi - келерки жылга i-ошол мектепке чейинки билим берүү уюмунун билим берүү процессине, жеке гигиена каражаттарына чыгымдарды каржылоо ченемин камсыз кылууга ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) каражаттарына болгон муктаждык; КЧБП - билим берүү процессин камсыз кылууга чыгымдарды каржылоо ченеми; КЧЖГК - балдардын жеке гигиена каражаттарына чыгымдарды каржылоо ченеми; БС - болуу узактыгына (3 саат, 10 саат жана 24 саат) жараша МБУдагы балдардын саны.
4-глава. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын
бюджетин аткаруу жана тактоо
29. Аймактык бөлүмдөр ай сайын Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине МБУну каржылоого өтүнмө берет.
30. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги каржылоого өтүнмөнүн негизинде ай сайын аймактык бөлүмдөр үчүн каражат бөлөт. Бөлүнгөн каражаттардын суммасы бюджетти аткаруу процессине мыйзамда белгиленген тартипте ага киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алуу менен жактырылган сметалардын чегинде болууга тийиш.
31. Борбордук казыналык өтүнмөлөргө ылайык аймактык бөлүмдөрдү каржылайт.
32. Казыналык системасында өзүнүн эсептери бар мектепке чейинки билим берүү уюмдарына каржылоо суммалары өтүнмөгө ылайык бул эсептерге чегерилет.
33. Ошол эле учурда аймактык бөлүмдөр кийин чыгымдар сметаларынын аткарылышы жөнүндө отчетту түзүү үчүн ар бир МБУ боюнча чыгымдарды өзүнчө эсепке алууну жүргүзөт.
34. МБУнун чыгымдарынын бекитилген сметаларынын көлөмдөрү көбөйгөндө же азайганда жаңы смета тиешелүү мезгилге каржылоонун такталган планы катары аныкталат.
35. Чыгымдар сметаларын тактоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан жүргүзүлөт.
36. Чыгымдар сметаларына өзгөртүүлөр төмөнкү себептер боюнча киргизилет:
1) бюджет бекитилгенден кийин жаңы ченемдик укуктук актылардын кабыл алынгандыгына же колдонуудагы актыларга өзгөртүүлөрдүн киргизилгендигине байланыштуу;
2) топтордун саны көбөйгөндө (азайганда);
3) республикалык бюджеттен кошумча ассигнованиелердин бөлүнгөндүгүнө байланыштуу;
4) МБУда бош орундар пайда болгондо.
37. Топтордун санынын өзгөргөндүгүнө байланыштуу МБУнун чыгымдар сметаларын тактоо ушул Тартиптин 38-пунктуна ылайык уюмдар ортосунда бюджетти кайра бөлүштүрүү же каражаттарды кошумча бөлүү же азайтуу аркылуу жүргүзүлөт.
5-глава. Казыналыкта эсептери бар мектепке чейинки
билим берүү уюмдарын каржылоонун өзгөчөлүктөрү
38. Мектепке чейинки билим берүү уюмдары казыналык жол-жоболоруна ылайык казыналык системасында бюджеттик жана атайын эсептерди ачууга жана кызматкерлердин штаттык санын бекитүү чөйрөсүндө кабыл алынган ченемдик укуктук актылардын негизинде өз алдынча бухгалтерияны түзүүгө укуктуу.
39. Мектепке чейинки билим берүү уюмдары кызмат көрсөтүүчүлөр менен келишимдерди өз алдынча түзөт.
40. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги республикалык бюджеттин каражаттарын алардын өтүнмөлөрүнө ылайык МБУнун бюджеттик эсептерине которот.
41. Мектепке чейинки билим берүү уюмдары Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына отчетторду берет.
6-глава. Эсепке алуу жана отчеттуулук
42. МБУнун каражаттарын эсепке алуу жана отчеттуулук белгиленген казыналык жол-жоболору боюнча жүргүзүлөт.
43. Республикалык бюджеттин каражаттары боюнча аймактык бөлүмдөр ар бир мектепке чейинки билим берүү уюму боюнча отчет жана район (шаар) боюнча жыйынды отчетту түзөт жана аны Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине берет.
44. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү бюджеттин каражаттары боюнча ар бир мектепке чейинки билим берүү уюму боюнча отчетту, ошондой эле жыйынды отчетту түзөт жана аны Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнө берет.
Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын чыгымдарын ченемдик каржылоо шарттарында түзүү жана аткаруу тартибине тиркеме
Райондордун жергиликтүү бюджеттеринен республикалык бюджетке өткөрүлгөн жана чыгашалардын бардык беренелери боюнча каржылануучу Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тизмеги
№
Мектепке чейинки билим берүү уюмунун аталышы
Жайгашкан жери (район/айыл/поселок)
Уюштуруучу
1
Куршаб мектепке чейинки билим берүү уюму мекемеси
Өзгөн району, Куршаб айылы
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги
2
«Ак-Бүчүр» мектепке чейинки билим берүү уюму» мекемеси
Өзгөн району, Мырза-Аке айылы
Өзгөн райондук билим берүү бөлүмү
3
Гулипа Ибраимова атындагы мектепке чейинки билим берүү уюму мекемеси
Кара-Кулжа району, Кара-Кулжа айылы
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги
4
Абдылда Каримов атындагы мектепке чейинки билим берүү уюму мекемеси
Кара-Кулжа району, Кара-Кулжа айылы
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги
5
«Алтын-Бешик» санаторийинин бала бакчасы мекемеси
Ноокат району, Коммунизм айылы
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги
6
«Кара-Суу дүлөй балдар үчүн интернат тибиндеги адистештирилген бала бакчасы» мекемеси
Кара-Суу району, Кашгар-Кыштак айылы
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги
7
Араван районунун № 1 мектепке чейинки билим берүү уюму мекемеси
Араван району, Араван айылы
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги
8
№ 2 мектепке чейинки билим берүү уюму мекемеси
Араван району, Араван айылы
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги
9
«№ 3 мектепке чейинки билим берүү уюму» мекемеси
Араван району, Араван айылы
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги
10
Токтосун Давлетов атындагы № 4 мектепке чейинки билим берүү уюму мекемеси
Араван району, Араван айылы
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги
11
«Шумкар» № 1 бала бакчасы мекемеси
Сузак району, Сузак айылы
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги
12
«Алтын-Балык» мектепке чейинки билим берүү уюму» мекемеси
Сузак району, Сузак айылы
Сузак райондук билим берүү бөлүмү
13
«Жомок» мектепке чейинки билим берүү уюму» мекемеси
Сузак району, Сузак айылы
Сузак райондук билим берүү бөлүмү
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 302 "Айыл аймактарынын жана шаарлардын жергиликтүү бюджеттеринен каржылануучу билим берүү уюмдарын Кыргыз…Постановление · 30.05.2013 · № 302
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 11.08.2023 · № 179
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-ноябрындагы № 743 "Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарын ченемдик каржылоо жөнүндө" токтомуПостановление · 18.11.2025 · № 743