Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 30-августундагы № 78-чуа “КР КЧ 31-08:2024 “Мектеп имараттары. Долбоорлоо ченемдери” Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдерин бекитүү жөнүндө” буйругуна № 2 өзгөртүү киргизүү жөнүндө” буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ АРХИТЕКТУРА, КУРУЛУШ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ БУЙРУК 2025-жылдын 2-декабры № 103-чуа
“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 30-августундагы № 78-чуа “КР КЧ 31-08:2024 “Мектеп имараттары. Долбоорлоо ченемдери” Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдерин бекитүү жөнүндө” буйругуна № 2 өзгөртүү киргизүү жөнүндө”
Мектеп имараттарын долбоорлоо боюнча ченемдерди жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомун жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 221 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги (мындан ары – Курулуш министрлиги) жөнүндө жобону жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 30-августундагы № 78-чуа “КР КЧ 31-08:2024 “Мектеп имараттары. Долбоорлоо ченемдери” Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдерин бекитүү жөнүндө” буйругуна төмөндөгү мазмундагы № 2 өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган буйрук менен бекитилген КР КЧ 31-08:2024 “Мектеп имараттары. Долбоорлоо ченемдери” курулуш ченемдеринде:
- 10.28-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Курулуш министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык бул буйрукту расмий жарыялоо боюнча чараларды көрсүн;
- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде бул буйруктун көчүрмөсү мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө аталган буйруктун жарыяланган булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн;
- бул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде көчүрмөлөрүмаалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтүлсүн.
3. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
Министр
Н.К. Орунтаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-апрели № 221 "Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маселелери…Постановление · 22.04.2025 · № 221
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик…Постановление · 03.03.2023 · № 115
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө"Постановление · 26.02.2010 · № 117
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 30-августундагы № 78-чуа "КР КЧ…Приказ · 30.08.2024 · № 78-нпа
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.