Жайыл айылдык кеңешинин «Жайыл айыл аймагында мүлк салыгын киргизүү жана зоналдык коэфициентти кабыл алуу жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
ЖАЙЫЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ VII-чакырым, №11-сессиялык отурум
2022-жылдын 29-декабрь № 18
Жайыл айыл аймагында мүлк салыгын киргизүү жана зоналдык коэфициентти кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 404-беренесинин 4-5-бөлүгүг, 37-беренесинин 3-бөлүгүг жана 2022-жылдын 18-январындагы “Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” №4-мыйзамынын 3-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде, Жайыл айылдык кеңеши:
Токтом кылат:
1. Жайыл айыл аймагында 2023-жылдын 1-январынан тартып төмөнкү мүлк салыктары киргизилсин:
- Айыл чарба жерлерине мүлк салыгы;
- Турак жай имаратына, курулмага жана жайга мүлк салыгы;.
- Турак жай эмес имаратына, курулмага жана жайга;
- Транспорт каражатына мүлке салыгы;
- Айыл чарба багытында эмес жерлерге мүлк салыгы;
- Үй жанындагы, короо жай багбанчылык-чарбак жер участогуна мүлк салыгы.
2. Айыл аймагында экономикалык-пландалуучу зоналар үчүн айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандык үчүн, зоналдык коэфициент Кз – 1,034 өлчөмүндө бекитилсин.
3. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарында жарыялансын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын бирдиктүү мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин жиберилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышы Жайыл айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы У.К.Адековго жүктөлсүн.
Жайыл айылдык кеңешинин Төрагасы
А.А.Мамбеткулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3