Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 “Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 3-декабры № 775
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 “Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Мамлекетти туруктуу өнүктүрүү үчүн социалдык-экономикалык мааниге ээ болгон стратегиялык объекттерди тартипке келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 “Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегинде:
– “В” категориясы (олуттуу объектилер)” бөлүмүнүн “Мамлекетти башкаруу үчүн мааниси бар объектилер” графасындагы эскертүү “Көрсөтүлгөн органдар” деген сөздөрдөн кийин “жана мекемелер” деген сөздөр менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 5-декабрындагы № 96 (3753) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2014 жылдын 17 февралындагы № 99 "Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.02.2014 · № 99
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2014 жылдын 17 февралындагы № 99 "Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.02.2014 · № 99
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндөЗакон · 23.05.2008 · № 94