2-берене
Күчүндө · 14.11.2025 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1 (1), 14-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-беренеде:
а) төмөнкүдөй мазмундагы 21 жана 22-пункттар менен толукталсын:
"21) вндеоконференцбайланыш - аудио уктурууларды жана видео сүрөттөлүштөрдү реалдуу убакытта берүүнү камсыз кылуучу техникалык каражаттарды колдонуу менен соттук териштирүүнүн алыста турган эки же андан көп катышуучуларынын ортосундагы байланыштын сеансы;
22) трансляциялоо (онлайн-трансляциялоо) - чектелбеген сандагы пайдалануучулар үчүн түз эфир режиминде телекөрсөтүү, радио каражаттары аркылуу жана (же) Интернет түйүнүндө маалыматты жайылтуу жана берүү;";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 111-пункт менен толукталсын:
"111) жазуу формасы - доо арызды, арызды, даттанууну, сот актысын, сот жыйналышынын протоколун, башка документти, билдирүүнү же маалыматты кагаз жүзүндө (машинкага басылган) же санариптик формада түзүү жана берүү ыкмасы;";
в) төмөнкүдөй мазмундагы 231, 232, 233, 234-пункттар менен толукталсын:
"231) санариптик сот иши - сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумунда түзүлүүчү жарандык же экономикалык иш;
232) санариптик соттук материалдар - сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумунда түзүлүүчү соттук материалдар;
233) сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутуму - сот өндүрүшүндө санариптик маалыматтарды иштеп чыгуу үчүн багытталган санариптик түзүлүштөрдүн, алар үчүн программалардын жана маалыматтар базасынын тутуму;
234) билдирүүлөрдү кепилденген жеткирүү сервиси - санариптик чөйрөдөгү укуктук жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдардын талаптарына шайкеш келген, соттук кабарлоонун алынгандыгын ырастоо кепилдиги менен ишке катышкан жактарга жана процесстин башка катышуучуларына соттук кабарлоону жеткирүүнү камсыз кылуучу санариптик сервис;";
г) төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:
"Эскертүү. Ушул Кодексте колдонулуучу санариптик технологияларга байланыштуу терминдер жана түшүнүктөр санариптик чөйрөдөгү укуктук жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдарда келтирилген маанилерде колдонулат.";
2) 13-берененин 2-бөлүгүндө "маалыматтык-телекоммуникациялык" деген сөздөр алып салынсын;
3) 28-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"28-берене. Жарандык иштердин сотторго караштуулугу Административдик сотко караштуу иштерден тышкаркы бардык жарандык иштер райондук сотко (шаардагы райондук сотко, шаардык сотко) караштуу болот. Сот өндүрүшүн санариптик формада жүзөгө ашырууда ушул Кодексте белгиленген жарандык иштердин аймактык сотко караштуулугу, сотко өзгөчө караштуулук тартибинде каралуучу жарандык иштерди кошпогондо, иштерди жана материалдарды судьялар менен соттордун ортосунда бирдей бөлүштүрүү максатында өзгөртүлүшү мүмкүн. Сот өндүрүшүн санариптик формада жүргүзүүдө жарандык иштерди автоматтык бөлүштүрүүнүн тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан аныкталат.";
4) 91-берененин 1-бөлүгүндө "Электрондук" деген сөз "Санариптик" деген сөзгө алмаштырылсын;
5) 123-берене төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"5. Ушул беренеде каралган процесстик мөөнөттөрдү эсептөө тартиби сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумун колдонуу менен сотко берилүүчү документтерге дагы жайылтылат.";
6) 128-берене төмөнкүдөй мазмундагы 10-бөлүк менен толукталсын:
"10. Сот иштин материалдарын сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумунда жайгаштырууга жана ишке катышуучу жактарга алар менен таанышууга жана кийин алардын жуп нускасын даярдоого мүмкүнчүлүк берүүгө укуктуу. Иштин материалдарын мындай жайгаштыруу талаптагыдай кабарлоо болуп саналат. Кабарлоону (чакыруу кагазын) алган тараптар сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумун пайдалануу аркылуу иштин материалдары менен таанышууга укуктуу.";
7) I бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 121-глава менен толукталсын:
"121-глава. Санариптик формадагы сот өндүрүшүнүн өзгөчөлүктөрү
Берененин тексти 14.11.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексиКодекс · 25.01.2017 · № 14
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230034650/st-2" title="2-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>