Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
1705-берене. Соттук жыйналышты трансляциялоо (онлайн-трансляциялоо)
Күчүндө · 14.11.2025 редакциясы
1. Сот ишке катышып жаткан жактардын өтүнмөсү боюнча же өз демилгеси боюнча соттук жыйналышты телекөрсөтүү, радио аркылуу жана (же) Интернет түйүнүндө түз эфир режиминде трансляциялоого (онлайн-трансляциялоого) уруксат берүүгө укуктуу.
2. Соттук жыйналышты трансляциялоого (онлайн-трансляциялоо) жол берилиши жөнүндө чечим сот адилеттигинин кызыкчылыктарын, айкындуулукту сактоону, ошондой эле сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын укуктарын сактоону жана коопсуздугун камсыз кылууну эске алуу менен сот тарабынан аныкталат.";
16) 176-берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"4. Ишке катышуучу жактар сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумдарын пайдалануу аркылуу соттун чечими менен таанышууга жана анын жуп нускасын алууга укуктуу. Тараптарга сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумун пайдалануу менен жөнөтүлгөн соттун чечими талаптагыдай жөнөтүлгөн деп эсептелинет.";
17) төмөнкүдөй мазмундагы 1961-берене менен толукталсын:
"1961-берене. Соттук териштирүүнү аудио жана видео белгилөө каражаттары менен жаздырып белгилөө
1. Соттук жыйналыштын жүрүшүн жаздыруу милдеттүү болуп саналат жана ал аудио жана видео жазуу каражаттарынын жардамы менен жүзөгө ашырылат. Соттук жыйналыштын аудио жана видео жазуу каражаттары менен белгилөөнү соттук жыйналыштын катчысы жүзөгө ашырат.
Тараптардын макулдугу менен судья, сот төмөнкүдөй өзгөчө учурларда соттук жыйналышты аудио жана видео белгилөөсүз өткөрүү жөнүндө чечим кабыл ала алат:
- сот адилеттигинин кызыкчылыктарын камсыз кылуу жана соттук жыйналыштын катышуучуларынын процесстик укуктарын коргоо максатында;
- техникалык бузуктарды жоюу мүмкүн болбогондо.
2. Катчы сот жыйналышы башталганга чейин аудио жана видео жазуу каражаттарынын техникалык жактан оң экендигин, соттук жыйналышка катышууга тийиш болгон адамдардын келгендигин текшерет, бул жөнүндө төрагалык кылуучу судьяга маалымдайт жана тапшырма боюнча ушул Кодексте каралган башка иш-аракеттерди жүзөгө ашырат.
Аудио жана видео жазуу каражаттарын пайдалануу мүмкүн болбогон учурда себептерин көрсөтүү менен акт түзүлөт, ал иштин материалдарына тиркелет.";
18) төмөнкүдөй мазмундагы 1971-берене менен толукталсын:
"1971-берене. Кассациялык инстанциядагы соттун протоколунун мазмуну Кассациялык инстанциядагы соттук жыйналыштын протоколунда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) соттук жыйналыштын датасы жана орду;
2) соттук жыйналыштын ачылышынын жана жабылышынын (башталышы жана аякташы) убактысы;
3) ишти караган соттун аталышы, соттун курамы, соттук жыйналыштын катчысы;
4) иштин аталышы;
5) төрагалык кылуучунун тескемелери жана кеңешүүчү бөлмөгө чыкпастан сот тарабынан чыгарылган өзүнчө процесстик акт катары кабыл алынбаган аныктамалар;
6) сот актысын кабыл алуу үчүн соттун чыгып кетүүсү тууралуу маалымат;
7) соттук актынын резолюциялык бөлүгүн же толук текстин жарыя кылуу жөнүндө маалымат;
8) протоколду түзүү жана кол коюу датасы.";
19) 198-беренеде:
а) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Протокол жазуу жүзүндө түзүлөт.";
б) 3-бөлүктө "пайдалана алат" деген сөздөр "пайдаланат" деген сөзгө алмаштырылсын;
20) 199-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Ишке катышып жаткан жактар же алардын өкүлдөрү протокол менен, анын ичинде соттук жыйналыштын аудио жана (же) видео жазуусунун мазмуну менен алар даярдалган жана кол коюлган күндөн тартып беш жумушчу күндүн ичинде таанышууга укуктуу. Аталган жактар протокол менен таанышкандан кийин жасалган процесстик иш-аракеттердин жана алардын жыйынтыктарын белгилөөнүн толук эместигин көрсөтүү менен үч жумушчу күндүн ичинде протоколго, аудио жана (же) видео жазуунун мазмунуна (соттук жыйналыштын жүрүшүндө аудио жана (же) видео жазуу процессинде үзгүлтүк болгон учурда) жазуу жүзүндө сын-пикирлерди берүүгө укуктуу.";
21) 213-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: "Апелляциялык даттануу (сунуштама) ошондой эле сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумун пайдалануу менен апелляциялык инстанциянын сотуна берилиши мүмкүн.";
22) 214-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Апелляциялык даттануу (сунуштама) жазуу жүзүндө же сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумунда жайгашкан форманы толтуруу аркылуу санариптик формада берилет.";
б) 2-бөлүктүн 2-пунктунда "телефондорунун" деген сөз "уюлдук телефонунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
23) 220-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: "Апелляциялык даттанууга (сунуштамага) каршы пикир ошондой эле сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумунда жайгашкан форманы толтуруу аркылуу санариптик формада берилиши мүмкүн.";
б) 2-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: "Апелляциялык даттанууга (сунуштамага) берилген санариптик формадагы каршы пикир жана анын тиркемелери сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумунда жайгаштырылат.";
24) 224-берене төмөнкүдөй мазмундагы 16-бөлүк менен толукталсын:
"16. Апелляциялык инстанциянын соту тарабынан ишти видеоконференцбайланыш тутумун колдонуу менен кароо тартиби ушул Кодекстин 1311-беренесинде белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен ушул берененин эрежелери боюнча жүзөгө ашырылат.";
25) 249-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кассациялык даттануу (сунуштама) машинага басылган текст түрүндө жазуу жүзүндө же болбосо сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумунда жайгашкан форманы толтуруу аркылуу санариптик формада берилет.";
б) 2-бөлүктүн 2-пунктунда "телефондорунун" деген сөз "мобилдик телефонунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
26) 252-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Кассациялык даттануу (сунуштама) ошондой эле сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумун колдонуу менен санариптик түрдө берилиши мүмкүн.";
27) 272-берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"4. Кайтадан ачылган жагдайлар же жаңы жагдайлар боюнча сот актысын кайра кароо арызы (сунуштама) ошондой эле сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумун колдонуу менен санариптик формада берилиши мүмкүн.".
Берененин тексти 14.11.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230034650/st-1705" title="1705-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>