Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
1335-берене. Сот жыйналышын трансляциялоо (онлайн-трансляциялоо)
Күчүндө · 14.11.2025 редакциясы
1. Сот ишке катышып жаткан жактардын өтүнүчү боюнча же өз демилгеси боюнча сот жыйналышын телекөрсөтүү, радио аркылуу жана (же) Интернет түйүнүндө түз эфир режиминде трансляциялоого (онлайн-трансляциялоо) уруксат берүүгө укуктуу.
2. Сот жыйналышын трансляциялоого (онлайн-трансляциялоого) жол берилиши жөнүндө чечим сот адилеттигинин кызыкчылыктарын, айкындуулукту сактоону, сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылууну эске алуу менен сот тарабынан аныкталат.";
8) 134-берененин 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Доо арызы сотко сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумунда жайгаштырылган форманы толтуруу аркылуу да берилиши мүмкүн жана ага Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте санариптик колтамга же идентификатор менен кол коюлат.";
9) 152-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Доого каршы пикир сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумунда жайгашкан форманы толтуруу аркылуу сотко санариптик формада берилиши мүмкүн.";
10) 154-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Ишке катышып жаткан жактар ушул Кодекстин 158-1-беренесине ылайык видеоконференцбайланыш тутумун колдонуу менен алдын ала өтүүчү сот жыйналышына катышууга укуктуу.";
11) төмөнкүдөй мазмундагы 1581-берене менен толукталсын:
"1581-берене. Видеоконференцбайланыш тутумун колдонуу менен өтүүчү сот жыйналышы
1. Сот жыйналышын өткөрүү учурунда соттун имаратында жеке өзү келүүгө объективдүү себептер менен мүмкүнчүлүгү болбогон ишке катышуучу жак, анын өкүлү, ошондой эле күбө, эксперт, адис же котормочу сот жыйналышына жеке санариптик түзүлүштөрдү пайдалануу менен видеоконференцбайланыш тутуму аркылуу алыстан катышууга укуктуу. Мындай жактын сот жыйналышына катышуу маселеси соттун тиешелүү техникалык мүмкүнчүлүгү болгон учурда ишке катышып жаткан жактардын өтүнүчү менен сот тарабынан же соттун жеке демилгеси менен чечилет. Жеке санариптик түзүлмөлөрдү колдонуу менен видеоконференцбайланыш тутуму пайдаланылган учурда видеоконференцбайланыш тутумун колдонуу тартибине, ыкмаларына жана шарттарына карата талаптар сакталууга тийиш.
2. Ишке катышып жаткан жактар, ошондой эле эксперт, адис жана күбө видеоконференцбайланыш тутумун колдонуу менен сот жыйналышына катышуу жөнүндө өтүнүчүн процесстин кайсы баскычында болбосун сотко билдире алышат.
3. Ишти карап жаткан сот сот жыйналышына катышуусу зарыл болгон жактын жашаган жерин, турган жери же жайгашкан жери боюнча сотто видеоконференцбайланыш тутумун колдонууга укуктуу.
4. Катышуусу иштин туура чечилиши үчүн керек болгон жактын видеоконференцбайланыш тутумун колдонуу менен сот жыйналышына катышуусу жөнүндө сот аныктама чыгарат, ал сот жыйналышынын протоколуна киргизилет. Соттун кабарлоосу аныктама чыккан күндөн кийинки жумуш күнүнөн кечиктирилбестен ишке катышып жаткан жактарга жана соттук процесстин башка катышуучуларына, ошондой эле видеоконференцбайланыш түзүлө турган тиешелүү сотко жиберилет.
5. Ишти карап жаткан соттун сот жыйналышынын катчысы катышуусу ишти туура кароо үчүн зарыл болгон жактын сот жыйналышына видеоконференцбайланыш тутуму аркылуу камсыз кылуучу сот менен байланышты түзөт.
Мындай жактын турган жериндеги соттун кызматкери сот жыйналышына төрагалык кылуучунун тескемеси боюнча сот жыйналышында видеоконференцбайланыш тутумун пайдалануу менен катышуусу керек болгон жактардын келүүсүн текшерет, алардын керт башын аныктайт, ошондой эле сот жыйналышын жүрүшүндө төрагалык кылуучунун башка тескемелерин аткарат, анын ичинде зарыл болгон учурда күбөдөн көрсөтмө берүүдөн баш тартканы же билип туруп жалган көрсөтмөлөрдү бергени үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилиги жөнүндө эскертилгендиги, ишке катышып жаткан жакка укуктары жана милдеттери түшүндүрүлгөндүгү тууралуу колтамга алат, соттук териштирүүнүн катышуучуларынан жазуу жүзүндөгү материалдарды кабыл алат. Видеоконференцбайланыш түзүлгөн жактардан сотто алынган бардык документтер сот жыйналышы өткөн күндүн кийинки күндөн кечиктирилбестен ушул ишти карап жаткан сотко иштин материалдарына тиркөө үчүн жиберилүүгө тийиш. Видеоконференцбайланыш тутуму аркылуу ишке катышып жаткан күбөнүн, эксперттин, адистин жана котормочунун көрсөтмө берүү, эксперттик корутунду чыгаруу жана котормону жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө процесстик мыйзамдардын талаптарын сактоолорунун зарылдыгы эскертилгендиги тууралуу колтамгасы санариптик формада алынат. Мындай колтамганын санариптик формасы ушул Кодекстин 79, 164, 173 жана 178-беренелерине ылайык сот тарабынан алынган колтамгага теңештирилет.
6. Сот техникалык мүмкүнчүлүктөр жок болгон учурда (техникалык жабдуулардын жоктугу же бузук болушу ж.б.) сот жыйналышын видеоконфренцбайланыш тутумун пайдалануу менен өткөрүү жөнүндө өтүнмөнү канааттандыруудан баш тартууга укуктуу.
7. Ушул беренеде белгиленген эрежелер апелляциялык инстанция сотунда да колдонулушу мүмкүн.
8. Сот жыйналышынын жүрүшүндө видеоконференцбайланыш тутумун колдонуу тартиби, ыкмалары жана шарттары санариптик чөйрөдө укуктук жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдардын талаптарына ылайык соттордун ишин уюштуруучулук жана материалдык-техникалык камсыз кылууну ишке ашыруучу орган тарабынан аныкталат.";
12) 160-берене төмөнкүдөй мазмундагы 7-бөлүк менен толукталсын:
"7. Видеоконференцбайланыш тутумун пайдалануу менен сот жыйналышын өткөрүүдө ишке катышып жаткан жактар жана процесстин башка катышуучулары видеоконференцбайланыш тутумдарына жана түзүлүштөрүнө коюлган талаптарды сактоого милдеттүү.";
13) 161-берене төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
"6. Видеоконференцбайланыш тутумун колдонуу менен сот жыйналышын өткөрүүдө сот жыйналышында тартипти кайрадан бузууга жол берген, ошондой эле сотко урматтабай мамиле жасаган жактардын чыгып сүйлөө жана өз билдирүүлөрүн айтуу мүмкүнчүлүгү (алардын видео сүрөттөлүшүн өчүрүү менен же ансыз) сот жыйналышынын бүткүл убактысында же айрым бөлүгүндө чектелиши мүмкүн.";
14) 165-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"165-берене. Күбөлөрдү сот жыйналышынын залынан чыгарып салуу Келген күбөлөр сот жыйналышынын залынан чыгарып жиберилет. Төрагалык кылуучу суракка алынган күбөлөр суракка алына элек күбөлөр менен сүйлөшпөөсү үчүн чара көрөт, ал эми видеоконференцбайланыш тутумун пайдалануу менен суракка алынуучу күбөлөргө карата мындай күбөлөрдүн аларды суракка алуу башталганга чейин сот жыйналышына көрсөтүлгөн ыкма менен катышуусун жокко чыгаруучу чараларды көрөт.";
15) 171-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Ишти териштирүүнү кийинкиге калтырууга ушул Кодексте каралган учурларда, ошондой эле эгерде сот процесстин катышуучуларынын кимдир бирөөсү келбегендигинин, тосмо доо коюлгандыгына, кошумча далилдерди берүүнүн же талап кылуунун зарылдыгынын, тараптарды медиатор менен милдеттүү маалыматтык жолугушууга жиберүүнүн, ишке катышууга башка жактарды тартуунун, процесстик башка аракеттерди жүргүзүүнүн, сот жыйналыштын жүрүшүндө сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумдарында же санариптик түзүлүштөрүндө бузулуулардын (анын ичинде аудио жана видео жазуу каражаттарынын бузулушу) келип чыгуусунун натыйжасында бул сот жыйналышында ишти кароо мүмкүн эмес деп тааныганда жол берилет. Мында сот жыйналышынын катчысы аудио жана видео жазуу каражаттарынын оң абалда болушун камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт.";
б) 5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Сот ишке катышуучу жактын өтүнмөсү боюнча же өзүнүн демилгеси боюнча, анын ичинде сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумдарын же санариптик түзүлүштөрдү соттук жыйналыштын жүрүшүндө пайдаланууда бузулуу келип чыккан учурда сот жыйналышында тыныгуу жарыялай алат.";
16) 179-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Ар бир күбө өзүнчө суракка алынат. Күбөнү видеоконференцбайланыш тутумун пайдалануу менен суракка алуу ишти карап жаткан сот тарабынан ушул Кодекстин 1581-беренесинде каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен, ушул Кодексте белгиленген күбөнү суракка алуу үчүн жалпы эрежелер боюнча жүзөгө ашырылат.";
17) 214-берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"3. Ишке катышып жаткан жактар сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумдарын пайдалануу менен соттун чечими менен таанышууга жана анын жуп нускасын жүктөп алууга укуктуу. Тараптарга сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумун пайдалануу менен жиберилген соттун чечими талаптагыдай жөнөтүлгөн деп эсептелинет.";
18) 2142-берененин 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Арыз сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумунда жайгаштырылган форманы толтуруу аркылуу да сотко берилиши мүмкүн.";
19) төмөнкүдөй мазмундагы 2291-берене менен толукталсын:
"2291-берене. Соттук териштирүүнү аудио жана видео белгилөө каражаттары менен жазып белгилөө
1. Сот жыйналышынын жүрүшүн жаздыруу милдеттүү болуп саналат жана ал аудио жана видео жазуу каражаттарынын жардамы менен жүзөгө ашырылат. Сот жыйналышын аудио жана видео жазуу каражаттары менен жаздырууну сот жыйналышынын катчысы жүзөгө ашырат.
Тараптардын макулдугу менен судья, сот төмөнкүдөн өзгөчө учурларда сот жыйналышын аудио жана видео белгилөөсүз өткөрүү жөнүндө чечим кабыл ала алат:
- сот адилеттигинин кызыкчылыктарын камсыз кылуу жана сот жыйналышынын катышуучуларынын процесстик укуктарын коргоо максатында;
- техникалык бузулууларды жоюу мүмкүн болбогондо.
2. Катчы сот жыйналышы башталганга чейин аудио жана видео жазуу каражаттарынын техникалык жактан оң экендигин, сот жыйналышына катышууга тийиш болгон адамдардын келгендигин текшерет, бул жөнүндө төрагалык кылуучу судьяга маалымдайт жана тапшырма боюнча ушул Кодексте каралган башка иш-аракеттерди жүзөгө ашырат.
Аудио жана видео жазуу каражаттарын пайдалануу мүмкүн болбогон учурда себептерин көрсөтүү менен акт түзүлөт, ал иштин материалдарына тиркелет.";
20) 231-беренеде:
а) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Протокол жазуу жүзүндө түзүлөт.";
б) 3-бөлүктө "колдоно алат" деген сөздөр "колдонот" деген сөзгө алмаштырылсын;
21) 232-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Ишке катышып жаткан жактар же алардын өкүлдөрү протокол менен, анын ичинде сот жыйналышынын аудио жана (же) видео жазуунун мазмуну менен алар даярдалган жана кол коюлган күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде таанышууга укуктуу. Аталган жактар протокол менен таанышкандан кийин жасалган процесстик иш-аракеттердин жана алардын жыйынтыктарын белгилөөнүн толук эместигин көрсөтүү менен үч жумуш күндүн ичинде протоколго, аудио жана (же) видео жазуунун мазмунуна (сот жыйналышынын жүрүшүндө аудио жана (же) видео жазуу процессинде үзгүлтүк болгон учурда) жазуу жүзүндө сын-пикирлерди берүүгө укуктуу.";
22) 257-берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"4. Доо арыз ошондой эле сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумунда жайгашкан форманы толтуруу аркылуу санариптик түрдө сотко берилиши мүмкүн.";
23) 324-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: "Апелляциялык даттануу (сунуштама) ошондой эле сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумун пайдалануу менен санариптик түрдө апелляциялык инстанцияга берилиши мүмкүн.";
24) 325-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Апелляциялык даттануу (сунуштама) машинада басылган текст менен жазуу жүзүндө же болбосо сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумунда жайгашкан форманы толтуруу аркылуу санариптик формада берилет.";
25) 330-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: "Апелляциялык даттанууга (сунуштамага) каршы пикир ошондой эле сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумунда жайгашкан форманы толтуруу аркылуу санариптик түрдө сотко берилиши мүмкүн.";
б) 2-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: "Аппеляциялык даттанууга (сунуштамага) санариптик түрдө берилген каршы пикир жана анын тиркемелери сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумунда жайгаштырылат.";
26) 334-берене төмөнкүдөй мазмундагы 17-бөлүк менен толукталсын:
"17. Апелляциялык инстанциянын соту тарабынан ишти видеоконференцбайланыш тутумун пайдалануу менен кароо тартиби ушул Кодекстин 1581-беренесинде белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен ушул берененин эрежелери боюнча жүзөгө ашырылат.";
27) 354-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кассациялык даттануу (сунуштама) машинага басылган текст түрүндө жазуу жүзүндө же болбосо сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумунда жайгашкан форманы толтуруу аркылуу санариптик формада берилет.";
28) 355-берене төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Кассациялык даттануу (сунуштама) сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумун пайдалануу менен санариптик түрдө да берилиши мүмкүн.";
29) 3761-берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"4. Арыз (сунуштама) сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумунда жайгашкан форманы толтуруу аркылуу санариптик түрдө да берилиши мүмкүн.";
30) 407-берененин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунун экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Өндүрүп алуучу-жарандын жана карызкор-жарандын фамилиясы, аты жана атасынын аты, алардын жашаган жери, идентификациялык жеке номерлери (ИЖН) же идентификациялык салык номери (ИСН), карызкор-жарандын туулган датасы, жери жана иштеген жери, жеке ишкер катары ал мамлекеттик каттоодон өткөн дата жана жер;".
Берененин тексти 14.11.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230034650/st-1335" title="1335-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>