1334-берене. Сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумдарын колдонуучуларды, ошондой эле ишке катышуучу жактарды идентификациялоо жана аутентификациялоо
Күчүндө · 14.11.2025 редакциясы
1. Сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумдарын колдонуучулардын жана ишке катышып жаткан жактардын, алардын соттук жыйналышка видеоконференцбайланыш тутуму аркылуу катышып жаткан өкүлдөрүнүн, күбөнүн, эксперттин, адистин жана котормочунун керт башын аныктоо Кыргыз Республикасынын Бирдиктүү идентификациялоо тутумунун негизинде санариптик аутентификациялоо сервиси аркылуу жүзөгө ашырылат.
2. Бирдиктүү идентификациялоо тутумун пайдалануу менен санариптик идентификациялоонун жана санариптик аутентификациялоонун тартиби жана жол-жобосу, санариптик идентификациялоонун натыйжаларын эсепке алуунун тартиби жана санариптик идентификациялоо фактылары жөнүндө маалыматтын бүтүндүгүн камсыз кылуунун тартиби, Бирдиктүү идентификациялоо тутумунун негизинде санариптик аутентификациялоо сервисин колдонуунун тартиби Бирдиктүү идентификациялоо тутуму жөнүндө жобо менен аныкталат.
3. Сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумдарын колдонуучуларды, ошондой эле ишке катышуучу жактарды Бирдиктүү идентификациялоо тутумунун сервистерин колдонуу менен санариптик идентификациялоонун жана санариптик аутентификациялоонун өзгөчөлүктөрү санариптик чөйрөдөгү укуктук жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдардын талаптарына ылайык соттордун ишин уюштуруучулук жана материалдык-техникалык камсыз кылууну жүзөгө ашыруучу орган тарабынан аныкталышы мүмкүн.
Берененин тексти 14.11.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1334-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230034650/st-1334" title="1334-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>