1-берене
Күчүндө · 14.11.2025 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1 (1), 13-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-беренеде:
а) төмөнкүдөй мазмундагы 91 жана 92-пункттар менен толукталсын:
"91) видеоконференцбайланыш - аудио уктурууларды жана видео сүрөттөлүштөрдү реалдуу убакытта берүүнү камсыз кылуучу техникалык каражаттарды колдонуу менен соттук териштирүүнүн алыста турган эки же андан көп катышуучуларынын ортосундагы байланыш сеансы;
92) трансляциялоо (онлайн-трансляциялоо) - чектелбеген сандагы пайдалануучулар үчүн түз эфир режиминде телекөрсөтүү, радио каражаттары аркылуу жана (же) Интернет түйүнүндө маалыматты жайылтуу жана берүү;";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 171-пункт менен толукталсын:
"171) жазуу формасы - административдик доону, даттанууну, арызды, сот актысын, соттук жыйналыштын протоколун, башка документти, билдирүүнү же маалыматты кагаз жүзүндө (машинкага басылган) же санариптик формада түзүү жана берүү ыкмасы;";
в) төмөнкүдөй мазмундагы 251, 252, 253-пункттар менен толукталсын:
"251) санариптик административдик иш - сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумунда түзүлүүчү административдик иш;
252) сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутуму - сот өндүрүшүндө санариптик маалыматтарды иштеп чыгуу үчүн багытталган санариптик түзүлүштөрдүн, алар үчүн программалардын жана маалыматтар базасынын тутуму;
253) билдирүүлөрдү кепилденген жеткирүү сервиси - санариптик чөйрөдөгү укуктук жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдардын талаптарына шайкеш келген, соттук кабарлоонун алынгандыгын ырастоо кепилдиги менен ишке катышып жаткан жактарга жана процесстин башка катышуучуларына соттук кабарлоону жеткирүүнү камсыз кылуучу санариптик сервис;";
г) төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын;
"Эскертүү. Ушул Кодексте колдонулуучу санариптик технологияларга байланыштуу терминдер жана түшүнүктөр санариптик чөйрөдөгү укуктук жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдарда келтирилген маанилерде колдонулат.";
2) 99-берене төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"5. Ушул беренеде каралган процесстик мөөнөттөрдү эсептөө тартиби сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумун колдонуу менен сотко берилүүчү документтерге дагы жайылтылат.";
3) 104-беренеде:
а) 1-бөлүктүн биринчи-үчүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Административдик процесстин катышуучулары сот тарабынан соттук жыйналыштын же өзүнчө процесстик иш-аракет өткөрүүнүн убактысы жана орду жөнүндө аныктама менен сот актысынын көчүрмөсүн дарек ээсине тапшыруу жөнүндө кабарлоо аркылуу же билдирүүлөрдү кепилденген жеткирүү сервисин колдонуу менен почта боюнча тапшырык кат менен кабарланат. Сот административдик процесстин катышуучуларын төмөнкү ыкмалардын бири: тиешелүү кабарламаны сот тарабынан жиберүү жана дарек ээси тарабынан алуу фактысын белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү СМС-билдирүү, билдирүүлөрдү кепилденген жеткирүү сервиси, телефонограмма, телеграмма, факсимилдик байланыш, электрондук почта аркылуу же башка ушул сыяктуу телекоммуникациялык формалардын жардамы менен кабарлай же чакыра алат. Мында берилген тексттин сотто калуучу жана ишке тиркелүүчү көчүрмөсүндө бул текстти берген адамдын фамилиясы жана кызмат орду, аны берген датасы жана убактысы, ошондой эле аны кабыл алган адамдын фамилиясы жана кызмат орду көрсөтүлөт. Эгерде аныктама электрондук почта менен жиберилсе, ал көрсөтүлгөн санариптик технологиялык тутум аркылуу тапшырылган болуп эсептелет жана бул жөнүндө санариптик жазуу менен күбөлөндүрүлөт.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 5 жана 6-бөлүктөр менен толукталсын:
"5. Күбөлөрдү, эксперттерди, адистерди жана котормочуларды сотко чакыруу ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген тартипте да жүргүзүлүшү мүмкүн.
6. Сот иштин материалдарын сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумунда жайгаштырууга жана ишке катышуучу жактарга алар менен таанышууга жана кийин алардын жуп нускасын даярдоого мүмкүнчүлүк берүүгө укуктуу. Иштин материалдарын мындай жайгаштыруу талаптагыдай билдирүү болуп саналат. Кабарлоону (чакыруу кагазын) алган тараптар сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумун пайдалануу аркылуу иштин материалдары менен таанышууга укуктуу.";
4) 107-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4) эгерде сотто сот тарабынан тиешелүү кабарлоо жиберилген жана дарек ээси тарабынан алынган фактысын белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү СМС-билдирүү, билдирүүлөрдү кепилденген жеткирүү сервиси, телефонограмма, телеграмма, факсимилдик байланыш же электрондук почта аркылуу же болбосо башка каражаттарды же телекоммуникациялардын түрлөрүн пайдалануу менен кабарлоо жөнөтүлгөндүгү жөнүндө маалымат болсо.";
5) 109-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Административдик доо сотко жазуу жүзүндө берилет.";
6) 111-беренеде:
а) 1-бөлүктүн 2 жана 3-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) доогердин фамилиясы, аты (аталышы), почта дареги, банктык реквизиттери, электрондук почтасынын дареги жана мобилдик телефон номери, ошондой эле анын өкүлүнүн электрондук почтасынын дареги жана мобилдик телефон номери, эгерде андайлар бар болсо;
3) жоопкердин аталышы, фамилиясы, аты, кызмат орду жана кызмат адамынын иштеген жери, почта дареги, банктык реквизиттери, электрондук почтасынын дареги жана мобилдик телефон номери, ошондой эле анын өкүлүнүн электрондук почтасынын дареги жана мобилдик телефон номери, эгерде андайлар белгилүү болсо;";
б) 5-бөлүктө "телефондорунун номери" деген сөздөр "мобилдик телефонунун номери" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 6-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Административдик доосу сотко сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумуна жайгашкан форманы толтуруу аркылуу да санариптик түрдө берилиши мүмкүн, ага санариптик чөйрөдө укуктук жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте санариптик кол тамга же идентификатор менен кол коюлат.";
7) 124-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: "Каршы пикир сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумунда жайгашкан форманы толтуруу аркылуу санариптик түрдө берилиши мүмкүн, ага санариптик чөйрөдө укуктук жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте санариптик кол тамга же идентификатор менен кол коюлат.";
8) 125-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Ишке катышкан жактар ушул Кодекстин 1311-беренесине ылайык видеоконференцбайланыш тутумун пайдалануу менен алдын ала соттук жыйналышка катышууга укуктуу.";
9) төмөнкүдөй мазмундагы 1311-берене менен толукталсын:
"1311-берене. Видеоконференцбайланыш тутумун пайдалануу менен соттук жыйналыш
1. Соттук жыйналышты өткөрүү учурунда соттун имаратында жеке өзү катышууга объективдүү себептер боюнча мүмкүнчүлүгү болбогон ишке катышуучу жак, анын өкүлү, ошондой эле күбө, эксперт, адис же котормочу соттук жыйналышка видеоконференцбайланыш тутуму аркылуу, анын ичинде жеке санариптик түзүлүштөрдү пайдалануу менен катышууга укуктуу. Мындай жактардын соттук жыйналышка катышуусу жөнүндө маселе ишке катышкан жактардын өтүнмөсү боюнча же соттун жеке демилгеси боюнча жана соттун тиешелүү техникалык мүмкүнчүлүгү болгон учурда сот тарабынан чечилет. Жеке санариптик түзүлүштөрдү колдонуу менен видеоконференцбайланыш тутуму пайдаланылган учурда видеоконференцбайланыш тутумун колдонуу тартибине, ыкмаларына жана шарттарына коюлган талаптар сакталууга тийиш.
2. Сотко катышып жаткан жактар, ошондой эле эксперт, адис жана күбө видеоконференцбайланыш тутумун колдонуу менен соттук жыйналышка катышуу жөнүндө өтүнмөсүн процесстин кайсы баскычында болбосун сотко билдире алат.
3. Ишти карап жаткан сот соттук жыйналышка катышуусу зарыл болгон жактын жашаган жери, турган жери же жайгашкан жери боюнча видеоконференцбайланыш тутумун пайдаланууга укуктуу.
4. Катышуусу иштин туура чечилиши үчүн керек болгон адамдардын видеоконференцбайланыш тутумун пайдалануу менен соттук жыйналышка катышуусу жөнүндө сот аныктама чыгарат, ал соттук жыйналыштын протоколуна киргизилет. Соттун кабарлоосу аныктама чыккан күндөн кийинки жумушчу күндөн кечиктирилбестен ишке катышкан жактарга жана соттук процесстин башка катышуучуларына, ошондой эле видеоконференцбайланыш түзүлө турган тиешелүү сотко жиберилет.
5. Ишти карап жаткан соттун соттук жыйналышынын катчысы катышуусу ишти туура кароо үчүн зарыл болгон жактын соттук жыйналышка катышуусун видеоконференцбайланыш тутуму аркылуу камсыз кылуучу сот менен байланышты түзөт.
Мындай жактын турган жериндеги соттун кызматкери соттук жыйналышта төрагалык кылуучунун тескемеси боюнча соттук жыйналышта видеоконференцбайланыш тутумун пайдалануу менен катышуусу керек болгон жактардын келүүсүн текшерет, алардын инсандыгын аныктайт, ошондой эле соттук жыйналыштын жүрүшүндө төрагалык кылуучунун башка тескемелерин аткарат, анын ичинде зарыл болгон учурда күбөдөн көрсөтмө берүүдөн баш тартканы жана билип туруп жалган көрсөтмөлөрдү бергени үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилиги жөнүндө эскертилгендиги, ишке катышып жаткан жакка укуктары жана милдеттери түшүндүрүлгөндүгү тууралуу тил кат алат, соттук териштирүүнүн катышуучуларынан жазуу жүзүндөгү материалдарды кабыл алат. Видеоконференцбайланыш түзүлгөн жактардан сотто алынган бардык документтер соттук жыйналыш өткөн күндөн кийинки күндөн кечиктирбестен ушул ишти карап жаткан сотко иштин материалдарына тиркөө үчүн жиберилүүгө тийиш. Видеоконференцбайланыш тутуму аркылуу ишке катышып жаткан күбөнүн, эксперттин, адистин жана котормочунун процесстик мыйзамдардын талаптарын сактоолорунун зарылдыгы, көрсөтмө берүү, эксперттик корутунду чыгаруу жана котормону жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө эскертилгендиги тууралуу тил каты санариптик формада алынат. Мындай тил каттын санариптик формасы ушул Кодекстин 63, 136, 145 жана 150-беренелерине ылайык сот тарабынан алынуучу тил катка теңдештирилет.
6. Сот техникалык мүмкүнчүлүктөр жок болгон учурда (техникалык жабдыктын жоктугу же бузук болушу) соттук жыйналышты видеоконференцбайланыш тутумун колдонуу менен өткөрүү жөнүндө өтүнмөнү канааттандыруудан баш тартууга укуктуу.
7. Ушул беренеде белгиленген эрежелер апелляциялык инстанция сотунда колдонулушу мүмкүн.
8. Соттук жыйналыштын жүрүшүндө видеоконференцбайланыш тутумун колдонуу тартиби, ыкмалары жана шарттары санариптик чөйрөдө укуктук жөнгө салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык соттордун ишин уюштуруучулук жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылууну жүзөгө ашыруучу орган тарабынан аныкталат.";
10) 133-берене төмөнкүдөй мазмундагы 7-бөлүк менен толукталсын:
"7. Соттук жыйналышты өткөрүүдө ишке катышып жаткан жактар жана процесстин башка катышуучулары видеоконференцбайланыш тутумдарына жана түзүлүштөрүнө коюлуучу талаптарды аткарууга милдеттүү.";
11) 134-берене төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
"6. Видеоконференцбайланыш тутумун колдонуу менен соттук териштирүүнү жүргүзүүдө соттук жыйналышта тартипти кайрадан бузууга жол берген, ошондой эле сотко урматтоо көрсөтпөгөн жактардын чыгып сүйлөө жана өз билдирүүлөрүн айтуу (алардын видео сүрөттөлүшүн өчүрүү менен же ансыз) мүмкүнчүлүгү соттук жыйналыштын бүткүл убактысында же бөлүгүндө чектелиши мүмкүн.";
12) 137-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"137-берене. Күбөлөрдү соттук жыйналыштын залынан чыгарып салуу Келген күбөлөр соттук жыйналыш залынан чыгарып жиберилет. Төрагалык кылуучу суракка алынган күбөлөр суракка алына элек күбөлөр менен сүйлөшпөөсү үчүн чара көрөт, ал эми видеоконференцбайланыш тутумун пайдалануу менен суракка алынуучу күбөлөргө карата мындай күбөлөрдүн аларды суракка алуу башталганга чейин соттук жыйналышка көрсөтүлгөн ыкма менен катышуусун жокко чыгаруучу чараларды көрөт.";
13) 143-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5) соттук жыйналыштын жүрүшүндө сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумдарында же санариптик түзүлүштөрүндө бузулуулар келип чыкса (анын ичинде аудио жана видео жазуу каражаттарынын бузулушу). Мында соттук жыйналыштын катчысы аудио жана видео жазуу каражаттарынын оң болушун камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт.";
б) 6-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Сот процесстин катышуучусунун өтүнмөсү боюнча же өзүнүн демилгеси боюнча, анын ичинде сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумдарын же санариптик түзүлүштөрдү соттук жыйналыштын жүрүшүндө пайдаланууда бузулуулар келип чыккан учурда соттук жыйналышта тыныгуу жарыялай алат.";
14) 151-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Ар бир күбө өзүнчө суракка алынат. Күбөнү видеоконференцбайланыш тутумун пайдалануу менен суракка алуу ишти карап жаткан сот тарабынан ушул Кодекстин 1311-беренесинде каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен, ушул Кодексте белгиленген күбөнү суракка алуу үчүн жалпы эрежелер боюнча жүзөгө ашырылат.";
15) төмөнкүдөй мазмундагы 131-глава менен толукталсын:
"131-глава. Санариптик формадагы административдик сот өндүрүшүнүн өзгөчөлүктөрү
Берененин тексти 14.11.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Административдик-процесстик кодексиКодекс · 25.01.2017 · № 13
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230034650/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>