Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде Мыйзам долбоорлоруна адистештирилген экспертизалардын айрым түрлөрүн жүргүзүү боюнча стандарттарды бекитүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 25-сентябрындагы № 3546-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде Мыйзам долбоорлоруна адистештирилген экспертизалардын айрым түрлөрүн жүргүзүү боюнча стандарттарды бекитүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мыйзам долбоорлоруна экспертизаларды бирдей жүргүзүү аркылуу кабыл алынуучу мыйзамдардын сапатын жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде мыйзам долбоорлоруна адистештирилген экспертизалардын айрым түрлөрүн жүргүзүү боюнча стандарттар бекитилсин (тиркелет).
2. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде Мыйзам долбоорлорун адистештирилген экспертизаларынын айрым түрлөрүн өткөрүү боюнча стандарттарды бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 18-январындагы № 75-IV токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Н.А. Азыгалиевге жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы
Н.Тургунбек уулу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде мыйзам долбоорлорун адистештирилген экспертизаларынын айрым түрлөрүнөн өткөрүү боюнча" СтандарттарСтандарт · 18.01.2008 · № 75-IV · Күчүн жоготкон
- КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 18-январындагы № 75-IV "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде Мыйзам долбоорлорун адистештирилген экспертизаларынын айрым түрлөрүн өткөрүү…Постановление · 18.01.2008 · № 75-IV · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 16.11.2022 · № 106
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 18-январындагы № 75-IV "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде Мыйзам долбоорлорун адистештирилген экспертизаларынын айрым түрлөрүн өткөрүү…Постановление · 18.01.2008 · № 75-IV · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.