Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
2-берене
Күчүндө · 31.12.2025 редакциясы
Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 7-8, 490-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 25-берене төмөнкүдөй мазмундагы 8-бөлүк менен толукталсын:
"8. Ушул Кодекске ылайык салык органдары тарабынан башкарылуучу салыктык эмес кирешелер боюнча карыз Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген тартипте өндүрүлөт.";
2) 6-глава төмөнкүдөй мазмундагы 25-1-берене менен толукталсын:
"25-1-берене. Салыктык эмес кирешелер боюнча үмүтсүз карызды эсептен чыгаруу Салык органдары тарабынан башкарылуучу салыктык эмес кирешелер боюнча карыздар Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык үмүтсүз карыз деп аныкталат жана таанылат.";
3) 28-берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-2-бөлүк менен толукталсын:
"2-2. Ушул Кодекске ылайык салык органдары тарабынан башкарылуучу салыктык эмес кирешелер боюнча отчеттордо же эсептөөлөрдө маалымат жана дайындар жок болгон учурда мындай отчетту түзүү жана берүү талап кылынбайт.";
4) 29-берененин 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Салык кызматынын органдары башкы администраторлордун, ошондой эле башкы администраторлору жок болгон администраторлордун салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарды сактоосун текшерүүнү ыйгарым укуктуу салык органы аныктаган тартипте жүзөгө ашырат.";
5) 32-беренеде:
а) 2-бөлүктө "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 4-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
6) 128-берене "кайра иштеткенге" деген сөздөрдөн кийин "же аларды пайдаланууга" деген сөздөр менен толукталсын.
Берененин тексти 31.12.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230034409/st-2" title="2-берене - Салык салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>