7-берене
Күчүнө кире элек · 14.11.2025 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2025-жылдын 28-январы, № 6) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 241-беренеде:
а) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кызматкер өзүнүн тандоосу боюнча эмгек талаш-тартыштарын чечүү үчүн эмгек талаш-тартыштары боюнча комиссияга же эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же болбосо медиация чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык эмгек талаш-тартыштарын жөнгө салуунун милдеттүү сотко чейинки тартибин сактоодо түздөн-түз сотко кайрыла алат.";
б) 4-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 243-берене төмөнкүдөй мазмундагы 11-бөлүк менен толукталсын:
"11. Медиация аркылуу эмгек талаш-тартыштарын чечүүдө ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мөөнөттөрдүн өтүшү медиация жүргүзүү жөнүндө келишимдин колдонуу мөөнөтүнө токтотулуп турат.".
Берененин тексти 14.11.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
7-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексиКодекс · 23.01.2025 · № 23
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230034402/st-7" title="7-берене - Кыргыз Республикасынын медиация чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>