4-берене
Күчүнө кире элек · 14.11.2025 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 27-берененин 1-бөлүгүнүн 13-пункту "жабырлануучу айыпталуучу менен" деген сөздөрдөн кийин ", анын ичинде медиатордун жардамы менен" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 40-берененин 4-бөлүгүнүн 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) өтүнүчтөрдү жана четтетүүлөрдү, анын ичинде медиация жол-жобосун өткөрүүгө жиберүү жөнүндө билдирүүгө;";
3) 44-беренеде:
а) 1-бөлүктүн 13-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13) өтүнүчтөрдү жана четтетүүлөрдү, анын ичинде медиация жол-жобосун өткөрүүгө жиберүү жөнүндө билдирүүгө;";
б) 2-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
"11) тергөөчү же сот жибергенде, медиациялык маалыматтык жолугушууга келүүгө;";
4) 55-берененин 4-бөлүгүнүн 7-пункту "медиатор" деген сөздөн кийин ", медиация борборлорунун кызматкерлери" деген сөздөр менен толукталсын;
5) 80-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 72-пункт менен толукталсын:
"72) медиациялык маалыматтык жолугушууда же медиация өткөрүүнүн жүрүшүндө алынган маалыматтар;";
6) 153-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 21-пункт менен толукталсын:
"21) тараптар өз алдынча элдешкен учурларды кошпогондо, аларды медиациялык маалыматтык жолугушууга жөнөтүүгө;";
7) 507-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Коркунучтуулугу аз кылмыштар жана анча оор эмес кылмыштар боюнча тергөөчү же сот тараптардын жарашуусунун, анын ичинде медиатордун жардамы менен жарашуусунун негизинде ишти токтотуп, бул жөнүндө жүйөлөнгөн токтом чыгарышат.".
Берененин тексти 14.11.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдыкКодекс · 28.10.2021 · № 129
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230034402/st-4" title="4-берене - Кыргыз Республикасынын медиация чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>