Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоо комиссиялары тарабынан укук бузуулар жөнүндө иштерди кароонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2025-жылдын 1 - августу № 50
Шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоо комиссиялары тарабынан укук бузуулар жөнүндө иштерди кароонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө укук бузуулар жөнүндө иштерди бирдиктүү жүргүзүүнүн тартибин белгилөө максатында, "Укук бузуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 451, 455-беренелерин жетекчиликке алып, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4 жана 8-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоо комиссиялары тарабынан укук бузуулар жөнүндө иштерди кароонун тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын "Шайлоону жана референдумдарды даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан түзүлүүчү администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколду түзүүнүн тартиби жана формасы жөнүндө" нускаманы бекитүү тууралуу" 2017-жылынын 24-февралындагы № 473 токтом;
2) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын "Шайлоо комиссияларынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" 2020-жылынын 11-февралындагы № 41 токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 11-февралындагы № 41 токтому менен бекитилген шайлоо комиссиялары тарабынан бузуулар жөнүндөгү иштерди кароо тартиби жөнүндөгү Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" 2020-жылдын 10-августундагы № 161 токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 11-февралындагы № 41 "Шайлоо комиссияларынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" 2024-жылдын 23-сентябрындагы № 135 токтому.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү аймактык шайлоо комиссияларына жиберилсин.
4. Бул токтом "Эркин-Тоо" гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С.Жупуевага жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 8-августунун № 59 (3715) саны менен жарыяланган.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы
Т.Шайназаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (2)
- Шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоо комиссиялары тарабынан укук бузуулар жөнүндө иштерди кароонун тартиби тууралуу Жобо (КР Шайлоо жана…Положение · 01.08.2025 · № 50
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 2020-жылдын 11-февралындагы №41 "Шайлоо комиссияларынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо тартиби…Постановление · 11.02.2020 · № 41 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 2020-жылдын 11-февралындагы №41 "Шайлоо комиссияларынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо тартиби…Постановление · 11.02.2020 · № 41 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексиКодекс · 28.10.2021 · № 128
- КР 2021-жылдын 26-июнундагы № 79 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Конституциялык мыйзамыКонституционный Закон · 26.06.2021 · № 79