6-берене
Күчүндө · 28.11.2025 редакциясы
"Банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 17-августу, № 72-74) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 11-берененин 1-бөлүгүндө:
а) биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Пайыздык ставканын, комиссиялык сый акынын өлчөмдөрү жана банктык кызмат көрсөтүүлөр үчүн тарифтер, эгерде Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында башкача каралбаса, банктык кызматтарды көрсөтүүчү жактар тарабынан өз алдынча белгиленет.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Улуттук банк банктык кызматтарды көрсөтүүчү жактардын банктык кызмат көрсөтүүлөрүнө болгон пайыздык ставканын, комиссиялык сый акынын жана тарифтердин өлчөмүнө карата чектөөлөрдү жана тыюу салууларды колдонууга укуктуу, ошондой эле монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндө кошумча талаптарды, анын ичинде пайыздык ставканын, комиссиялык сый акынын жана банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтеринин экономикалык негиздүүлүгүнө карата талаптарды белгилейт.";
2) 85-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында, кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана сүткорлук ишти чектөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ченемдердин, талаптардын жана чектөөлөрдүн бузулушу таасир этүү чараларын колдонуу үчүн негиз болуп саналат.".
Берененин тексти 28.11.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Банктар жана банк иштери жөнүндөЗакон · 11.08.2022 · № 93
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230034391/st-6" title="6-берене - Банктык укуктук мамилелердин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>