4-берене
Күчүндө · 28.11.2025 редакциясы
"Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 9, 412-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 5-статьянын 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Кызмат көрсөтүүлөр үчүн комиссиялык сый акынын жана төлөмдүн өлчөмү, эгерде Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында башкача белгиленбесе, микрофинансы уюмдары тарабынан өз алдынча белгиленет. Пайыздын ставкасынын өлчөмү, эгерде Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында башкача белгиленбесе, микрофинансы уюмдары тарабынан өз алдынча белгиленет.";
2) 28-статьянын 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5) ушул Мыйзамда, Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында, кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана сүткордук ишти чектөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган таасир этүү чараларын колдонууга;";
3) 35-статьянын 12-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12. Улуттук банк микрокредиттик компанияларга жана микрокредиттик агенттиктерге карата ушул Мыйзамда, Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында, кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана сүткордук ишти чектөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жөнгө салуу, көзөмөлдөө жана таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу.";
3) З5-3-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган керектөөчүлөрдүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузгандыгы үчүн Улуттук банк микрофинансылык уюмга Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында, ошондой эле сүткорлук ишти чектөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу.".
Берененин тексти 28.11.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндөЗакон · 23.07.2002 · № 124
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230034391/st-4" title="4-берене - Банктык укуктук мамилелердин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>