3-берене
Күчүндө · 28.11.2025 редакциясы
"Кредиттик союздар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 2, 108-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 25-статья төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5. Комиссиялык сый акынын жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдүн өлчөмү кредиттик союздар тарабынан, эгерде Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында башкача белгиленбесе, өз алдынча белгиленет. Пайыздык чендин өлчөмү кредиттик союздар тарабынан, эгерде Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында башкача белгиленбесе, өз алдынча белгиленет.";
2) 30-статьянын 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ушул статьяда каралган таасир этүү чараларынан тышкары Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында, кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана сүткорлук ишти чектөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка чараларды жана санкцияларды колдонууга укуктуу.".
Берененин тексти 28.11.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кредиттик союздар жөнүндөЗакон · 28.10.1999 · № 117
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230034391/st-3" title="3-берене - Банктык укуктук мамилелердин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>