2025–2027-жылдарга адам укуктары боюнча иш-аракеттер планы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесине ылайык бекитилди)
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 989-т тескемесине ылайык бекитилди)
2025–2027-жылдарга адам укуктары боюнча иш-аракеттер планы
№
Милдеттер
Чаралар
Күтүлгөн натыйжа
Ишке ашыруу мөөнөтү
Аткаруучулар
1. Эл аралык укук коргоо механизмдери менен өз ара аракеттенүү
1
Колдонуудагы ченемдик актыларды, Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин жана БУУнун жана УМСтин келишимдик органдары тарабынан берилген сунуштамаларды талдоонун негизинде адам укуктары жаатындагы улуттук мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана берүү
БУУнун жана УМСтин келишимдик органдарынын сунуштамаларын эске алуу менен колдонуудагы мыйзамдарга укуктук талдоо жүргүзүү
Аларды эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүүгө багытталган, адам укуктары жаатындагы негизги ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү боюнча сунуштардын пакети даярдалды жана АУКК жыйнашылына берилди
Квартал сайын
АУКК, АУКК катчылыгы
2
Колдонуудагы улуттук механизмдер аркылуу УМСке, атайын жол-жоболорго жана келишимдик органдарга катышууну кошкондо, БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин эл аралык укук коргоо механизмдеринин алкагында Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерин координациялоону жана ишке ашырууну камсыз кылуу
Жарандык коом менен консультацияларды өткөрүү менен улуттук баяндамаларды жана маалыматты өз убагында даярдоо жана БУУнун укук коргоо түзүмдөрүнө берүү
Улуттук баяндамалар жана материалдар БУУнун укук коргоо түзүмдөрүнө белгиленген мөөнөттө берилди. Улуттук баяндамаларды даярдоодо жарандык коом менен консультацияларды өткөрүү камсыз кылынды. БУУнун атайын органдарынын өлкөгө иш сапарына уюштуруучулук жана маалыматтык көмөк көрсөтүү камсыз кылынды
Квартал сайын
АУКК, АУКК катчылыгы
2. Таза айлана-чөйрөгө укук
3
Эскирген пестициддердин таасиринен калктын саламаттыгын жана айлана-чөйрөнү коргоону күчөтүү
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин эскирген пестициддер көмүлгөн жерлер үчүн жооптуу органды аныктоо жөнүндө чечиминин долбоорун демилгелөө
Эскирген пестициддер көмүлгөн жерлер үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу орган аныкталды
2026- жылдын I–II кварталдары
ЖРЭТКМ, ССМ
4
Өндүрүштүк калдыктар менен булгануу деңгээлин кыскартуу боюнча системалуу ишти улантуу
Өндүрүштүк калдыктар менен булгануу дэңгээлин кыскартуу боюнча чараларды көрүү
Өндүрүштүк калдыктар менен булгануу деңгээли кыскарды
Квартал сайын
ЖРЭТКМ
3. Билим алууга укук
5
Балдардын, өзгөчө майыптыгы бар балдардын сапаттуу, инклюзивдүү билим алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү
Майыптыгы бар адамдар үчүн кирүү мүмкүнчүлүгү талаптарына ылайык мектепке чейинки мекемелерди жана мектептерди пандустар менен этап-этабы менен жабдуу, жайларды (класстар, ашканалар, дааратканалар) жабдуу
Майыптыгы бар балдардын мектептерде инклюзивдүү чөйрө түзүүнү кошкондо, сапаттуу билим алууга бирдей жана тоскоолдуксуз мүмкүнчүлүгү камсыз кылынды
2026- жылдын I–IV кварталы
Агартуумин, ЭСКММ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
6
Мектептердин имараттарына жана бардык коммуникацияга мониторинг жүргүзүү
Алардын техникалык абалы жана жабдылышы боюнча республиканын бардык мектептерине мониторинг жүргүзүү
Региондордо инфраструктураны жакшыртууга өзгөчө басым жасоо менен оңдоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлдү
Квартал сайын
Агартуумин, Курулуш министрлиги, ӨКМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
7
Мектеп рэкети фактыларын алдын алуу жана аныктоо боюнча ишти күчөтүү
Укук коргоо органдарынын кызматкерлерин тартуу менен педагогдор тарабынан төмөнкүлөрдү: – үзгүлтүксүз тарбиялык иш-чараларды; – ар бир чейректин башында өзүнүн балдарына карата сактык зарылдыгы (эсепке алынбаган акча каражаттарынын пайда болушу, мектепке баруудан коркуу ж.б.) жөнүндө чогулуштарды, класстык сааттарды өткөрүү
Окуучуларды опузалоо жана психологиялык басым жасоо учурларынын саны кыскарды
Квартал сайын
Агартуумин, КРП облустардагы ЫУӨ, ИИМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
8
Республиканын айыл райондорунда же алыскы региондорунда жайгашкан мектептерде суу менен камсыздоо системаларынын инфраструктурасын жана санитардык-гигиеналык ыңгайлуулуктарды жакшыртуу
Айылдагы мектептердин инфраструктурасынын абалына мониторинг жүргүзүү. Мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча аларды оңдоо жана суу менен камсыздоо, анын ичинде санитардык-гигиеналык шарттар менен камсыздоо үчүн мамлекеттик бюджеттен каражаттарды бөлүүнү кароо
Айылдагы мектептердин инфраструктурасынын абалына мониторинг жүргүзүлдү. Мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча объекттерди оңдоого, ошондой эле аларды суу менен камсыздоого, анын ичинде санитардыкгигиеналык шарттарды белгиленген стандарттарга шайкеш келтирүүгө мамлекеттик бюджеттен каражаттар бөлүндү
Квартал сайын
Агартуумин, ФМ, Курулуш министрлиги, САЧКӨМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
4. Ден соолукка укук
9
Бейтаптардын укуктары бузулган учурларды талдоо мүмкүнчүлүгү менен медициналык кызматкерлер тарабынан укук бузуулар жөнүндө маалыматтар базасын ишке киргизүү
Бейтаптардын укуктары бузулган учурларды талдоо мүмкүнчүлүгү менен медициналык кызматкерлер тарабынан укук бузуулар жөнүндө маалыматтар базасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү
Бейтаптардын укуктары бузулган учурларды талдоо мүмкүнчүлүгү менен медициналык кызматкерлер тарабынан укук бузуулар жөнүндө маалыматтар базасы ишке киргизилди
2026- жылдын I–IV кварталдары
БП (макулдашуу боюнча)
10
Чоңдор жана балдар үчүн альтернативдик багуунун бардык типтеги мекемелеринде жана интернат мекемелеринде үзгүлтүксүз контролдоону жана мониторинг жүргүзүү
Туруктуу текшерүүлөрдү жүргүзүү. Текшерүүчү ведомстволордун расмий онлайн-баракчаларына текшерүүнүн жыйынтыктары жана көрүлгөн чаралар жөнүндө маалыматты жайгаштыруу. Жарандардан жана кызматкерлерден бузуулар жөнүндө сигналдар үчүн тынымсыз байланыш линиясын түзүү
Үзгүлтүксүз текшерүүлөр жүргүзүлдү. Текшерүүчү ведомстволордун расмий онлайн-баракчаларына текшерүүнүн жыйынтыктары жана көрүлгөн чаралар жөнүндө маалымат жайгаштырылды. Жарандардын жана кызматкерлердин бузуулар жөнүндө кайрылуулары үчүн тынымсыз байланыш линиясы түзүлдү
Квартал сайын
ЭСКММ, Акыйкатчы (макулдашуу боюнча), УМС катчылыгы, БП (макулдашуу боюнча)
11
Коопсуз сууга укуктун эл аралык стандарттарына ылайык ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системасын өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдоо
Эл аралык стандарттарды (БУУ, ДСУ, ТӨМ-6 ж.б.) укуктук изилдөө. Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системасын жакшыртуу боюнча аналитикалык маалымкатты даярдоо жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизүү
Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системасын өркүндөтүү маселелери боюнча аналитикалык маалымкат даярдалды жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна сунуштар киргизилди
2026- жылдын I–II кварталдары
САЧКӨМ, ЖРЭТКМ, ЮМ, ССМ
12
Мыйзамдык жана институттук деңгээлдерде баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча күч-аракеттерди күчөтүү
Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу баңгизат каражаттарынын жана психотроптук заттардын транзитин аныктоо, бөгөт коюу жана алдын алуу максатында чек ара жана бажылык контролдоо чараларын күчөтүү. Региондогу мамлекеттердин укук коргоо органдарынын баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматташуусун бекемдөө. Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүү чөйрөсүндөгү кылмыштарды иликтөө жана алдын алуу үчүн криминалистика илиминин заманбап методдорун ишке киргизүү
Баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды мыйзамсыз жүгүртүү каналдарын натыйжалуу аныктоо жана бөгөт коюу максатында чек ара жана бажылык контролдоо күчөтүлдү. Региондогу мамлекеттердин укук коргоо органдарынын баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматташуусу бекемделди. Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүү чөйрөсүндөгү кылмыштарды иликтөө жана алдын алуу үчүн криминалистика илиминин заманбап методдору ишке киргизилди
Квартал сайын
ИИМ, ССМ, САЧКӨМгө караштуу ВФКК, УКМК, КМ, МБК, ЖАМК
13
Сексуалдык жана репродуктивдик ден соолук маселелери, анын ичинде контрацепция методдору, ВИЧтин жана жыныстык жол менен жугуучу инфекциялардын жугуу тобокелдиги жөнүндө маалыматтык-агартуу өнөктүгүн жүргүзүү
ЖМКда тиешелүү тематикадагы макалаларды жарыялоо жана видеороликтерди көрсөтүү, ошондой эле медициналык адистердин катышуусу менен радио жана телеберүүлөрдү уюштуруу. Жалпы билим берүүчү мектептерде 6-класстан тартып тематикалык сабактар уюштурулат
ЖМКда тиешелүү тематикадагы макала жарыяланды жана видеороликтер көрсөтүлдү, ошондой эле медициналык адистердин катышуусу менен радио жана телеберүүлөр уюштурулду. Жалпы билим берүүчү мектептерде 6-класстан тартып тематикалык сабактар уюштурулду
Квартал сайын
Агартуумин, ССМ, УТК, “ЭлТР” МТК, “Эркин-Тоо” МРГ, “Кыргыз Туусу” БҮ, “Слово Кыргызстана” БҮ
14
Ден соолуктун социалдык факторлоруна (жакырчылык, зомбулук жана басмырлоо сыяктуу), бейтаптарды дарылоодо адам укуктарына, медициналык этиканын принциптерине, медициналык жардам көрсөтүүдө басмырлабоого жана психиатриялык стационарларда иштөө өзгөчөлүктөрүнө өзгөчө көңүл буруу менен медициналык билим берүүнүн окуу программасына укук коргоо ыкмасын киргизүү
Адам укуктары жана ден соолуктун социалдык аспекттери боюнча окуу модулун (же курсун) иштеп чыгуу жана ишке киргизүү. Тиешелүү темаларды киргизүү менен тийиштүү сабактарды (этика, психиатрия, коомдук саламаттык) жаңылоо. Окутуучулар үчүн тренингдерди өткөрүү. Басмырлоо, жакырчылык, зомбулук жана бейтаптардын укуктарын бузуу маселелерин чагылдырган кейсметоддорду, ролдук оюндарды жана симуляцияларды ишке киргизүү
Студенттердин адам укуктары жана бейтаптардын социалдык аялуулугу жөнүндө маалымдуулук деңгээли жогорулады. Медициналык жардам көрсөтүүдө ден соолуктун социалдык детерминанттарын эске алууга жөндөмдүү адистер даярдалды. Медицина чөйрөсүндө, өзгөчө психиатриялык мекемелерде стигматизация жана басмырлоо практикалары төмөндөдү
Квартал сайын
Агартуумин, ССМ, ИЖБИМ
15
Айыл райондорун ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча стратегияны же программаны иштеп чыгуу
Учурдагы абалды талдоону, муктаждыктарды баалоону, артыкчылыктуу региондорду аныктоону, инвестицияларды тартууну жана суу менен камсыздоо боюнча чечимдерди ишке киргизүүнүн жол картасын иштеп чыгууну кошкондо, улуттук же региондук стратегияны иштеп чыгуу
Артыкчылыктуу айыл райондорунда ичүүчү сууга жакшыртылган жеткиликтүүлүктү, сапатсыз сууну пайдаланууга байланышкан ооруларды азайтууну ишке ашыруунун так этаптары менен программа бекитилди
2026- жылдын I–II кварталдары
САЧКӨМ
16
Баңгизатты колдонгон адамдын жана жактардын укуктарын коргоону күчөтүү максатында социалдык жана медициналык кызматкерлер, балдарды коргоо боюнча органдардын, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана башка мамлекеттик кызматчылар үчүн баңгизаттар менен мамилелер чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат маселелери боюнча окутуу программаларын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү
Билим берүү модулдарын жана тренингдерди түзүү, онлайн жана офлайн окутууларды өткөрүү, методикалык материалдарды иштеп чыгуу, семинарларды жана вебинарларды уюштуруу
Билим берүү модулдары жана тренингдер түзүлдү, онлайн жана офлайн окутуулар өткөрүлдү, методикалык материалдар иштелип чыкты, семинарлар жана вебинарлар уюштурулду
2026- жылдын I–IV кварталдары
ИИМ, ССМ, ЭСКММ, Агартуумин, БП (макулдашуу боюнча), Акыйкатчы (макулдашуу боюнча), ЖАМК
5. Майыптыгы бар адамдардын укуктары
17
Республиканын бардык аймагында инклюзивдик билим берүүнү ишке киргизүү
Республиканын бардык аймагында инклюзивдик билим берүүнү ишке киргизүү. Инклюзивдик билим берүүнү ишке киргизүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө тиешелүү маалыматтыктүшүндүрүү иштерин жүргүзүү
Республиканын бардык аймагында инклюзивдик билим берүү ишке киргизилди. Инклюзивдик билим берүүнү ишке киргизүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө тиешелүү маалыматтыктүшүндүрүү иштери жүргүзүлдү
2026- жылдын I–IV кварталдары
Агартуумин, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), УТК, “ЭлТР” МТК, “Эркин-Тоо” МРГ, “Кыргыз Туусу” БҮ, “Слово Кыргызстана” БҮ
18
Жаңдоо тилин толук тил катары таануу, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктү кепилдөө жана билим берүү, саламаттык сактоо сыяктуу тармактарда жандоо тилин колдонуу боюнча сунуштарды даярдоо
Жаңдоо тилин толук тил катары таануу, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктү кепилдөө жана билим берүү, саламаттык сактоо сыяктуу тармактарда жандоо тилин колдонуу боюнча сунуштарды даярдоо
Жаңдоо тилин толук тил катары таануу, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктү кепилдөө жана билим берүү, саламаттык сактоо сыяктуу тармактарда жандоо тилин колдонуу боюнча сунуштар даярдалды
2026- жылдын I–IV кварталдары
ЭСКММ, Агартуумин, ССМ
19
Менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан психиатриялык стационарларда адамдарды кармоо шарттары боюнча ченемдерди жана эрежелерди ишке ашырууну камсыз кылуу
Менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан психиатриялык стационарларда адамдарды кармоо шарттары боюнча ченемдерди жана эрежелерди ишке ашырууну камсыз кылуу
Менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан психиатриялык стационарларда адамдарды кармоо шарттары боюнча ченемдер жана эрежелер ишке ашырылды
2026- жылдын I–IV кварталдары
ССМ
6. Улгайган адамдардын укуктары
20
Улгайган адамдарга кам көрүүнүн альтернативдүү варианттарын ишке киргизүү
Улгайган адамдарга кам көрүүнүн альтернативдүү варианттарын ишке киргизүү боюнча сунуштарды даярдоо
Улгайган адамдарга кам көрүүнүн альтернативдүү варианттарын ишке киргизүү боюнча сунуштар даярдалды
2026- жылдын I–IV кварталдары
ЭСКММ
21
Улгайган адамдар үчүн интернат тибиндеги мекемелерде даттанууларды берүү үчүн аноним ящиктерди түзүү, тынымсыз байланышка жетүүнү камсыз кылуу
Улгайган адамдар үчүн интернат тибиндеги мекемелерде даттанууларды берүү үчүн аноним ящиктерди киргизүү, тынымсыз байланышка жетүүнү камсыз кылуу
Улгайган адамдар үчүн интернат тибиндеги мекемелерде даттанууларды берүү үчүн аноним ящиктер киргизилди жана тынымсыз байланышка жетүү камсыз кылынды
2026- жылдын I–IV кварталдары
ЭСКММ, Акыйкатчы (макулдашуу боюнча)
7. Балдардын укуктары
22
Билим берүү уюмдарында алардын кызматкерлери тарабынан акча каражаттарын чогултуу мыйзамсыздыгы тууралуу системалуу маалыматтык кампанияны жүргүзүү
ЖМКда макалаларды жарыялоо жана тематика боюнча роликтерди көрсөтүү, билим берүү уюмдарынын кызматкерлери катышкан радио жана телеберүүлөрдү өткөрүү. Ар бир мектептин маалымат такталарында мектепте акча каражаттарын талап кылуу учурларында ушул маселе боюнча кайрыла турган ишеним телефондору көрсөтүлгөн кабарлоолорду жайгаштыруу
ЖМКда макалалар жарыяланды жана тиешелүү тематика боюнча роликтер көрсөтүлдү, билим берүү уюмдарынын кызматкерлери катышкан радио жана телеберүүлөр өткөрүлдү. Ар бир мектептин маалымат такталарында мектепте акча каражаттарын талап кылуу учурларында ушул маселе боюнча кайрыла турган ишеним телефондору көрсөтүлгөн кабарлоолор жайгаштырылды
Квартал сайын
Агартуумин, ММЖСМ, УТК, “ЭлТР” МТК, “Эркин-Тоо” МРГ, “Кыргыз Туусу” БҮ, “Слово Кыргызстана” БҮ
23
Балдар менен иштеген адистерди БУК принциптерине үйрөтүү жана алардын квалификациясын жогорулатуу
Балдар менен иштеген адистер үчүн БУК принциптерин окутуу боюнча семинарларды, тренингдерди жана квалификациясын жогорулатуу курстарын өткөрүү
Балдар менен иштеген адистер үчүн БУК принциптерин окутуу боюнча семинарлар, тренингдер жана квалификациясын жогорулатуу курстары өткөрүлдү
2026- жылдын I–IV кварталдары
ЭСКММ, Агартуумин
24
Убактылуу камкорчулукка алуу ыктымалдыгы максатында эмгек мигранттарынын балдарын аныктоо механизмин киргизүү
Убактылуу камкорчулукка алуу ыктымалдыгы максатында эмгек мигранттарынын балдарын аныктоо механизмин киргизүү боюнча сунуштарды даярдоо
Убактылуу камкорчулукка алуу ыктымалдыгы максатында эмгек мигранттарынын балдарын аныктоо механизмин киргизүү боюнча сунуштар даярдалды
2026- жылдын I–IV кварталдары
ЭСКММ, ИИМ, ССМ, Агартуумин, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
25
Билим берүү уюмдарында акча каражаттарын чогулткан адамдарга карата чара көрүү
Билим берүү уюмдарында үзгүлтүксүз текшерүүлөрдү жүргүзүү жана алардын жыйынтыгы боюнча тиешелүү чараларды көрүү
Билим берүү уюмдарында үзгүлтүксүз текшерүүлөр жүргүзүлдү жана алардын жыйынтыгы боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү
Квартал сайын
Агартуумин, ИИМ, КРП облустардагы ЫУӨ
26
Интернат тибиндеги балдар мекемелеринде даттанууларды берүү үчүн аноним ящиктердин жана тынымсыз байланыштын (111, 112, 115 ж.б.) талаптагыдай иштешине контролду күчөтүү боюнча чараларды көрүү
Интернат тибиндеги балдар мекемелеринде даттанууларды берүү үчүн аноним ящиктердин жана тынымсыз байланыштын (111, 112, 115 ж.б.) талаптагыдай иштешине текшерүүлөрдү жүргүзүү
Интернат тибиндеги балдар мекемелеринде даттанууларды берүү үчүн аноним ящиктердин жана тынымсыз байланыштын (111, 112, 115 ж.б.) талаптагыдай иштешине текшерүүлөр жүргүзүлдү
Квартал сайын
Агартуумин, ЭСКММ, ССМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), Акыйкатчы (макулдашуу боюнча), БУЫУӨ катчылыгы
27
Кыргыз Республикасынын 2025–2028-жылдарга Балдар укуктары жөнүндө конвенциянын аткарылышы жөнүндө бириктирилген бешинчи жана алтынчы мезгилдүү баяндамаларынын жыйынтыктары боюнча берилген БУУнун Балдар укуктары боюнча комитетинин корутунду сунуштарын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын долбоорун иштеп чыгуу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечиминин долбоорун демилгелөө
БУУнун Балдар укуктары боюнча комитетинин корутунду сунуштарын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы кабыл алынды
2026- жылдын I кварталы
БУЫУӨ катчылыгы, ЭСКММ
8. Аялдардын укуктары
28
Аялдарга зомбулук көрсөтүүгө жана аларды никеге турууга мажбурлоо учурларын натыйжалуу иликтөөнү камсыз кылуу, күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу жана мындай процесстерди ММКда кеңири чагылдыруу боюнча чараларды көрүү
Аялдарга зомбулук көрсөтүүгө жана аларды никеге турууга мажбурлоого күнөөлүү адамдарга карата иликтөө жүргүзүү жана жоопкерчиликке тартуу, бул процесстерди ММКда кеңири чагылдыруу
Аялдарга зомбулук көрсөтүүгө жана аларды никеге турууга мажбурлоого күнөөлүү адамдарга карата иликтөө жүргүзүлдү жана жоопкерчиликке тартылды, ошону менен бирге бул процесстерди ММКда кеңири чагылдыруу камсыз кылынды
Квартал сайын
ИИМ, БП (макулдашуу боюнча), ЖС (макулдашуу боюнча), УТК, “ЭлТР” МТК, “Эркин-Тоо” МРГ, “Кыргыз Туусу” БҮ, “Слово Кыргызстана” БҮ
9. Мигранттардын укуктары
29
ЭЭУнун 1975-жылдын 24-июнундагы № 143 Миграция жаатындагы кыянаттык кылуулар жөнүндө жана мигрант жумушчуларга бирдей мүмкүнчүлүктөр менен мамилени камсыз кылуу жөнүндө конвенциясын ратификациялоонун максатка ылайыктуулугу тууралуу сунуштарды даярдоо
ЭЭУнун 1975-жылдын 24-июнундагы № 143 Миграция жаатындагы кыянаттык кылуулар жөнүндө жана мигрант жумушчуларга бирдей мүмкүнчүлүктөр менен мамилени камсыз кылуу жөнүндө конвенциясынын жоболорунун улуттук мыйзамдарга ылайык келүүсүнө талдоо жүргүзүү. ЭЭУнун 1975-жылдын 24-июнундагы № 143 Миграция жаатындагы кыянаттык кылуулар жөнүндө жана мигрант жумушчуларга бирдей мүмкүнчүлүктөр менен мамилени камсыз кылуу жөнүндө конвенциясын ратификациялоонун кесепеттерин жана пайдасын талкуулоо үчүн мамлекеттик органдардын жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү катышкан консультациялык жолугушууларды уюштуруу
Аналитикалык маалымкат, негизделген чечимдин долбоору жана маалымдама материалдарды камтыган жыйынтыктоочу документтер топтому даярдалды
2026- жылдын II кварталы
ЭСКММ, Акыйкатчы (макулдашуу боюнча)
30
Миграция менен байланышкан мүмкүн болуучу тобокелдиктерге тушүндүрмө берүүгө багытталган маалыматтык кампанияларды өткөрүү
Тематикалык макалаларды ММКга жарыялоо жана видеороликтерди көрсөтүү, ИИМдин, ЭСКММнын кызматкерлери, ошондой эле мекенине кайтып келген мигранттар катышкан радио жана телеберүүлөрдү өткөрүү
ЖМКларга тематикалык макалалар жарыяланды жана видеороликтер көрсөтүлдү, ИИМдин, ЭСКММнын кызматкерлери, ошондой эле мекенине кайтып келген мигранттар катышкан радио жана телеберүүлөр өткөрүлдү
Квартал сайын
ЭСКММ, ИИМ, ТИМ, ММЖСМ, УТК, “ЭлТР” МТК, “Эркин-Тоо” МРГ, “Кыргыз Туусу” БҮ, “Слово Кыргызстана” БҮ
31
ЭЭУнун 2011-жылдын 16-июнундагы № 189 Үй жумушчуларынын татыктуу эмгеги жөнүндө конвенциясын ратификациялоонун максатка ылайыктуулугу тууралуу сунуштарды даярдоо
ЭЭУнун 2011-жылдын 16-июнундагы № 189 Үй жумушчуларынын татыктуу эмгеги жөнүндө конвенциясынын жоболорунун улуттук мыйзамдарга ылайык келүүсүнө талдоо жүргүзүү. ЭЭУнун 2011-жылдын 16-июнундагы № 189 Үй жумушчуларынын татыктуу эмгеги жөнүндө конвенциясын ратификациялоонун кесепеттерин жана пайдасын талкуулоо үчүн мамлекеттик органдардын жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү катышкан консультациялык жолугушууларды уюштуруу
Аналитикалык маалымкат, негизделген чечимдин долбоору жана маалымдама материалдарды камтыган жыйынтыктоочу документтер топтому даярдалды
2027- жылдын I кварталы
ЭСКММ
32
“Тышкы миграцияны эсепке алуу бирдиктүү системасы” автоматташтырылган маалыматтык системасын кеңейтүү
Автоматташтырылган маалыматтык системаны сандык жана сапаттык маалыматтар, ошондой эле жынысы, курагы, өлкөгө кирүүнүн жана андан чыгуунун себептери боюнча, аткарган жумушунун түрү боюнча бөлүнгөн статистикалык маалыматтар каралган кошумча статистикалык маалыматтар менен толуктоо
Автоматташтырылган маалыматтык система сандык да, сапаттык да маалыматтар, ошондой эле жынысы, курагы, өлкөгө кирүүнүн жана андан чыгуунун себептери боюнча, аткарган жумушунун түрү боюнча бөлүнгөн статистика каралган кошумча статистикалык маалыматтар менен толукталды
2026- жылдын III–IV кварталдары
УКМК, ЭСКММ
33
Мигранттардын активдүү шайлоо укуктарын ишке ашыруусу үчүн шарттарды түзүү
Консулдук мекемелер, социалдык тармактар жана диаспоралык бирикмелер аркылуу жарандардын шайлоо укуктарын түшүндүрүү боюнча маалыматтык кампанияларды өткөрүү
Консулдук мекемелердин, социалдык тармактардын жана диаспоралык бирикмелердин ресурстарын колдонуу менен жарандардын шайлоо укуктарын түшүндүрүү боюнча маалыматтык кампаниялар өткөрүлдү
2026- жылдын I–IV кварталдары
ТИМ, БШК, ЭСКММ
34
Кыргыз Республикасына кайтып келген жумушсуз мигранттарды эмгек рыногунда талап кылынган кесиптерге окутуу аркылуу, жумушка орноштурууга көмөк көрсөтүү боюнча чараларды көрүү
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү акысыз алуу укугу тууралуу маалыматтык кампанияларды өткөрүү. Кыргыз Республикасына кайтып келген мигранттар үчүн кошумча билим берүү, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу курстарын уюштуруу
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү акысыз алуу укугу тууралуу маалыматтык кампаниялар өткөрүлдү. Кыргыз Республикасына кайтып келген мигранттар үчүн кошумча билим берүү жана кайра даярдоо курстары уюштурулду
Квартал сайын
ЭСКММ, Агартуумин, УТК, “ЭлТР” МТК, “Эркин-Тоо” МРГ, “Кыргыз Туусу” БҮ, “Слово Кыргызстана” БҮ
10. Теңчилик жана басмырлабоого болгон укук
35
Чыр-чатактардын алдын алуунун жана коомдук ынтымакты бекемдөө максатында, Кыргыз Республикасынын бардык азчылык топторунун өкүлдөрүнүн активдүү катышуусу менен жергиликтүү коомдоштуктарда этностор аралык, конфессиялар аралык жана башка социалдык карамакаршылыктарды системалуу алдын алуу жана эрте аныктоону камсыз кылуу
Жарандык коомдун катышуусу менен маалыматтарды чогултуу жана талдоо. Коомдоштуктарда чыңалуунун өсүшү жөнүндө сигналдарга тез чара көрүү механизмдерин киргизүү. Келип чыккан чырчатактарга биргелешип чара көрүү үчүн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коомдун жана азчылык топторунун ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жөнгө салууну камтыган тиешелүү нускамаларды иштеп чыгуу
Жарандык коомдун катышуусу менен маалыматтарды чогултуу жана талдоо жүргүзүлдү. Коомдоштуктарда чыңалуунун өсүшү жөнүндө сигналдарга тез чара көрүү механизми киргизилди. Келип чыккан чырчатактарга биргелешип чара көрүү үчүн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коомдун жана азчылык топторунун ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жөнгө салууну камтыган тиешелүү нускамалар иштелип чыкты
2026- жылдын I–IV кварталдары
ДИЭМУА, КРП облустардагы ЫУӨ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ИИМ, УКМК
36
Мамлекеттик кызматчылар, судьялар, укук коргоо органдарынын жана кылмыш-жаза аткаруу системасынын кызматкерлери үчүн Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерине ылайык бардык азчылык топторунун өкүлдөрүн басмырлабоо принциптери жана адам укуктарын басмырлоонун бардык формаларынан коргоонун укуктук механизмдерин жана инструменттерин пайдалануу принциптери жөнүндө окутуучу семинарларды/ тренингдерди өткөрүү
Азчылыктарды басмырлабоо жана укуктарын коргоо боюнча окуу модулдарын иштеп чыгуу. Окутуучу семинарларды, тренингдерди жана квалификациясын жогорулатуу курстарын өткөрүү
Азчылыктарды басмырлабоо жана укуктарын коргоо боюнча окуу модулу иштелип чыкты. Окутуучу семинарлар, тренингдер жана квалификациясын жогорулатуу курстары өткөрүлдү
2026–2027- жылдардын I–IV кварталдары
ЖС САЖМ (макулдашуу боюнча), БП (макулдашуу боюнча), ДИЭМУА
37
Республиканын көп улуттуу райондорунда жана шаарларында этностор аралык жана диний чырчатактардын алдын алуу жана жол бербөө боюнча иш-чараларды өткөрүү
Толеранттуулук жана маданий ар түрдүүлүктү сыйлоо маселелери боюнча маалыматтык агартуучу кампанияларды, ошондой эле медиация, диалог жана чыр-чатактарды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча окутуучу семинарларды өткөрүү
Толеранттуулук жана маданий ар түрдүүлүктү сыйлоо маселелери боюнча маалыматтык агартуучу кампаниялар, ошондой эле медиация, диалог жана чырчатактарды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча окутуучу семинарлар өткөрүлдү
Квартал сайын
ДИЭМУА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), УТК, “ЭлТР” МТК, “Эркин-Тоо” МРГ, “Кыргыз Туусу” БҮ, “Слово Кыргызстана” БҮ
11. Коррупцияга каршы күрөшүү
38
Административдик ресурстарды пайдаланууну жана шайлоочуларды сатып алууну болтурбоо боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана укук колдонуу практикасын өркүндөтүү, ошондой эле шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө ушул укук бузуулар үчүн жазаны күчөтүү
Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндө мыйзамдарына (“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы), ошондой эле Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү. Бузууларды далилдөөнүн жана фиксациялоонун конкреттүү механизмдерин белгилөө
Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндө мыйзамдарына (“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы), ошондой эле Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр киргизилди. Бузууларды далилдөөнүн жана фиксациялоонун конкреттүү механизмдери белгиленди
2027- жылдын I–IV кварталдары
БШК (макулдашуу боюнча), БП (макулдашуу боюнча), ИИМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
39
Коррупциялык тобокелдиктерди жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууну азайтуу үчүн сотторду жана укук коргоо органдарын аудио жана видео байкоо системалары менен жабдууну улантуу
Республика боюнча соттордун, прокуратуралардын, ЖАМКнын жана ИИБнын имараттарын жазуу функциясы бар күнү-түнү иштөөчү аудио жана видео байкоо системалары менен жабдуу
Республика боюнча соттордун, прокуратуралардын, ЖАМКнын жана ИИБнын имараттарын жазуу функциясы бар күнү-түнү иштөөчү аудио жана видео байкоо системалары менен жабдылды
2027- жылдын I–IV кварталдары
БП (макулдашуу боюнча), ЖАМК
12. Сот адилеттигин ишке ашыруу
40
Судьялар жана прокурорлор үчүн экологиялык кылмыштарды куугунтуктоо жана жазалоо жаатындагы потенциалды чыңдоо, анын ичинде 1998-жылдын 25-июнундагы Маалыматка жетүү, коомчулуктун чечимдерди кабыл алуу процессине катышуусу жана айлана-чөйрөгө тиешелүү маселелер боюнча сот адилеттигине жетүү жөнүндө конвенциянын (Орхус конвенциясы) жоболору боюнча окутуучу семинарларды/ тренингдерди өткөрүү
Окутуучу семинарларды, тренингдерди жана квалификациясын жогорулатуу курстарын өткөрүү. Экологиялык жана эл аралык укук жаатындагы эксперттерди тартуу
Окутуучу семинарлар, тренингдер жана квалификациясын жогорулатуу курстары өткөрүлдү. Экологиялык жана эл аралык укук жаатындагы эксперттер тартылды
2026–2027- жылдардын I–IV кварталдары
ЖС САЖМ (макулдашуу боюнча), БП (макулдашуу боюнча)
41
Балдар менен байланышкан соттук программаларды колдоо жана жүзөгө ашыруу
Кылмыштарды жасоого күбө, айыпталуучу же соттолуучу болуп саналган балдарды колдоо, анын ичинде социалдык колдоо чараларын иштеп чыгуу жана киргизүү. Жашы жете электердин катышуусу менен иштерди кароодо медиация механизмдерин киргизүү
Кылмыштарды жасоого күбө, айыпталуучу же соттолуучу болуп саналган балдарды колдоо, анын ичинде социалдык колдоо чаралары иштелип чыкты жана киргизилди. Жашы жете электердин катышуусу менен иштерди кароодо медиация механизмдери киргизилди
2026- жылдын I–IV кварталдары
БП (макулдашуу боюнча), ССМ, Агартуумин, ИИМ, ЭСКММ, ЖАМК
42
Улуттук соттор тарабынан чечим чыгарууда Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдердин жоболорун укук коргоо чөйрөсүндө колдонуу
Судьялар, прокурорлор жана адвокаттар үчүн эл аралык укук боюнча эксперттердин катышуусунда окутуучу семинарларды өткөрүү
Судьялар, прокурорлор жана адвокаттар үчүн эл аралык укук боюнча эксперттердин катышуусунда окутуучу семинарлар өткөрүлдү
2026–2027- жылдардын I–IV кварталдары
ЖС САЖМ (макулдашуу боюнча), БП (макулдашуу боюнча), Акыйкатчы (макулдашуу боюнча)
43
МКЮЖ системасынын адвокаттарынын санын, анын ичинде өлкөнүн алыскы жана жетүүгө кыйын райондорунда көбөйтүү боюнча андан аркы иштерди жүргүзүү
МКЮЖ системасынын адвокаттарынын санын системалуу көбөйтүү
МКЮЖ системасынын адвокаттарынын саны, анын ичинде өлкөнүн алыскы жана жетүүгө кыйын райондорунда көбөйтүлдү
Квартал сайын
ЮМ, Адвокатура
44
Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерине ылайык кармалган адамдарга гумандык мамилени камсыз кылуу
Камактагыларга мамиле кылуунун минималдуу стандарттарын жана эрежелерин сактоо боюнча окутуунун иштелип чыккан программасына ылайык укук коргоо органдарынын жана түзөтүү мекемелеринин кызматкерлери үчүн окутуу иш-чараларын өткөрүү, ошондой эле эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалган адамдарга мамиле кылуу стандарттарынын сакталышын талдоо
Камактагыларга мамиле кылуунун минималдуу стандарттарын жана эрежелерин сактоо боюнча окутуунун иштелип чыккан программасына ылайык укук коргоо органдарынын жана түзөтүү мекемелеринин кызматкерлери үчүн окутуу иш-чаралары өткөрүлдү, ошондой эле эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалган адамдарга мамиле кылуу стандарттарынын сакталышы талданды
Квартал сайын
ИИМ, УКМК, ЖАМК, БП (макулдашуу боюнча), Акыйкатчы (макулдашуу боюнча)
45
Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар жөнүндө эл аралык пактты ички укукта колдонуу маселелери боюнча судьялар, адвокаттар, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана жарандык коомдун өкүлдөрү үчүн окутуучу семинарларды/ тренингдерди өткөрүү
Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар жөнүндө эл аралык пактты ички укукта колдонуу маселелери боюнча судьялар, адвокаттар, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана жарандык коомдун өкүлдөрү үчүн семинарларды жана тренингдерди уюштуруу
Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар жөнүндө эл аралык пактты ички укукта колдонуу маселелери боюнча семинарлар жана тренингдер өткөрүлдү
2026–2027- жылдардын I–IV кварталдары
ЖС САЖМ (макулдашуу боюнча), Адвокатура (макулдашуу боюнча), БП (макулдашуу боюнча), Акыйкатчы (макулдашуу боюнча), ИИМ
46
Интернет жана социалдык тармактар (анын ичинде WhatsApp) аркылуу жасалуучу алдамчылыктын алдын алуу, жарандардын кибергигиена деңгээлин жогорулатуу жана укуктук жоопкерчиликти күчөтүү боюнча чараларды ишке ашыруу
Кибергигиенанын деңгээлин жогорулатууга жана интернет-алдамчылык учурларын алдын алууга багытталган жеткиликтүү жана популярдуу коммуникация каналдарын колдонуу менен калктын аялуу категорияларынын (пенсионерлер, жаштар, айылдык калктуу конуштардын тургундары) арасында маалыматтыкагартуу кампаниясын өткөрүү
Жарандардын аялуу категорияларынын маалымдуулугунун жана санариптик сабаттуулугунун деңгээли жогорулатылды, интернет-алдамчылык схемаларына тартуу учурларынын саны азайды
2026–2027- жылдардын I–IV кварталдары
ИИМ, СӨИТМ, ММЖСМ, УКМК, УТК, “ЭлТР” МТК, “Эркин-Тоо” МРГ, “Кыргыз Туусу” БҮ, “Слово Кыргызстана” БҮ
13. Жарандык коом жана улуттук укук коргоо механизмдери
47
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) статусун адам укуктары боюнча улуттук институттардын статусун жана ишин жөнгө салган Париж принциптерине шайкеш келтирүү
“Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде илгерилетүү
“Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде кабыл алынды
2026- жылдын I–IV кварталдары
Акыйкатчы (макулдашуу боюнча)
48
Коммерциялык эмес уюмдардын ишин коомдо позитивдүү кабыл алууну кеңейтүү
Коммерциялык эмес уюмдардын ишинин маанилүүлүгү жана чечимдерге тийгизген таасири жөнүндө коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатууга багытталган жарыялоолор, видеороликтер жана башка ЖМК аркылуу социалдык маанилүү максаттарга жетүүгө алардын кошкон салымы жөнүндө маалыматтык кампанияны ишке ашыруу
Коммерциялык эмес уюмдарга карата стереотиптерди азайтууга жана коомдун маалымдуулугун жогорулатууга багытталган иш-чаралар өткөрүлдү
Квартал сайын
ММЖСМ
49
Алардын демилгелерин колдоого жана укуктарын коргоого багытталган укуктук жана социалдык механизмдерди өнүктүрүү аркылуу жарандык коом уюмдарынын жана жарандык активисттердин туруктуу иши үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө көмөктөшүү
Өз ара түшүнүшүүнү камсыз кылуу, бардык тараптардын кызыкчылыктарын эске алуу жана өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн коомдук уюмдар менен, ошондой эле мамлекеттик органдардын, ЖӨБОнун алдындагы диалогдук аянтчаларда үзгүлтүксүз консультацияларды өткөрүү
Өз ара түшүнүшүүнү камсыз кылуу, бардык тараптардын кызыкчылыктарын эске алуу жана өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн коомдук уюмдар менен, ошондой эле мамлекеттик органдардын, ЖӨБОнун алдындагы диалогдук аянтчаларда консультациялар өткөрүлдү
2026–2027- жылдардын I–IV кварталдары
АУКК мүчөлөрү, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
14. Кыйноолорго каршы күрөш
50
Кыйноолордон жана катаал мамилелерден эркиндикке укук жаатында эл аралык стандарттар боюнча Кыргыз Республикасынын судьялары үчүн окутуучу семинарларды жана тренингдерди өткөрүү
Кыргыз Республикасынын судьялары үчүн окутуу семинарларын, тренингдерди жана квалификацияны жогорулатуу курстарын өткөрүү
Кыргыз Республикасынын судьялары үчүн окутуу семинарлары, тренингдер жана квалификацияны жогорулатуу курстары өткөрүлдү
2026–2027- жылдардын I–IV кварталдары
ЖС САЖМ (макулдашуу боюнча)
51
Укук коргоо органдарынын кызматкерлери, ИИМ Академиясынын жана юридикалык факультеттердин угуучулары үчүн кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн колдонууга жол берилбестигин түшүндүрүүгө багытталган окутуучу семинарларды жана тренингдерди өткөрүү
Укук коргоо органдарынын кызматкерлери, ИИМ Академиясынын жана юридикалык факультеттердин угуучулары үчүн окутуучу семинарларды/ тренингдерди уюштуруу жана өткөрүү
Укук коргоо органдарынын кызматкерлери, ИИМ Академиясынын жана юридикалык факультеттердин угуучулары үчүн окутуучу семинарлар өткөрүлдү
Квартал сайын
ИИМ, ЖАМК, БП (макулдашуу боюнча), Акыйкатчы (макулдашуу боюнча)
52
Эркиндигинен ажыратылган жайларда кармалган адамдарга карата кыйноолорду жана катаал мамилени колдонууга жол бербөө
Түзөтүү мекемелеринин кызматкерлери үчүн үзгүлтүксүз окутуу курстарын жана тренингдерди кошо алганда, кыйноолорду жана катаал мамиленин алдын алуу боюнча программаларды иштеп чыгуу жана киргизүү, кармоо шарттарына мониторинг жүргүзүүнү күчөтүү, ошондой эле даттанууларды жана катаал мамиле учурларын иликтөө үчүн көз карандысыз механизмдерди түзүү
Кыйноолорду жана катаал мамилени алдын алуу боюнча программа иштелип чыкты жана киргизилди. Түзөтүү мекемелеринин кызматкерлери үчүн окутуу курстары жана тренингдер өткөрүлдү. Кармоо шарттарына мониторинг жүргүзүү күчөтүлдү. Даттанууларды жана катаал мамиле учурларын иликтөө үчүн көз карандысыз механизмдер түзүлдү
Квартал сайын
Акыйкатчы (макулдашуу боюнча), БП (макулдашуу боюнча), ЖАМК
53
Прокурорлор, ички иштер жана улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери үчүн кыйноо жана катаал мамиле фактыларын иликтөө жаатында потенциалды бекемдөө үчүн окутуучу семинарларды/ тренингдерди өткөрүү
Прокурорлор, ички иштер жана улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери үчүн кыйноо жана катаал мамиле фактыларын иликтөө жаатында потенциалды бекемдөө үчүн окутуучу семинарларды жана тренингдерди уюштуруу жана өткөрүү
Прокурорлор, ички иштер жана улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери үчүн кыйноо жана катаал мамиле фактыларын иликтөө жаатында потенциалды бекемдөө үчүн семинарлар жана тренингдер өткөрүлдү
Квартал сайын
БП (макулдашуу боюнча), ИИМ, УКМК, ЖАМК
54
Сот адилеттигине жетүү мүмкүндүгүн камсыз кылуу
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өкүлдөрү менен Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) гана жетүүгө мүмкүн болгон жаза аткаруу системасынын мекемелеринде аноним ящиктерин жайгаштыруу
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өкүлдөрү менен Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) гана жетүүгө мүмкүн болгон жаза аткаруу системасынын мекемелеринде аноним ящиктер жайгаштырылды
Квартал сайын
ЖАМК, БП (макулдашуу боюнча), УКМК, КМ, ИИМ, Акыйкатчы (макулдашуу боюнча)
55
Камакка алынган адамдарды кармоо үчүн нөөмөт бөлүктөрүнүн алдындагы бардык жайларды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-февралындагы № 55 “Камак өтөө жайларынын иштөө тартибин жана камакка алынган адамдарды кармоого болгон талаптарды бекитүү жөнүндө” токтомуна шайкеш келтирүү
Камакка алынган адамдарды кармоо үчүн арналган нөөмөт бөлүктөрүнүн алдындагы бардык жайларды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-февралындагы № 55 “Камак өтөө жайларынын иштөө тартибин жана камакка алынган адамдарды кармоого болгон талаптарды бекитүү жөнүндө” токтомунда белгиленген талаптарга толук шайкеш келтирүү
Камакка алынган адамдарды кармоо үчүн нөөмөт бөлүктөрүнүн алдындагы бардык жайларда кармоо шарттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-февралындагы № 55 “Камак өтөө жайларынын иштөө тартибин жана камакка алынган адамдарды кармоого болгон талаптарды бекитүү жөнүндө” токтомунда белгиленген талаптарга шайкеш келтирилди
2027- жылдын IV кварталы
ИИМ
56
Кыргыз Республикасындагы кыйноолор менен кырдаалга сереп салуу
Тергөөлөрдүн толуктугун, чечимдердин мыйзамдуулугун баалоо, системалуу проблемаларды аныктоо жана аларды четтетүү боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу максатында акыркы үч жылдагы кыйноолор жана катаал мамиле фактылары боюнча соттук чечимдерге жана жазык иштеринин материалдарына талдоо жүргүзүү
Тергөөлөрдүн толуктугун, чечимдердин мыйзамдуулугун баалоо, системалуу проблемаларды аныктоо жана аларды четтетүү боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу максатында акыркы үч жылдагы кыйноолор жана катаал мамиле фактылары боюнча соттук чечимдерге жана жазык иштеринин материалдарына талдоо жүргүзүлдү
Квартал сайын
БП (макулдашуу боюнча)
57
Жаза аткаруу системасынын мекемелеринде кармалып турган бардык айыпталуучуларды жана соттолгондорду натыйжалуу коргоо каражаттары менен камсыз кылуу, анын ичинде жазалоо изоляторлоруна (ЖИЗО) жайгаштырылган учурларда укуктарын коргоо
ЖИЗОго жайгаштыруу түрүндө жаза чараларын колдонуу практикасына мониторинг жүргүзүү жана мыйзамдарды талдоо, анын ичинде даттануу жолжоболорун жана укуктарды коргоо кепилдиктерин баалоо
ЖИЗОго жайгаштыруу түрүндө жаза чараларын колдонуу практикасына мониторинг жүргүзүлдү жана мыйзамдарга талдоо жүргүзүлдү, анын ичинде даттануу жол-жоболору жана укуктарды коргоо кепилдиктери бааланды
Квартал сайын
ЖАМК, БП (макулдашуу боюнча), Акыйкатчы (макулдашуу боюнча)
Кыскартуулардын тизмеси
АУКК мүчөлөрү
–
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Адам укугу боюнча координациялык кеңештин мүчөлөрү
АУКК катчылыгы
–
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Адам укугу боюнча координациялык кеңештин катчылыгы
Адвокатура
–
Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы
ЖС
–
Кыргыз Республикасынын Жогорку соту
ЖС СД
–
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти
ЖС САЖМ
–
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби
Курулуш министрлиги
–
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги
УКМК
–
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети
ДИЭМУА
–
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик
БП
–
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы
ЮМ
–
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги
ФМ
–
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги
МБК
–
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы
ТИМ
–
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги
ММЖСМ
–
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги
ИИМ
–
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги
Агартуумин
–
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги
ИЖБИМ
–
Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги
ССМ
–
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги
ЭСКММ
–
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги
ЖРЭТКМ
–
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги
СӨИТМ
–
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги
САЧКӨМ
–
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
ӨКМ
–
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги
УСК
–
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети
БШК
–
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
САЧКӨМ ВФКК
–
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы
МИК
–
“Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коому
Акыйкатчы
–
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени)
БУЫУӨ катчылыгы
–
Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн катчылыгы
ЖӨБО
–
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
ИИО
–
ички иштер органдары
КРП облустардагы ЫУӨ
–
Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү
ЖАМК
–
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы
МКЮЖ
–
мамлекет кепилдеген юридикалык жардам
УТК
–
Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы
“ЭлТР” МТК
–
Кыргыз Республикасынын “ЭлТР” мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы
“Эркин-Тоо” МРГ
–
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезити
“Кыргыз Туусу” БҮ
–
“Кыргыз Туусу” басма үйү
“Слово Кыргызстана” БҮ
–
“Слово Кыргызстана” басма үйү
БУК
–
Балдардын укуктары боюнча комитет
ЭЭУ
–
Эл аралык эмгек уюму
ЖМК
–
жалпыга маалымдоо каражаттары
УМС
–
универсалдуу мезгилдүү сереп
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-февралындагы № 55 "Камак өтөө жайларынын иштөө тартибин жана камакка алынган адамдарды кармоого болгон талаптарды…Постановление · 07.02.2022 · № 55
- Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 2-июлундагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Конституциялык…Конституционный Закон · 02.07.2011 · № 68
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 98
- Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 203 "Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө" конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 22.09.2025 · № 203
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 989-т (2025–2027-жылдарга адам укуктары боюнча иш-аракеттер планын бекитүү тууралуу) тескемесиРаспоряжение · 14.11.2025 · № 989-р
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон