Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Камак өтөө жайларынын иштөө тартибин жана камакка алынган адамдарды кармоого болгон талаптарды бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 7-февралы № 55 Камак өтөө жайларынын иштөө тартибин жана камакка алынган адамдарды кармоого болгон талаптарды бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 33-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Камак өтөө жайларынын иштөө тартиби жана камакка алынган адамдарды кармоого болгон талаптар тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан камак өтөө жайларын жана камакка алынган адамдарды кармоону каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт деп белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- Камак өтөө жайларынын иштөө тартиби жана камакка алынган адамдарды кармоого болгон талаптар (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-февралындагы № 55…Порядок · 07.02.2022 · № 55
- 2025–2027-жылдарга адам укуктары боюнча иш-аракеттер планы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 989-т тескемесине ылайык бекитилди)План · 14.11.2025 · № 989-р
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 22-майындагы № 2080-VII "Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын…Постановление · 22.05.2024 · № 2080-VII
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексиКодекс · 28.10.2021 · № 128