9-берене. Шайкештикке баа берүү
Күчүнө кире элек · 12.11.2025 редакциясы · 1-глава
1. Азык-түлүк чийки затынын, тамак-аш продукциясынын жана аларды өндүрүү (даярдоо), сактоо, ташуу (транспорттоо), сатуу жана утилдештирүү процесстеринин шайкештигине баа берүү төмөнкүдөй формаларда жүргүзүлөт:
1) адистештирилген тамак-аш продукциясын мамлекеттик каттоо;
2) жаңы түрдөгү тамак-аш продукциясын мамлекеттик каттоо;
3) алгачкы өндүрүлгөн продукцияга ветеринардык-санитардык экспертиза жүргүзүү;
4) азык-түлүк чийки затынын жана тамак-аш продукциясынын шайкештигин декларациялоо формасында шайкештикти ырастоо.
2. Өнөр жайда даярдалбаган тамак-аш продукциясынын жана кызмат көрсөтүүдө сатууга арналган тамактануу (коомдук тамактануу) ишканаларынын тамак-аш продукциясынын, ошондой эле аны сатуу процесстеринин шайкештигине баа берүү мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) формасында жүргүзүлөт.
3. Тамак-аш продукциясын өндүрүү (даярдоо), сактоо, ташуу (транспорттоо), сатуу жана утилдештирүү процесстеринин анын коопсуздугу жаатындагы мыйзамдардын талаптарынын шайкештигине баа берүү мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) формасында жүргүзүлөт.
4. Жаныбарлардан алынган кайра иштетилбеген азык-түлүк (тамак-аш) чийки затын алуу, кайра иштетүү (иштетүү) боюнча иш жүзөгө ашырылып жаткан өндүрүштүк объекттерге мамлекеттик каттоо формасында шайкештикке баа берилүүгө тийиш.
5. Тамак-аш продукцияларынын шайкештигин ырастоо формасында шайкештикке баа берүү алар Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүүгө чыгарылганга чейин, ал эми Кыргыз Республикасынын аймагына биринчи жолу ташып келинген продукцияга карата ал ташып келингенге чейин жүргүзүлөт.
Берененин тексти 12.11.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
9-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230034181/st-9" title="9-берене - Кыргыз Республикасында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>