8-берене. Көз салуу
Күчүнө кире элек · 12.11.2025 редакциясы · 1-глава
1. Тамак-аш продукциясына көз салуу аны иштеп чыгуунун (түзүүнүн), өндүрүүнүн (даярдоонун), жүгүртүүнүн, утилдештирүүнүн жана жок кылуунун бардык этаптарында (процесстеринде) төмөнкүдөй максаттарда камсыз кылынат:
1) тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жаатындагы мыйзамдардын талаптарына ылайык келбеген продукциянын рынокко келип түшүүсүнүн алдын алуу;
2) тамак-аш продукциясын иштеп чыгуунун (түзүүнүн), өндүрүүнүн (даярдоонун), жүгүртүүнүн, утилдештирүүнүн жана жок кылуунун бардык этаптарында (процесстеринде) кооптуулук булагын белгилөө;
3) керектөөчүнү коргоо максаттарында кооптуу продукцияны алып салууну камсыз кылуу;
4) тамак-аш продукциясын иштеп чыгуунун (түзүүнүн), өндүрүүнүн (даярдоонун), жүгүртүүнүн, утилдештирүүнүн жана жок кылуунун бардык этаптарында (процесстеринде) жооптуу субъекттерди белгилөө;
5) кызыкдар тараптар жана керектөөчүлөр менен маалымат алмашуу.
2. Субъекттер аларга тамак-аш азыктарын жана тоюттарды, тамак-аш азыктары алынган жаныбарларды же тамак-аш азыктарына жана тоюттарды кошуу үчүн арналган заттарды берүүчү субъекттерди, ошондой эле алар тамак-аш азыктарын жана тоюттарды берүүчү субъекттерди аныктоого мүмкүндүк берүүчү тутумга жана жол-жоболорго ээ болууга тийиш.
Ушул бөлүктүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн тутумдардын жана жол-жоболордун болушу документтерди электрондук жана (же) кагаз түрүндө түзүү жана сактоо менен камсыз кылынат. Тамак-аш продукциясына көз салууну камсыз кылуучу документтер маркалоодо көрсөтүлгөн тамак-аш продукциясынын жарактуулук мөөнөтү өткөндөн кийин кеминде 1 жыл сакталат.
3. Субъекттер жана тамак-аш продукциясы кайталангыс идентификациялык (каттоо) номерди ыйгаруу менен көз салуунун мамлекеттик маалымат тутумунда катталат.
4. Көз салуунун мамлекеттик маалымат тутумунун иштөө тартибин Министрлер Кабинети аныктайт.
Берененин тексти 12.11.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
8-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230034181/st-8" title="8-берене - Кыргыз Республикасында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>