5-берене. Тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы мамлекеттик жөнгө салуу
Күчүнө кире элек · 12.11.2025 редакциясы · 1-глава
1. Тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы мамлекеттик жөнгө салуунун максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- адам өмүрүн жана ден соолугун жана айлана-чөйрөнү коргоо;
- ата мекендик тамак-аш продукциясынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу;
- бул чөйрөдө ишкердикти өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
- тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жаатындагы керектөөчүлөрдүн маалымдар болуу деңгээлин жогорулатуу;
- мамлекеттик органдардын компетенттүүлүгүн бекемдөө.
2. Тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы мамлекеттик жөнгө салуу төмөнкүлөр аркылуу жүзөгө ашырылат:
- тобокелдикти талдоонун негизинде тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана кабыл алуу;
- тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жаатындагы илимий-изилдөө иштерин уюштуруу жана өткөрүү;
- тамак-аш продукциясын иштеп чыгуу (түзүү), өндүрүү (даярдоо), жүгүртүү, утилдештирүү жана жок кылуу баскычтарынын (процесстеринин) бардыгында ага көз салуунун бирдиктүү тутумун иштетүү;
- превентивдүү чараларды, тобокелдикти талдоонун негизинде мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) чараларын уюштуруу жана жүргүзүү;
- өзгөчө кырдаал шарттарында кечиктирилгис санитардык эпидемиологиялык жана ветеринардык-санитардык чараларды көрүү;
- тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жаатында мамлекеттик жөнгө салууга тартылган мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү жана аларды координациялоо;
- аталган чөйрөдө эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашыруу.
Берененин тексти 12.11.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
5-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230034181/st-5" title="5-берене - Кыргыз Республикасында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>