4-берене. Тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуунун принциптери
Күчүнө кире элек · 12.11.2025 редакциясы · 1-глава
Кыргыз Республикасында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу төмөнкүдөй принциптерге ылайык жүзөгө ашырылат:
- адамдын өмүрүн жана ден соолугун жана айлана-чөйрөнү коргоо үчүн тамак-аш продукциясынын коопсуздугунун артыкчылыктуулугу;
- адамдын ден соолугуна ыктымалдуу зыяндуу таасирдин алдын алуу;
- тамак-аш продукциясы коопсуздугу чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуунун илимий негиздүүлүгү;
- ыйгарым укуктуу органдардын жана субъекттердин ишинин ачыктыгы;
- тамак-аш продукциясын иштеп чыгуунун (түзүүнүн), өндүрүүнүн (даярдоонун), жүгүртүүнүн, утилдештирүүнүн жана жок кылуунун бардык баскычтарында (процесстеринде) анын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн субъекттердин жоопкерчилиги;
- тамак-аш продукциясын иштеп чыгуунун (түзүүнүн), өндүрүүнүн (даярдоонун), жүгүртүүнүн, утилдештирүүнүн жана жок кылуунун бардык баскычтарында (процесстеринде) ага көз салуу;
- маалыматтын ачыктыгы, жеткиликтүүлүгү, аныктыгы;
- адамдын өмүрүн жана ден соолугун, керектөөчүлөрдүн мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын эл аралык ченемдери жана эрежелери менен шайкештиги;
- тамак-аш продукциясын иштеп чыгуунун (түзүүнүн), өндүрүүнүн (даярдоонун), жүгүртүүнүн, утилдештирүүнүн жана жок кылуунун бардык баскычтарында (процесстеринде) анын коопсуздугун камсыз кылууга карата интеграцияланган мамиле.
Берененин тексти 12.11.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230034181/st-4" title="4-берене - Кыргыз Республикасында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>