33-берене. Субъекттердин укуктары жана милдеттери
Күчүнө кире элек · 12.11.2025 редакциясы · 5-глава
1. Субъекттер ушул Мыйзамдын жана тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жаатындагы Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарын сактоого милдеттүү.
2. Субъекттер төмөнкүлөргө укуктуу:
1) айыл чарба чөйрөсүндөгү жана калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдардан белгиленген тартипте төмөнкүлөрдү алууга:
- мамлекеттик контролдоонун (көзөмөлдөөнүн) натыйжасы болуп саналуучу, тиешелүү түрдө жол-жоболоштурган документтерди, анын ичинде субъекттерди жоопкерчиликке тартуу үчүн негиз болуп саналуучу документтерди;
- мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) менен байланышкан башка маалыматты;
2) мамлекеттик контролдоону (көзөмөлдөөнү) жүргүзүү тартибин бузууга жол берген кызмат адамдарына мамлекеттик контролдоону (көзөмөлдөөнү) жүргүзүүгө жол бербөөгө;
3) мыйзамдарда каралган учурларды кошпогондо, мамлекеттик контролдоону (көзөмөлдөөнү) жүргүзүү процессинде алынган, мыйзам тарабынан корголуучу маалыматтын жашыруундугун камсыз кылууга;
4) жүргүзүлгөн мамлекеттик контролдоонун (көзөмөлдөөнүн) натыйжаларына административдик жол-жоболор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанууга;
5) ушул Мыйзамда белгиленген талаптарды аткаруу максатында методикалык жардамды, кеңештерди алуу үчүн жана кырдаалга баа берүү үчүн мамлекеттик органдарга кайрылууга.
Берененин тексти 12.11.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
33-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230034181/st-33" title="33-берене - Кыргыз Республикасында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>