32-берене. Мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) максаттары үчүн лабораториялык сыноолор
Күчүнө кире элек · 12.11.2025 редакциясы · 4-глава
1. Шайкештикке милдеттүү баа берүү максаттары үчүн тамак-аш продукциясын сыноо техникалык жөнгө салуу жаатындагы мыйзамдарда белгиленген тартипте аккредиттелген лабораториялар тарабынан жүргүзүлөт.
2. Текшерүү формасында жүргүзүлүүчү мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) максаттары үчүн тамак-аш продукциясын сыноо мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
3. Тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жаатындагы мыйзамдардагы табылган бузууларды субъект тарабынан четтетүүнү ырастоо максатында жүргүзүлгөн тамак-аш продукциясын сыноолор субъекттин каражаттарынын эсебинен каржыланат.
4. Мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) максатында тамак-аш продукциясын сыноону жүргүзүүчү лабораториялар тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш эместик жөнүндө күбөлөндүрүүчү сыноолордун натыйжалары тууралуу маалыматты айыл чарба чөйрөсүндөгү жана калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдарга тез арада жөнөтүүгө милдеттүү.
Берененин тексти 12.11.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
32-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230034181/st-32" title="32-берене - Кыргыз Республикасында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>