22-берене. Атайын багыттагы тамак-аш продукциясына карата талаптар
Күчүнө кире элек · 12.11.2025 редакциясы · 2-глава
1. Адистештирилген тамак-аш продукциясына төмөнкүлөр кирет:
1) балдардын тамактануусу үчүн тамак-аш продукциясы, анын ичинде балдар тамактануусу үчүн ичүүчү суу;
2) диеталык дарылоочу жана диеталык алдын алуучу тамактануу үчүн тамак-аш продукциясы;
3) бальнеологиялык ченемдерден төмөн эмес санда биологиялык активдүү заттарды камтыган, минералдашуусу 1 мг/дм3дан ашкан же андан аз минералдашканда табигый минералдык, дарылык-ашкана, дарылык минералдык суу;
4) спортчулар, кош бойлуу жана бала эмизген аялдар үчүн тамак-аш продукциясы;
5) биологиялык активдүү тамак-аш кошулмалары (БАКтар).
2. Атайын багыттагы тамак-аш продукциясы:
1) керектөөчүлөрдүн (сатып алуучулардын) тиешелүү топторунун физиологиялык муктаждыктарын канааттандырууга тийиш;
2) тамак-аш, биологиялык жана энергетикалык баалуулугу боюнча идиште (таңгакта) көрсөтүлгөн маалыматка шайкеш келүүгө тийиш.
Биологиялык активдүү тамак-аш азыктарынын курамындагы дары-дармектерге киргизилген заттардын маңызы тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жаатындагы ченемдик укуктук актыларда белгиленген талаптарга ылайык келүүгө тийиш.
Берененин тексти 12.11.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
22-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230034181/st-22" title="22-берене - Кыргыз Республикасында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>