21-берене. Тамак-аш продукциясын өндүрүү (даярдоо) жана жүгүртүү боюнча ишти жүзөгө ашыруучу кызматкерлерге карата талаптар
Күчүнө кире элек · 12.11.2025 редакциясы · 2-глава
1. Субъекттер иши тамак-аш азыктарын өндүрүү, сактоо, ташуу жана сатуу менен байланышкан кызматкерлерди милдеттүү алдын алуучу жана мезгилдүү медициналык кароодон жана гигиеналык окуудан өтүүнү коомдук саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыз кылууга милдеттүү.
2. Алдын алуучу жана мезгилдүү медициналык кароодон өтпөгөн, ошондой эле жугуштуу оорулар менен ооруган кызматкерлерге же болбосо оорулардын козгогучтарын алып жүрүүчүлөргө лабораториялык изилдөөлөрдүн терс натыйжалары алынганга чейин тамак-аш продукциясын иштеп чыгуу (түзүү), өндүрүү (даярдоо), жүгүртүү жана утилдештирүү процесстерине катышууга тыюу салынат.
Берененин тексти 12.11.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
21-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230034181/st-21" title="21-берене - Кыргыз Республикасында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>