Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 3-ноябры № 251
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1- берене Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине («Эркин-Тоо» гезити, 2021-жылдын 1б-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1З6-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«136-берене. Ден соолукка жеңил залал келтирүү
1. Ден соолуктун кыска убакытка бузулуусуна же эмгекке жарамдуулукту олуттуу эмес туруктуу жоготууга алып келген ден соолукка жеңил залал келтирүү, -
200дөн 500 эсептик көрсөткучкө чейин айып салууга же кырк сааттан жүз саатка чейин коомдук иштерге тартууга жазаланат.
2. Адамга карата анын кызматтык, кесиптик ишин жүзөгө ашыруусуна же коомдук милдетин аткаруусуна байланыштуу жасалган ушундай эле жосун, -
500дөн 1 000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга жазаланат.»;
2) 280-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
«6) адамга карата анын кызматтык, кесиптик ишин жүзөгө ашыруусуна же коомдук милдетин аткаруусуна байланыштуу жасалса, -».
2- берене Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. «Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 7-ноябрындагы № 85 (3741) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
2025-жылдын 24-сентябрында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексиКодекс · 28.10.2021 · № 127
Шилтеме берет (1)
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон