Кыргыз Республикасынын «Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 29-октябры № 244
«Аскер кышатчмларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1 - берене «Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына («Эркин-Тоо» гезити, 1992-жылдын августу, 1-тиркеме) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 9-статьяда:
а) бешинчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Айрым учурларда аскер кызматчыларына (мөөнөттүк кызматтагы аскер кызматчыларынан тышкары) аскер бөлүгүнүн командири (мекеменин. уюмдун начальниги) тарабынан жекече тартипте квалификацияны жогорулатуу жана тажрыйба алмашуу максатында мамлекеттик, коомдук жана жеке ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда илимий, педагогикалык, ойлоп табуучулук, эксперттик ишке, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдарында медициналык ишке байланышкан ишти айкалыштырууга уруксат берилиши мүмкүн.»;
б) төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы бөлүк менен толукталсын:
«Аскер кызматчыларынын мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдарында медициналык ишти жүзөгө ашыруусунун тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.». 2 - берене Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 4-ноябрындагы № 84 (3740) саны менен жарыяланган.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
2025-жылдын 24-сентябрында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- О статусе военнослужащихЗакон · 01.07.1992 · № 930-XII
Шилтеме берет (1)
- О статусе военнослужащихЗакон · 01.07.1992 · № 930-XII