1-берене
Күчүндө · 21.10.2025 редакциясы
"Кесиптик бирликтер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 12, 529-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 11-статьянын үчүнчү бөлүгүнүн экинчи абзацында "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 21-статьянын төртүнчү, бешинчи бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кесиптик бирликтердин бюджетинин каражаттарынын булактары, аны түзүү жана пайдалануу тартиби ушул Мыйзамдын 211-статьясында белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен кесиптик бирликтердин уставдары жана жамааттык келишимдер менен аныкталат. Кесиптик бирликтердин финансылык иши ушул Мыйзамдын 211-статьясында белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен алардын уставдарына ылайык жүргүзүлөт.";
3) төмөнкүдөй мазмундагы 211-статья менен толукталсын:
"211-статья. Кесиптик бирликтердин ачыктыгы Кесиптик бирликтердин кирешелеринин өлчөмдөрү жана түзүмү, ошондой эле мүлкүнүн өлчөмдөрү жана курамы, алардын чыгымдары жөнүндө маалыматтар коммерциялык сырдын предмети боло албайт. Кайтарымсыз негизде берилген акчалай жана материалдык каражаттардын эсебинен иш жүргүзүүчү кесиптик бирликтер жыл сайын 1-апрелге чейин ыйгарым укуктуу салык органынын сайтына акча каражаттарын түзүү булактары, аларды чыгымдоо багыттары жөнүндө өткөн жыл үчүн жыйынды маалыматтарды, ошондой эле сатып алынган, пайдаланылган жана ээликтен ажыратылган мүлк жөнүндө маалыматтарды жайгаштырат. Маалыматты жайгаштыруу формасы жана тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.".
Берененин тексти 21.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кесиптик бирликтер жөнүндөЗакон · 16.10.1998 · № 130
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230033465/st-1" title="1-берене - Айрым коммерциялык эмес уюмдардын отчеттуулук маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>