Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Айрым коммерциялык эмес уюмдардын отчеттуулук маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 21-октябры № 225 Айрым коммерциялык эмес уюмдардын отчеттуулук маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене. "Кесиптик бирликтер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 12, 529-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 11-статьянын үчүнчү бөлүгүнүн экинчи абзацында "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 21-статьянын төртүнчү, бешинчи бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кесиптик бирликтердин бюджетинин каражаттарынын булактары, аны түзүү жана пайдалануу тартиби ушул Мыйзамдын 211-статьясында белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен кесиптик бирликтердин уставдары жана жамааттык келишимдер менен аныкталат. Кесиптик бирликтердин финансылык иши ушул Мыйзамдын 211-статьясында белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен алардын уставдарына ылайык жүргүзүлөт.";
3) төмөнкүдөй мазмундагы 211-статья менен толукталсын:
"211-статья. Кесиптик бирликтердин ачыктыгы Кесиптик бирликтердин кирешелеринин өлчөмдөрү жана түзүмү, ошондой эле мүлкүнүн өлчөмдөрү жана курамы, алардын чыгымдары жөнүндө маалыматтар коммерциялык сырдын предмети боло албайт. Кайтарымсыз негизде берилген акчалай жана материалдык каражаттардын эсебинен иш жүргүзүүчү кесиптик бирликтер жыл сайын 1-апрелге чейин ыйгарым укуктуу салык органынын сайтына акча каражаттарын түзүү булактары, аларды чыгымдоо багыттары жөнүндө өткөн жыл үчүн жыйынды маалыматтарды, ошондой эле сатып алынган, пайдаланылган жана ээликтен ажыратылган мүлк жөнүндө маалыматтарды жайгаштырат. Маалыматты жайгаштыруу формасы жана тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.".
2-берене. "Саясий партиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 11, 449-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
20-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "20-статья. Финансылык отчеттуулук Саясий партиялардын финансылык отчеттуулугу Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. Саясий партиянын кирешелеринин өлчөмдөрү жана түзүмү, ошондой эле мүлкүнүн өлчөмдөрү жана курамы, анын чыгымдары жөнүндө маалыматтар коммерциялык сырдын предмети боло албайт. Кайтарымсыз негизде берилген акчалай жана материалдык каражаттардын эсебинен иш жүргүзгөн саясий партия жыл сайын 1-апрелге чейин ыйгарым укуктуу салык органынын сайтына акча каражаттарын түзүү булактары, аларды чыгымдоо багыттары жөнүндө өткөн жыл үчүн жыйынды маалыматтарды, ошондой эле сатып алынган, пайдаланылган жана ээликтен ажыратылган мүлк жөнүндө маалыматтарды жайгаштырат. Маалыматты жайгаштыруу формасы жана тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.".
3-берене. "Кооперативдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 10, 436-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
31-статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын: "3. Кайтарымсыз негизде берилген акчалай жана материалдык каражаттардын эсебинен иш жүргүзгөн коммерциялык эмес кооператив жыл сайын 1-апрелге чейин ыйгарым укуктуу салык органынын сайтына акча каражаттарын түзүү булактары, аларды чыгымдоо багыттары жөнүндө өткөн жыл үчүн жыйынды маалыматтарды, ошондой эле сатып алынган, пайдаланылган жана ээликтен ажыратылган мүлк жөнүндө маалыматтарды жайгаштырат. Маалыматты жайгаштыруу формасы жана тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.".
4-берене. "Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2025-жылдын 24-январы, № 5) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
36-берене төмөнкүдөй мазмундагы 41-бөлүк менен толукталсын: "41. Юстиция органдарында катталган, кайтарымсыз негизде берилген акчалай жана материалдык каражаттардын эсебинен иш жүргүзгөн диний уюмдар жыл сайын 1-апрелге чейин ыйгарым укуктуу салык органынын сайтына акча каражаттарын түзүү булактары, аларды чыгымдоо багыттары жөнүндө өткөн жыл үчүн жыйынды маалыматтарды, ошондой эле сатып алынган, пайдаланылган жана ээликтен ажыратылган мүлк жөнүндө маалыматтарды жайгаштырат. Маалыматты жайгаштыруу формасы жана тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.".
5-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эки айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин. “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 24-октябрындагы № 81 (3737) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
2025-жылдын 24-сентябрында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 9 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (9)
- Кесиптик бирликтер жөнүндөЗакон · 16.10.1998 · № 130
- Саясий партиялар жөнүндөЗакон · 12.06.1999 · № 50
- Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндөЗакон · 21.01.2025 · № 18
- Кооперативдер жөнүндөЗакон · 11.06.2004 · № 70
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 6-июнундагы № 2143-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 6-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү…Постановление · 06.06.2024 · № 2143-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 6-июну № 2148-VII "Айрым коммерциялык эмес уюмдардын отчеттуулугунун маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын кээ бир мыйзам…Постановление · 06.06.2024 · № 2148-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 24-сентябрындагы № 3455-VII "Айрым коммерциялык эмес уюмдардын отчеттуулук маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым…Постановление · 24.09.2025 · № 3455-VII
- Айрым коммерциялык эмес уюмдардын отчеттуулук маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилдиЗакон · 23.10.2025
9 ичинен 8 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (4)
- Кооперативдер жөнүндөЗакон · 11.06.2004 · № 70
- Кесиптик бирликтер жөнүндөЗакон · 16.10.1998 · № 130
- Саясий партиялар жөнүндөЗакон · 12.06.1999 · № 50
- Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндөЗакон · 21.01.2025 · № 18