3-берене
Күчүндө · 28.10.2025 редакциясы
“Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (“Эркин-Тоо” гезити, 2024-жылдын 19-январы, № 5) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-берененин 1-бөлүгүнүн 73-пунктунда “ординатура” деген сөз “интернатура/ординатура” деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 19-берененин 3-бөлүгүнүн 2-пунктунда “(ординатура, докторантура)” деген сөздөр “(интернатура/ординатура, докторантура)” деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 21-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
“Медициналык иштин айрым түрлөрү боюнча жеке медициналык практиканы жүргүзүү укугуна, ушул Мыйзамдын 16-беренесинин 5-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдарды кошпогондо, мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдарында 5 жылдан кем эмес иш стажы бар адамдар ээ боло алат. Мында медициналык иштин айрым түрлөрүнүн тизмеги саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат. Жеке медициналык практиканы жүргүзүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.”;
4) 80-берененин 3-бөлүгүндө “84-беренесинин 4-бөлүгүндө жана 90-беренесинин 1-бөлүгүндө” деген сөздөр “85-беренесинин 4-бөлүгүндө жана 91-беренесинин 1-бөлүгүндө” деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 82-берененин 5-бөлүгүндө “84-беренесинин 4-бөлүгүндө, 85 жана 88-беренелеринде” деген сөздөр “85-беренесинин 4-бөлүгүндө, 86 жана 89-беренелеринде” деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 83-берененин 2-бөлүгүндө “66-беренесинде” деген сөздөр “67-беренесинде” деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 85-берененин 5-бөлүгүндө “81-беренесинин” деген сөздөр “82-беренесинин” деген сөздөргө алмаштырылсын;
8) 86-беренеде “84-беренесинин” деген сөздөр “85-беренесинин” деген сөздөргө алмаштырылсын;
9) 87-берененин 1-бөлүгүндө “87-беренесинин” деген сөздөр “88-беренесинин” деген сөздөргө алмаштырылсын;
10) 88-берененин 1-бөлүгүндө “84-беренесинин” деген сөздөр “85-беренесинин” деген сөздөргө алмаштырылсын;
11) 89-берененин 1 жана 4-бөлүктөрүндө “84-беренесинин” деген сөздөр “85-беренесинин” деген сөздөргө алмаштырылсын;
12) 90-берененин 3 жана 9-бөлүктөрүндө “90-беренесинин” деген сөздөр “91-беренесинин” деген сөздөргө алмаштырылсын;
13) 92-берененин 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“5. Социалдык стационардык мекемелерде медициналык-социалдык жардамдын көлөмү Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.”;
14) 123-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“123-берене. Донордук канды, анын компоненттерин жана донордук кандын препараттарын Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү жана Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгуу
1. Донордук канды, анын компоненттерин жана донордук кандын препараттарын Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүгө жана Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууга төмөнкүдөй учурларда жол берилет:
1) Кыргыз Республикасында өндүрүлбөгөн кандын компоненттерине жана препараттарына алмашууда;
2) Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө жүргөн жарандарына шашылыш жардам көрсөтүүдө;
3) Кыргыз Республикасы тарабынан башка мамлекеттерге гуманитардык жардам көрсөтүүдө.
2. Донордук канды жана анын компоненттерин башка мамлекеттерге сатууга тыюу салынат.
3. Донордук канды, анын компоненттерин жана донордук кандын препараттарын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары ташып чыгуунун жана донордук канды, анын компоненттерин жана донордук кандын препараттарын Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүнүн тартиби Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.”;
15) 151-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
“Аттестациялоону жүргүзүү боюнча функцияларды берүүнүн тартиби жана шарттары саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.”;
16) 155-берененин 2-бөлүгүндө “ординатураны” деген сөз “интернатураны/ординатураны” деген сөздөргө алмаштырылсын.
Берененин тексти 28.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндөЗакон · 12.01.2024 · № 14
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230033344/st-3" title="3-берене - Саламаттык сактоо жана билим берүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>