Ош шаардык кеңешинин «Ош шаарынынын аймагындагы кээ бир географиялык обьекттерге аталыштарды ыйгаруу жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XIX СЕССИЯСЫ (V ЧАКЫРЫЛЫШ)
2023-жылдын 20-июну № 148
Ош шаарынынын аймагындагы кээ бир географиялык обьекттерге аталыштарды ыйгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө» Мыйзамынын 7-беренесин жетекчиликке алып, Ош шаарынын мэриясынын алдындагы географиялык жана мамлекеттик маанидеги обьекттерди атоо жана аталыштарын өзгөртүү боюнча атуулдардан, жамааттардан келип түшкөн кайрылууларды, арыздарды кароо боюнча комиссиясынын 2023-жылдын 12-июнундагы №1 протоколун карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын 2023-жылдын 13-июнундагы №19 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1. Ош шаарынын аймагындагы кээ бир көчөлөрдүн аталыштары өзгөртүлүп, төмөндөгүлөрдүн ысымдары ыйгарылсын:
-Ош шаарынын №6 “Курманжан Датка” муниципалдык аймактык башкармалыгынын Тутовая көчөсүнө Жаанбаев Сатвайдын; -Ош шаарынын №1 “Туран” муниципалдык аймактык башкармалыгынын Ирригатор көчөсүнө Досуев Акуштун; -Ош шаарынын №3 “Керме-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгынын Ак-Тилек кичи районундагы №3 көчөсүнө Сатыбаев Садык Акбиевичтин; -Ош шаарынын №2 “Сулайман-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгынын №47 көчөсүнө Кулмаматов Канатбектин; -Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Төлөйкөн айылындагы №3 көчөсүнө Адаев Жолдошбайдын; -Ош шаарынын №3 “Керме-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгынын Ак-Тилек кичи районундагы №34 көчөсүнө Самиев Маматибраимдин; -Ош шаарынын №2 “Сулайман-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгынын Достук кичи шаарчасынын №2 көчөсүнө Калмаматов Жыргылбектин; -Ош шаарынын №2 “Сулайман-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгынын Достук кичи шаарчасынын №83 көчөсүнө Разаев Маматюсуптун.
2. Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгындагы №48 орто мектебине Нурбаев Мамадрасулдун ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.
3. Көчөлөрдүн аты жазылган көрнөктөрдү даярдоо жана аларды орнотуу Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына (К.Имарова) милдеттендирилсин.
4. Көчөлөрдүн аты жазылган көрнөктөрдү даярдоого жана орнотууга кеткен чыгымдарды жергиликтүү бюджеттин эсебинен табуу жана каржылоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Ош башкармалыгына (К.Абдыкадыров) милдеттендирилсин.
5.“Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Ош филиалына (И.Сансызбаев), Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгына (А.Токошев) учеттук-инвентаризациялоо маалыматтарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү милдеттендирилсин.
6. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Бакир уулу Ш.) жүктөлсүн.
Төрага
С.С.Назылбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндөЗакон · 25.09.1997 · № 67