Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ош шаардык кеңешинин «Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2008-жылдын 23-сентябрындагы VI сессиясында кабыл алынган № 58-«Калк, мекемелер, уюмдар жана коммерциялык структуралар үчүн турмуш тиричилик калдыктарын ташып чыгарууга тарифтерди бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Ошского городского кенеша от 20 июня 2023 года №143 "О повышении тарифов за вывоз и размещение твердо-бытовых отходов в городе Ош"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-06-20.
Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 20-июну № 143 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин кезектеги VIII Сессиясы (III чакырылыш)
2013-жылдын 4-июну № 112 Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2008-жылдын 23-сентябрындагы VI сессиясында кабыл алынган № 58-«Калк, мекемелер, уюмдар жана коммерциялык структуралар үчүн турмуш тиричилик калдыктарын ташып чыгарууга тарифтерди бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү Ош шаарынын мэриясынын 2013-жылдын 19-мартындагы № 90-08-6 Ош шаарынын калкына кызмат көрсөтүүнүн тарифин жогорулатып берүү жөнүндөгү катын жана Кыргыз Республикасынын экономика министрлигине караштуу атаандаштыкты өнүктүрүү департаментинин түштүк аймактар аралык бөлүмүнүн 2013-жылдын 14-мартындагы №15-251 корутундусун карап жана талкуулап, шаардык Кеңештин өнөр-жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2013-жылдын 16-майындагы отурумунун № 5-токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин, сунуштарын эске алуу менен депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2008-жылдын 23-сентябрындагы VI сессиясында кабыл алынган №58-«Калк, мекемелер, уюмдар жана коммерциялык структуралар үчүн турмуш тиричилик калдыктарын ташып чыгарууга тарифтерди бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- көп кабаттуу үйлөрдө жашагандар үчүн бир адамга айына - 20 сом;
- жеке менчик секторлордо жашагандар үчүн бир адамга айына - 25сом;
Чарба субьекттери үчүн:
- ташып чыгаруу үчүн 1 куб.метринет - 350 сом;
- жайгаштыргандыгы үчүн 1 куб. метрине - 149 сом.
2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (А.Алимбекова) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Б.Матисаков).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин өнөр- жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин төрагасы
Т. Сабиров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 20-июну № 143 "Ош шаарында катуу тиричилик калдыктарына болгон төлөмдөрдү жогорулатуу жөнүндө" токтомуПостановление · 20.06.2023 · № 143
Шилтеме берет (1)
- Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 20-июну № 143 "Ош шаарында катуу тиричилик калдыктарына болгон төлөмдөрдү жогорулатуу жөнүндө" токтомуПостановление · 20.06.2023 · № 143