Сары-Өзөн айылдык кеңешинин «Мектепке чейинки билим мекемесине ат ыйгаруу жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 29-августу № 01-7/47
Мектепке чейинки билим мекемесине ат ыйгаруу жөнүндө
Айылдык кеңештин социалдык, билим берүү, саламаттык сактоо жана маданият маселелери боюнча комиссиясынын төрагасы А.Ашырованын Сокулук айылынын Калинин көчөсү №69а дарегинде жайгашкан бала бакчага ат ыйгаруу боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик маанидеги объекттерге ат берүү жана атын өзгөртүү тартиби жөнүндө” Жобосун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-марты №159 токтомун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамына жана 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Сары-Өзөн айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сокулук районунун Сары-Өзөн айыл аймагынын Сокулук айылында Калинин көчөсү №69а дарегинде жайгашкан мектепке чейинки билим мекемесине (бала бакчага) “Ак Шоола” аты ыйгарылсын.
2. Мектепке чейинки билим мекемесине ат ыйгарууга байланышкан бардык чыгымдар жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылансын.
3. Бул токтом каттоого алынып, Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Э.Бектемировго тапшырылсын.
Төраганын орун басары
М.Р.Акчалов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы № 159 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-майындагы № 244 "Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү…Постановление · 22.03.2023 · № 159
- КР Өкмөтүнүн токтому 2008-жылдын 19-августу № 467 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо…Постановление · 19.08.2008 · № 467 · Күчүн жоготкон