Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-майындагы № 244 „Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы комиссия жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 22-марты № 159 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-майындагы № 244 "Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы комиссия жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин, илим жана маданият ишмерлеринин, Кыргыз Республикасынын түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон башка адамдардын, баатырдык көрсөткөн адамдардын, чет өлкөлүк жарандардын, маданият жана искусство чыгармаларынын эпикалык, фольклордук, башка каармандарынын элесин түбөлүккө калтыруу жол-жоболорун тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-майындагы № 244 "Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы комиссия жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын:
"2-1. Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу жөнүндө чечим кабыл алууда колдонулуучу тандоо критерийлери 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.";
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы комиссия жөнүндө жободо:
- 11-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11. Элесин түбөлүккө калтыруу боюнча маселелер Комиссия тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын сунушу боюнча жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өтүнүч каттары боюнча каралат.";
- 15-пункттун алтынчы абзацы "ишмерлердин аттарын физика-географиялык объекттерге," деген сөздөрдөн кийин "административдик-аймактык бирдиктерге, айылдарга," деген сөздөр менен толукталсын;
- 16-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"16. Комиссия өз чечимдерин кабыл алууда төмөнкүлөрдү эске алууга тийиш:
- "Кыргыз Республикасынын Баатыры" деген жогорку артыкчылык даражасы менен сыйланган адамдарды кошпогондо, көрүнүктүү ишмерлердин элесин түбөлүккө калтыруу алар каза болгондон тартып 5 (беш) жыл өткөндөн кийин ишке ашырылат;
- мурда башка ишмерлердин ысымын алып жүргөн объекттерге көрүнүктүү ишмерлердин ысымын берүүгө (кайра атоого) жол берилбейт;
- бир эле көрүнүктүү ишмердин ысымын бир администрациялык-аймактык бирдиктин чегинде жайгашкан бир нече бир типтүү объекттерге берүүгө жол берилбейт;
- 15-пункттун экинчи абзацында көрсөтүлгөн формада көрүнүктүү ишмерлердин элесин түбөлүккө калтырууга, эгерде бул монументалдык даңазалоо боюнча чараларда каралбаса жана калктуу конуштун шаар куруу планы менен макулдашылбаса жол берилбейт.";
3) токтом ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда 3-тиркеме менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы менен биргеликте 2023-жылдын 1-октябрына чейинки мөөнөттө 2024-2030-жылдарга мамлекеттик жана коомдук ишмерлерди, илим жана маданият ишмерлерин, Кыргыз Республикасынын түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон башка адамдарды, баатырдык көрсөткөн адамдарды, чет өлкөлүк жарандарды, маданият жана искусство чыгармаларынын эпикалык, фольклордук, башка каармандарын монументалдык даңазалоонун республикалык планын бекитүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына киргизсин;
- үч айдын ичинде Эстеликтерди, стелаларды, обелисктерди, мемориалдык такталарды, башка мемориалдык курулмаларды жана объекттерди долбоорлоо жана орнотуу эрежелери жөнүндө жобону бекитүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы комиссия ушул токтомдун 2-пункту аткарылганга чейин эстелик белгилерин орнотуу, ошондой эле элеси түбөлүккө калтырылып жаткан көрүнүктүү ишмерлердин ысымдарын ыйгаруу формасында элесин түбөлүккө калтыруу жөнүндө өтүнүчтөрдү кароо жол-жобосун токтотуп турсун.
4. Министрликтер жана ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Жапаров
"3-тиркеме
Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу жөнүндө чечим кабыл алууда колдонулуучу тандоо КРИТЕРИЙЛЕРИ
1. Бул Тандоо критерийлери төмөнкүдөй максаттарда иштелип чыкты:
- Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу маселелерине бирдиктүү мамилелерди калыптандыруу жана ишке ашыруу;
- көрүнүктүү ишмерлер, баатырлар жана эсте каларлык тарыхый окуялар жана даталар жөнүндө жамааттык эскерүүлөрдү калыптандыруу;
- өсүп келе жаткан муунду тарбиялоо;
- көрүнүктүү ишмерлердин, баатырлардын жана тарыхый окуялардын мисалында Кыргыз Республикасынын калкында салттуу руханий-адеп-ахлактык жана жалпы адамзаттык баалуулуктарды калыптандыруу.
2. Ушул Тандоо критерийлери Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы комиссия (мындан ары - Комиссия) тарабынан төмөнкүлөрдүн элесин түбөлүккө калтыруу жөнүндө чечим кабыл алууда колдонулат:
1) мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин;
2) илим жана маданият ишмерлеринин;
3) Кыргыз Республикасынын түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон башка адамдардын;
4) баатырдык көрсөткөн адамдардын;
5) көрүнүктүү эл аралык ишмерлердин;
6) маданият жана искусство чыгармаларынын эпикалык, фольклордук, башка каармандарынын;
7) эсте каларлык тарыхый окуялардын жана даталардын.
3. Бул Тандоо критерийлеринде төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) мамлекеттик ишмер - өлкөнү башкарууга катышкан жана саясий, экономикалык, социалдык жана маданият чөйрөсүн өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкон же кризистик көрүнүштөрдү жеңүүгө мүмкүндүк берген жана узак убакыт бою натыйжалуу иштеген өлкөнү же анын айрым институттарын башкаруу системасын түзгөн адам;
2) илим ишмери - ата мекендик жана дүйнөлүк илимди өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкон, илимий ачылыш жасаган же болбосо ачылышка көмөк көрсөткөн изилдөөлөрдү жүргүзгөн жаран;
3) маданият ишмери - ата мекендик жана дүйнөлүк маданиятты жана искусствону өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкон жана өлкөнүн позитивдүү маданий жана этикалык образын калыптандырууга көмөк көрсөткөн жаран;
4) чет өлкөлүк жаран - мамлекеттик, коомдук ишмер, илим жана маданият ишмери, Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган, өз мамлекетинин же бүткүл дүйнөнүн түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон, көп сандагы адамдарды сактап калууга мүмкүндүк берген баатырдык көрсөткөн башка адам;
5) эсте каларлык тарыхый окуя - өлкөнүн аймагында болгон жана анын калкынын жашоосунда түпкү саясий жана социалдык-экономикалык өзгөрүүлөргө алып келген чыныгы окуя;
6) өлкөнүн түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон адам - өзүнүн иши менен өлкөнү, өзү иштеген тармакты же болбосо регионду узак мөөнөттүү жана натыйжалуу өнүктүрүү үчүн шарттарды түзгөн жаран;
7) баатырдык көрсөткөн адам - өзүнүн иш-аракеттери менен адам курмандыктарына же болбосо аймактын жана калктын же өзүнчө региондун катастрофалык зыянга учурашына алып келиши мүмкүн болгон окуяларды алдын алган же минималдаштырган жаран;
8) коомдук ишмер - бийликтик ыйгарым укуктары болбостон өлкөнүн өнүгүшүнүн жүрүшүнө таасирин тийгизген, кандайдыр бир коомдук-саясий көрүнүштөрдүн жана институттардын негизин түптөгөн же болбосо бул көрүнүштөрдүн жана институттардын ишине олуттуу таасирин тийгизген жаран;
9) маданият жана искусство чыгармаларынын эпикалык, фольклордук, башка каарманы - өлкөнүн же анын өзүнчө регионунун калкынын руханий, маданий жана коомдук-саясий өнүгүшүнө олуттуу таасирин тийгизген каарман.
4. Комиссия Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу маселелерин кароодо төмөнкүдөй базалык критерийлерди жетекчиликке алууга тийиш:
1) өлкөнүн же болбосо өзүнчө региондун тарыхындагы окуянын, инсандын же баатырдын маанилүүлүгүн;
2) өлкө же болбосо өзүнчө регион үчүн окуянын, инсандын же баатырдын маанилүүлүгү жөнүндө коомдук консенсустун болушун;
3) инсандын анын иш чөйрөсүндө расмий таанылган жетишкендиктеринин болушун;
4) тарыхый окуянын маанилүүлүгүн, инсандын өлкөнүн же өзүнчө региондун алдында белгилүү бир иш чөйрөсүндө сиңирген эмгегин, баатырдык иш-аракетин ырастаган тарыхый-архивдик жана сыйлоо документтеринин болушун;
5) маданият жана искусство чыгармаларынын эпикалык, фольклордук, башка каарманынын өлкөнүн же өзүнчө региондун калкына талашсыз руханий жана маданий таасирин;
6) өлкөнүн административдик-аймактык бирдиктеринин үчтөн экисинен көбүнүн калкынын жашоосуна узак мөөнөттүү, натыйжалуу таасирин;
7) окуяда, инсанда же баатырда экстремизмдин, ксенофобиянын, гендердик теңсиздикке, социалдык азчылыктардан артыкчылыкка умтулуунун, ошондой эле диктатуранын, укуктарды жана эркиндиктерди басуунун, улутчулдуктун оң культун түзүүгө, багытталган аракеттердин жоктугун.
5. Комиссия көрүнүктүү ишмерлердин элесин түбөлүккө калтыруу маселелерин кароодо төмөнкүдөй кошумча критерийлерди көңүлгө алат:
1) "Кыргыз Республикасынын Баатыры" деген жогорку артыкчылык даражасынын болушун;
2) I даражадагы "Манас" орденинин болушун;
3) "Советтер Союзунун Баатыры", "Социалисттик Эмгектин Баатыры" наамдарынын болушун;
4) илим, техника, маданият, искусство, адабият жаатындагы престиждүү эл аралык сыйлыктардын болушун;
5) биринчи категориядагы бир нече мамлекеттик сыйлыктардын болушун;
6) биринчи жана экинчи категориялардагы бир нече мамлекеттик сыйлыктардын болушун;
7) биринчи, экинчи категориялардагы бир нече мамлекеттик сыйлыктардын жана биринчи категориядагы Кыргыз Республикасынын ардак наамынын болушун;
8) инсандын элесин түбөлүккө калтыруу пландалган калктуу конуштун аймагында 5 жылдан кем эмес жашагандыгын.
6. Комиссия өлкөнү коргоодо каза болгон жарандардын элесин түбөлүккө калтыруу маселелерин кароодо төмөнкүдөй кошумча критерийлерди жетекчиликке алышы мүмкүн:
- жаран согуштук аракеттердин жүрүшүндө каза болгон;
- жаран Кыргыз Республикасын коргоо боюнча күжүрмөн милдеттерди же кызматтык милдеттерди аткарууда каза болгон.
7. Комиссия маданият жана искусство чыгармаларынын эпикалык, фольклордук, башка каармандарынын элесин түбөлүккө калтыруу маселелерин кароодо төмөнкүдөй кошумча критерийлерди жетекчиликке алышы мүмкүн:
1) каарман менен өлкөнүн ортосунда туруктуу ассоциациянын болушун;
2) каарманда жана анын иш-аракеттеринде туруктуу позитивдүү коннотациянын болушун;
3) жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернетте жана инсандар аралык баарлашууда маданият жана искусство чыгармаларынын бат-бат цитаталанышын;
4) спектаклдер, кино жана мультипликациялык фильмдер жана чыгармачылыктын башка формалары аркылуу маданият жана искусство чыгармаларынын бат-бат көрсөтүлүшү.
8. Комиссия чет мамлекеттердин көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу маселелерин кароодо төмөнкүдөй кошумча критерийлерди жетекчиликке алышы мүмкүн:
1) Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин сунуштамаларын;
2) жарандарынын элесин түбөлүккө калтыруу сунушталган өлкөлөрдөгү Кыргыз Республикасынын элчиликтеринин сунуштамаларын;
3) ушул Тандоо критерийлеринин 3-6-пункттарында көрсөтүлгөн критерийлерди.".
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 21 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (21)
- Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы комиссия жөнүндө ЖОБО (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын…Положение · 06.05.2013 · № 244
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-майындагы № 244 "Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы комиссия…Постановление · 06.05.2013 · № 244
- З.Кайназарова атындагы айыл аймагынын айылдык кеӊешинин 2025-жылдын 18-мартындагы № 3/2 "Билим берүү мекемесине ат ыйгаруу жөнүндө" токтомуПостановление · 18.03.2025 · № 3/2
- З.Кайназарова атындагы айыл аймагынын айылдык кеӊешинин 2025-жылдын 2-апрелиндеги № 4/5 "Мектепке чейинки билим мекемесине ат ыйгаруу жөнүндө" токтомуПостановление · 02.04.2025 · № 4/5
- Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2025-жыл 20-марты № 01-7/17 "Билим берүү мекемесине ат ыйгаруу жөнүндө" токтомуПостановление · 20.03.2025 · № 01-7/17
- Гавриловка айылдык аймагынын Гавриловка айылдык кеңешинин 2025-жылдын 14-мартындагы № 4/29 "Гавриловка мектеп комплексине Токтогул Сатылгановдун ысымын ыйгаруу жөнүңдө" токтомуПостановление · 14.03.2025 · № 4/29
- Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2024-жылдын 29-августу № 01-7/47 "Мектепке чейинки билим мекемесине ат ыйгаруу жөнүндө" токтомуПостановление · 29.08.2024 · № 01-7/47
- Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2024-жылдын 29-августу № 01-7/46 "Билим берүү мекемесине ат ыйгаруу жөнүндө" токтомуПостановление · 29.08.2024 · № 01-7/46
- Ала-Тоо айылдык кеңешинин 2025-жылдын 16-сентябрындагы №4 "Ала-Тоо айыл аймагынын Кайрагач айылында жайгашкан жаңыдан курулган 275 орундуу №133 негизги мектебине ысым ыйгаруу…Постановление · 16.09.2025 · № 4
- Ала-Тоо айылдык кеңешинин 2025-жылдын 16-сентябрындагы №7 "Ала-Тоо айыл аймагынын Кашкар-Кыштак айылында жайгашкан 620 орундуу №122-орто мектебине ысым ыйгаруу жөнүндө" токтому.Постановление · 16.09.2025 · № 7
- Кожомкул айылдык кеңешинин 2025-жылдын 20-августундагы № 01-5/35 " Военно-Антоновка мектеп-гимназиясынын атын өзгөртүү" токтомуПостановление · 20.08.2025 · № 01-5/35
- Алтын-Бешик айылдык кенешинин 2025-жылдын 22-декабрындагы №68 "Алтын-Бешик айыл аймагына караштуу Таян орто мектебине ысым ыйгаруу жөнүндө" токтомуПостановление · 22.12.2025 · № 68
- Алтын-Бешик айылдык кенешинин 2025-жылдын 22-декабрындагы №69 "Алтын-Бешик айыл аймагына караштуу Кыштут орто мектебине ысым ыйгаруу жөнүндө" токтому.Постановление · 22.12.2025 · № 69
- Алтын-Бешик айылдык кенешинин 2025-жылдын 22-декабрындагы №70 "Алтын-Бешик айыл аймагына караштуу Газ орто мектебине ысым ыйгаруу жөнүндө" токтому.Постановление · 22.12.2025 · № 70
- Ак-Сай айылдык кенешинин 2026-жылдын 13-февралындагы №39 "Ак-Сай айыл аймагына караштуу Миң-Булак жалпы негизги билим берүү мектебине ысым ыйгаруу жөнүндө" токтомуПостановление · 13.02.2026 · № 39
- Кожомкул айылдык кеңешинин 2025-жылдын 13-ноябры № 01-5/52 "Военно-Антоновка жалпы билим берүү мектебин атын өзгөртүү" токтомуПостановление · 13.11.2025 · № 01-5/52
- Кожомкул айылдык кеңешинин 2025-жылдын 13-ноябры № 01-5/51 "Кожомкул айылындагы жалпы билим берүү орто мектебинин атын өзгөртүү жөнүндө" токтомуПостановление · 13.11.2025 · № 01-5/51
- Ак-Сай айылдык кенешинин 2026-жылдын 13-мартындагы №42 "Ак-Сай айыл аймагына караштуу Ак-Сай №106 ӨККБнө ысым ыйгаруу жөнүндө" токтомуПостановление · 13.03.2026 · № 42
- суу-Башы айылдык кенешинин 2026-жылдын 13-апрелиндеги №143 "“Бужун” жалпы билим берүү мектеби мекемесин кайра атоо жөнүндө" токтомуПостановление · 13.04.2026 · № 143
- Ак-Сай айылдык кенешинин 2026-жылдын 27-апрелиндеги №44 "Ак-Сай айыл аймагына караштуу Көк-Таш башталгыч жалпы билим берүү мектебине ысым ыйгаруу жөнүндө" токтомуПостановление · 27.04.2026 · № 44
21 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-майындагы № 244 "Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы комиссия…Постановление · 06.05.2013 · № 244
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122