Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин «КРАЭ-6, I бөлүм. Коммерциялык аба транспорту. Учактар. Аба кемелерин пайдалануу» Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин бекитүү жөнүндө» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ ЖАРАНДЫК АВИАЦИЯ МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ БУЙРУК
2025-жылдын 26-сентябрындагы № 03 «КРАЭ-6,I бөлүм. Коммерциялык аба транспорту. Учактар. Аба кемелерин пайдалануу» Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-марттагы № 115 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна ылайык, ошондой эле Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) стандарттары жана сунушталуучу тажрыйбасы менен максималдуу бирдейлигин камсыз кылуу максатында, буйрук кылам:
1. Тиркемеге ылайык, «Коммерциялык аба транспорту. Учактар. Аба кемелерин пайдалануу жөнүндө КРАЭ-6, I бөлүм» Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин мамлекеттик жана расмий тилдеринде бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигине:
- ушул буйрукту аткарууга кабыл алсын;
- күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн ушул буйрукту мамлекеттик жана расмий тилдерде кагаз жана электрондук түрдө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жөнөтсүн;
- катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде бул буйрук мамлекеттик жана расмий тилдерде «Эркин Тоо» газетасына жарыяласын.
3. Кыргыз Республиканын министрликтери, ведомстволору, жарандык авиация уюмдары жана окуу борборлору «Коммерциялык аба транспорту. Учактар. Аба кемелерин пайдалануу жөнүндө КРАЭ-6, I бөлүм» Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин аткарууга кабыл алсын.
4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине:
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2018-жылдын 10-сентябрындагы №6 буйругунун 1-пунктунун 2-абзацын «Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежелери АПКР-6. I бөлүм. "Коммерциялык аба транспорту. Учактар. Аба кемелерин эксплуатациялоо"жараксыз деп табуу сунушталсын.
5. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Директордун орун басары
К.Т. Төлөгөнов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик…Постановление · 03.03.2023 · № 115
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин 2018-жылдын 10-сентябрындагы №6 «6-КРАЭ. Аба кемелерин эксплуатациялоо. Учактар I-чи Бөлүк Коммерциялык аба транспорту»…Приказ · 10.09.2018 · № 6
- Кыргыз Республикасынын Авиациялык Эрежелери "КРАЭ-6. I бөлүм. Коммерциялык аба транспорту. Учактар. Аба кемелерин пайдалануу" (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине…Приложение · 26.09.2025 · № 03